Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

NetBlocks: Казакстанда интернет чектелди

0
NetBlocks: Казакстанда интернет чектелди

Дүйнөлүк желенин абалына көз салган NetBlocks уюму Казакстанда интернет олуттуу деңгээлде чектөөгө дуушар болгонун билдирди. Уюмдун Твиттердеги баракчасына жарыяланган маалыматка ылайык, мындай чектөө Казакстандагы бир катар интернет провайдерлеринин, өзгөчө “Билайн” сыяктуу мобилдик түйүндөрдүн ишине таасирин тийгизди. NetBlocks белгилегендей, учурда чектөө дагы деле уланып жатат.

“Бул чектөө Казакстандын батышындагы Жаңы-Өзөн шаарында энергиянын баасынын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу дем алышта башталган акциялар кеңейип жаткан маалга туш келди”, - деп жазды NetBlocks коммерциялык эмес уюму.

Ага чейин Казакстандагы “Билайн” компаниясы чектөөлөр бар экенин Твиттер аркылуу ырастаган. Анда чектөөлөргө “компаниядан көз каранды болбогон жагдайлар” себеп болгонун белгиленген.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери да Алматы баштаган айрым шаарларда мобилдик интернет иштебей жатканын, социалдык тармактарга кирүүгө мүмкүн болбой жатканын айтышкан.

Казакстандын Маңгыстау облусунда жана Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер 2-январда башталган. Соңку эки күндөн бери бул митингдерди колдогон акциялар бир топ шаарларда өтүп, бийликтин кетишин , жашоо-шартты жакшыртуу жана башка талаптар айтылууда.

4-январда казак полициясы Нур-Султан, Алматы баштаган бир нече шаарда акцияга чыккан ондогон адамды кармады.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев газдын баасы 120 тендеген 50 теңгеге түшүрүлө турганын айтып, демонстранттарды “деструктивдүү күчтөрдүн чакырыгына алдырбоого” үндөдү.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






После поражения от Подмосковья со счётом 2:4 петербургская команда «СШ по шахматам и шашкам» занимает 7-е место после 6-го тура командного чемпионата России в Сочи

Найти золото Ивана Грозного. Что обнаружили археологи в центре столицы?

Директор школы Булаева: необходимость в репетиторах перед ЕГЭ снизилась

Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики