Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Мурдагы чех аскери Донбасстагы жикчилдерди колдогону үчүн 21 жылга кесилди

0
Мурдагы чех аскери Донбасстагы жикчилдерди колдогону үчүн 21 жылга кесилди

Чехиянын Прага шаардык соту Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди колдоп согуштук аракеттерге катышкан чех армиясынын мурдагы кызматкери Мартин Сукупту 21 жылга сыртынан кести. Ал террордук ишмердүүлүккө байланыштуу беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттун мындай өкүмү 4-январда чыккан. Ал азыр толук күчүнө кире элек, соттолуучунун адвокаттары анын күнөөсү далилденбегенин билдирип, апелляциялык арыз даярдап жатат.

Novinky.cz басылмасы кабарлагандай, 49 жаштагы Сукуп Украинадан кайтып келген эмес. Соттук коллегиянын өкүлү Сильвия Слепичкованын айтымында, Сукуптун күнөөсүн күбөлөр, анын өзүнүн социалдык тармактардагы сүрөттөрү, видеолору жана билдирүүлөрү бекемдеп жатат. Слепичкова ага берилген мөөнөттүн көптүгүн Мартин Сукуп чех армиясында үйрөнгөн тажрыйбасын Донбасстагы согуштук аракеттерге колдонгону менен байланыштырды.

Соттун материалдарында көрсөтүлгкөндөй, Сукуп Украинага 2014-жылы эле кеткен жана ошондон бери өзүн-өзү жарыялап жиберген “Донецк Элдик Республикасын” түзгөн жикчилдер тарапта согушуп келет. Алгач ал танктык бөлүмдү башкарган, кийинчерээк артиллериялык бөлүктү башкара баштаган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Праганын соту “Донбасстагы террордук топко” катышкандыгы үчүн Чехиянын башка бир жараны Иржи Урбанекти 20 жылга кескен. Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, Урбанек да “ДЭРдин” жикчилдери тарапта согушкан.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свентек выиграла титул WTA в Мадриде






В условиях непогоды аэропорты Москвы работают штатно

Начнёт ли Путин чистку элиты после инаугурации, рассказал Хазин

Во Владивостоке суд арестовал американского военного за избиение женщины и кражу

В Обнинске поезд насмерть сбил восьмиклассницу