Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Кутманова: Караколдогу карагайларды инспекторлор текшерип келди

0
Кутманова: Караколдогу карагайларды инспекторлор текшерип келди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Каракол” тоо-лыжа базасында шаарча куруу тууралуу талкууларга жооп берди. Министр "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жазгандай,  шаарча салуу багытында экологиялык экспертизанын долбоору түшкөн эмес жана карагайларды кыюуга уруксат жок.

"Ал жерге министрликтин инспекторлору барып, текшерип келишти. Учурда эч кандай курулуш жүргөн жок", - деп жазды Кутманова.

Бир нече күн мурун "Каракол" паркында шаарча курулары, андагы салына турган коттеждер сатыла баштаганы Инстаграмдагы Karakol White Hills баракчасына жарыяланган. Бул маалымат социалдык түйүндөргө тарап, парктагы карагайлар кыйылат деген тынчсыздануу жаралган.

4-январда “Азаттык” радиосуна “Каракол” жаратылыш паркынын директору Туратбек Муратбек уулу Ысык-Көлдөгү тоо-лыжа базасында шаарча курууга уруксат берилбегенин, ал жерде бир да карагай кыйылбаганын билдирген. Анын айтымында, лыжа базасын иштеткен компания жерди парктан ижарага алган, ал эми коттеж шаарчасын курула турганын жарыялагандар ошол компания менен макулдашкан.

“Жеке башка бирөөлөр лыжа базасынан жерди пайдалануу укугун алышыптыр, "коттеж" салалы деп. Курулушка эч кандай уруксат жок. Эч кандай иш башталган эмес. Булар жөн эле долбоор экен. Ошону эле жарнама кылып жатышат”.

Каракол паркы 38 миң гектардай жерди ээлейт. Соңку жылдары эң популярдуу болуп келаткан лыжа базасын жеке компания парктан 2006-жылы ижарага алган жерде иштетип келет. Шаарча тууралуу илинген жарнамалар 4-январда алып салынды. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






«Я — американский товарищ!» Как десантник из США в Красной Армии сражался

Назначена дата суда над педиатром Буяновой

Путин официально вступил в должность президента и принес присягу народу России

Пашинян пригрозил отключить русское телевещание в Армении: Особое предупреждение в день инаугурации Путина