Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 07.01.2022

ЕБ: АКШ - Орусия Украина боюнча чечимди Брюсселсиз кабыл албашы керек

Azattyk.org 

Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу чечимин АКШ менен Орусия Европа Биримдигинин катышуусу жок кабыл албашы керек. Бул тууралуу Париждеги басма сөз жыйынында Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен билдирди. Фон дер Ляйен Брюссел Киевге 6,5 млрд. доллардан ашык суммада жардам бергенин жана орус газы Европага Украина аркылуу өткөндүктөн бул өлкөдөгү тынчтыкка кызыкдар экенин белгиледи. Франциянын президенти Эммануэл Макрон бирдиктүү билдирүүдө Вашингтон менен Москванын сүйлөшүүлөрүн позитивдүү баалоого болорун кошумчалады. Читать дальше...

Кыргызстандын аскерлери Казакстанга жетти

Azattyk.org 

7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын аскерлери Алматы шаарына келип түштү. Аскерлер менен атайын техниканы Канттагы Орусиянын авиабазасынан Ил-76 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактар салып кетти. Коңшу өлкөгө Кыргызстандан 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барары кабарланган. Кыргыз аскерлери Казакстандын стратегиялык объектилерин кайтарып, коомдук тартипти калыбына келтирүүгө көмөктөшөт. Жогорку Кеңеш... Читать дальше...

Токаев ок атууга уруксат берди, кыргыз аскерлери аттанды

Azattyk.org 

Казакстандын жер-жерлеринде тынч митингдер токтой элек. Президент Токаев “террорчу” деп мүнөздөлгөн адамдарга ок атууга уруксат берди. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 150 аскерин Казакстанга жөнөтүү чечимин колдоду. Түркмөнстан четтеги жарандарын митингдерге катышпоого чакырды.

Казакстанда “бейпилдик күчтөрүнүн” ыйгарым укуктары кандай болот?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 7-январдагы кезексиз жыйынында кыргыз “бейпилдик күчтөрүн” Казакстанга жөнөтүү чечимин 69 добуш менен колдоду. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн өлкө аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимге ылайык, Кыргызстандан 150 аскер сегиз брондолгон техника жана 11 унаа менен барат. Парламентте Казакстанга жоокер жиберүү мамлекеттер аралык жамааттык келишимге... Читать дальше...

Ошто Иса пайгамбардын туулган күнү белгиленди

Azattyk.org 

7-январь Иса пайгамбардын туулган күнү. Аны Кыргызстандагы православдар дагы майрамдашты. Бишкек, Ош, Каракол баштаган шаарларда, айылдарда христиандар чиркөөлөргө, сыйынуу үйлөрүнө барып, өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн жасап жатышат. Ош шаарындагы христиандар Архангель Михаил православ чиркөөсүнө топтолушту.

Украина соту экс-президент Порошенконун мүлкүн камакка алды

Azattyk.org 

Украинада сот экс-президент Петро Порошенкого таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алды. Мындай чечимди Киевдин Печерск райондук соту 6-январда чыгарды. Соттун өкүмүнө Порошенкого мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз себеп болду. Адвокат Игорь Голован экс-президентке айып тагууда мыйзам бузулганын белгилеп, жогорку инстанцияга арызданарын билдирди. Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар... Читать дальше...

Глобалдык шарт жана дин таануу сабагынын мазмуну

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендүү өлкө болуунун арабасын тартууда бир топ кыйынчылыктарга кабылды. Суверендүү өлкө бир эле учурда толтура жүктү көтөрүп кетүүгө мажбур эле. Бул абалдан улам, табигый түрдө приоритеттүү саналган тармактарга маани берилип, калгандарына жетиштүү көңүл бура албай калды. Дал ушул көңүл чордонунда болбой калган тармактардын бири – өлкөнүн диний саясаты эле. Табият боштукту сүйбөйт эмеспи! Андыктан көңүл бурулбаган, өзү менен өзү калган жааттар туура эмес багытка кетип калуусу толук мүмкүн. Читать дальше...

"Кайран Жоробек, айран Жоробек..."

Azattyk.org 

Алым Токтомушевдин ага досу Жоробек Султаналиев тууралуу эскерме баяны мындан он беш жыл илгери жазылган. Кайталангыс талант тууралуу жападан-жалгыз эскерүү. Кыргыз ангемесинин классикасынан мына ушул даректүү баян тууралуу кеп кылабыз. Кандан, бектен тартынбаган акын Жоробек Султаналиев деген акын, жүргөн-турганы башкача бир талант билинбей өтүп кеткенин, анан унутулганын элдин көбү Алым Токтомушевдин эскерүүсүнөн, курбалдаш калемдеши тууралуу чынчыл баянынан кийин билди окшойт. Ал эми Жоробек Султаналиев эскериле турган... Читать дальше...



Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" билдирди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда телеканалдар жана интернет сайттар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку кырдаал боюнча маалымат берди. Анын кайрылуусунун тексти Акорданын сайтына да жарыяланды. Ал өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын", полициянын, Улуттук гвардиянын жана армиянын күчтөрү менен масштабдуу аракеттер жүрүп жатканын маалымдады. Жалпысынан кырдаал турукташып калганын, конституциялык мыйзамдуулук калыбына келип жатканын айтты. “Бирок, террорчулар... Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте кошумча 400 орун даярдалды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 7-январда коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарында вирус жуктургандар көбөйүп жаткандыктан кошумча 400 орун даярдалганын кабарлады. Анын айтымында, учурда бардык дары-дармектер, коргонуучу каражаттар жетиштүү. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөн бардык адамдар үчүн ПЧР-тесттин... Читать дальше...

Франция Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө “жылыш” бар экенин маалымдады

Azattyk.org 

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө оптимисттик маанай бар экенин маалымдап, бирок “убакыт да аяктап” баратканын билдирди. Бул тууралуу ал 7-январда маалымдады. “Макулдашууга жетише аларыбызга мурдагыдай эле ишенем. Акыркы күндөрү кайсы бир деңгээлде жылыштар болду. Бирок убакыт деген маанилүү нерсе, эгер биз тез арада келишимге келе албасак, андан ары сүйлөшө турган сөз калбайт”,-деди ал BFM TV жана RMC Radio басылмаларына. Венада 27-декабрда... Читать дальше...

ДССУ “омикрон” штаммынын жаңы толкуну тууралуу эскертти

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун “омикрон” штаммы “дельта” штаммына караганда азыраак оору козгой турганын маалымдап, бирок аны “жеңилдердин” категориясында карабаш керектигин эскертти. Уюмдун клиникалык бөлүмүнүн жетекчиси Жанет Диас 6-январда Женевадагы брифингде кабарлагандай, изилдөөлөр “омикрон” вариантынын ооруканаларга күч келтирүү тобокелчилиги азайып жатканын көрсөтөт.  “Бирок ошол эле маалда “омикрондун” бейтаптардын абалын оорлоштуруп, өлүмгө да алып келет”,-деп... Читать дальше...

Казакстандын ИИМи: 26 “куралдуу адам” өлтүрүлдү, 3 миң адам кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдады. Бул тууралуу 7-январда “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Кабарларга караганда, күч түзүмдөрү жалпы үч миңдей адамды кармады. ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон. Бийлик “бузуку топтор”, “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонгону менен алар тууралуу кеңири маалымат айта элек. Читать дальше...

Султанбаев: Кыргызстанда азык-түлүк жана күйүүчү май жетиштүү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз-казак чек араларынын жабылышына байланыштуу тынчсызданууга негиз жок экенин белгилеп, өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү, майлоочу май жетиштүү экенин билдирди. Султанбаев тараткан билдирүүдө, жарандарды азык-түлүктүн таңкыстыгы жана кымбатташына сарсанаа болбоого чакырат. Анын айтымында, дипломатиялык линия аркылуу эки өлкө чек ара бекеттерин эртерээк ачууга аракет кылууда. Казакстанда коомдук-социалдык абал толук... Читать дальше...

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы беш бекетти жапты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-январда казак тараптын демилгеси менен Чүйдөгү “Кордай” ( “Ак-Жол”), “Карасу” (“Ак-Тилек”) жана Ысык-Көлдөгү “Кеген” (“Каркыра”) чек ара бекеттери жабылды. Казак тарап чек ара бекеттеринин убактылуу жабылуусун Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей калганы менен байланыштырды. Буга чейин “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганы маалымдалган. Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда... Читать дальше...

Украина: экс-президенттин мал-мүлкү камакка алынды

Azattyk.org 

Украинада сот экс-президент Петро Порошенкого таандык делген бардык мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдагы президент, Жогорку Раданын “Европалык тилектештик” блогунун башчысы Петро Порошенко мамлекетке чыккынчылык сыяктуу оор кылмыштарга айыпталып, иш козголгон. Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кетип, бирок мекенине кайрылып келерин билдирген болчу. Мыйзам бузуу менен коштолгон мүлктөрдү камоо Киев шаарындагы Печерск райондук соту 6-январь күнү Украинанын экс-президенти Петро Порошенкого... Читать дальше...

Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен сүйлөштү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөшүп, Казакстандагы абалды жөнгө салууга багытталган уюмдун алкагындагы чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап, макулдук берди. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду. Жамааттык коопсуздук... Читать дальше...

Түркия Казакстанга аба каттамдарын токтотту

Azattyk.org 

"Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы Түркиядан Казакстандын Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларына 9-январга чейин рейстерди токтотту. Бул тууралуу 7-январда мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлады. Учурда Стамбул аэропортунда жүздөгөн казакстандык жүргүнчү кармалып турганы кабарланды. Алардын арасында жаш балдар жана кары кишилер бар экени айтылууда. Казакстандык "Эйр Астана" компаниясынын да Түркия - Казакстан каттамы боюнча рейстери токтогон. Ал эми Стамбул - Чымкент каттамы кадимки тартипте иштеп жатат. Читать дальше...

“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды. Бул тууралуу 7-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, аталган бекеттер жолоочулар жана жүктөр үчүн толук жабылды. Чек ара кызматы 7-январда эртең менен казак тараптын демилегси менен кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганын маалымдаган. Читать дальше...

Новости России
Москва

«Регионы России – инвестиционный рай для коворкингов»: экспертное мнение Сергея Потанина, основателя сети коворкингов BLOKS


Жогорку Кеңеш кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макулдук берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап, макулдук берди. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жыйындан чыгып журналисттерге мындай жооп берди. “Президентибиздин сунушу каралды. Казакстан мамлекетине ЖККУнун чечимине ылайык, биздин аскерлерди киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш чечим чыгарды. Аскерлердин жөнөп кетишин, убактысын, шартын эми карап чыгабыз”, - деди Ташиев. Читать дальше...

Токаев “конституциялык түзүлүш калыбына келгенин" билдирди

Azattyk.org 

7-январда эртең мененки саат 7де Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Акордонун сайты маалымдады. Жыйынга президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышкан. “Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилди. Жергиликтүү бийлик кырдаалга көз салып турат. Бирок террористтер дагы эле курал колдонуп, карапайым элге зыян келтирүүдө. Андыктан согушкерлер... Читать дальше...

Парламент кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин жабык кароого өттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин жабык кароого өттү. Ачык башталган жыйында айрым депутаттар кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүдө жоопкерчилик маселесин көтөрүштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселеде депуттарды пиар жасабоого чакырды. Жыйынтыгында депутаттар жыйында ар кандай сөздөр айтылаарын жүйө кылып, жабык өткөрүүнү колдошту. Читать дальше...

Президент Жапаров православдарды майрамы менен куттуктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу президенттин сайтында жарыяланды. Анда Жапаров бул майрам православдардын ыйык майрамдарынын бири экени, боорукердик, жаркын ойлорду, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана коомчулуктагы сый урматты чакырарын белгилеген. Бүгүн, 7-январда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт. Бул... Читать дальше...

Бишкекте кайра шайлоо: "Баарына каршыны" ким жеңет?

Azattyk.org 

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 19 адамга жетти. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, азырынча эки шайлоо округунун биринен 11, экинчисинен сегиз адам талапкер болууну көздөп турат. Бул округдарда кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 27-январда аяктайт. Бишкектеги эки мандатты мелжегендер 19га жетти Алардын арасында Биринчи май округунда мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков... Читать дальше...

Ташиев: Казакстанда кыргыз аскерлерине ар кандай тобокелчиликтер болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган кыргыз жоокерлери ар кандай тобокелчиликке кабылыш мүмкүн экенин айтты. Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, тынч эмес абалдагы өлкөдө кепилдик жок экенин ачык айтуу керектигин белгиледи. “Абал оңой эмес, оор болуп турат. Кайсы бир деңгээлде тобокелчилик болуп жатышы мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт, муну ачык айтыш керек. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?






Сергунина: в текущем году в Москве появятся еще 24 площадки для выгула собак

Восемь дорог закроют в мае из-за ремонта сетей в Екатеринбурге. СПИСОК

В Москве мотоциклист облил бензином и поджег Volkswagen бывшей жены

Голенков прокомментировал победу «Ростова» над «Уралом»