Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Ошто Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыгышты

0
Ошто Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыгышты

Ош шаарынын борбордук аянтында оппозициялык саясатчы, камактагы Бакытбек Калмаматовду 50дөн ашык тарапкери чогулду.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, алар  Калмаматовдун бейкүнөө камалганын айтышып, аны бошотууну талап кылууда. Чогулгандар “Боштондук!”, “Калмаматовду колдойбуз, коргойбуз!” деген жазууларды көтөрүп турушат.

Ушундай өтүнүч менен президентке, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисине кайрылышты.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду УКМК "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган.

22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган саясатчы өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө.(DU)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко






Посол Нидерландов Хиллес  Плух завершил миссию в России

Из России запустят больше рейсов на Кубу

105 лет назад Красная армия остановила войска адмирала Колчака

Суд оправдал журналиста, раскрывшего тайну схождения Благодатного огня