Тажикстан себебин эч түшүндүрбөстөн 50 кыргызстандыкты өлкөдөн чыгарып жибергенин 5-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 2-январда кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга Тажикстанда жашаган 47 кыргыз жараны өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат.
"4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны Тажикстандан чыгарылган" деп билдирди Чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева:
“Кыргызстандын жарандары Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал), Мургаб райондорунда жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунда мыйзамдуу негизде жашап жатышкан жана жашаган жеринде убактылуу каттоодо турушкан. Бирок 2-январда жана 4-январда тажик бийлиги себебин түшүндүрбөстөн жана туугандары менен коштошууга уруксат бербестен 24 саат ичинде Кыргызстандын 50 жаранын Тажикстандан чыгарып жиберди”.
Кыргыз жарандары чек арадагы “Карамык” жана “Бордөбө” бекеттери аркылуу өтүп келишкени белгилүү болду.
Тажик жарандыгынан чыгып, кыргыз жарандыгын алган этникалык кыргыздарды атайын күчтөрдүн коштоосунда автобус менен чыгаруу учурунда аялдарга жана кары-картаңдарга күч колдонулганын, телефонундагы видео-сүрөттөр өчүрүлгөнүн, эгер кайтып келе турган болсо жоопко тартылары эскертилгенин "Азаттыкка" 4-январда жеке булактар кабарлаган.
Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. (RK)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Росгвардейцы обеспечили охрану общественного порядка в День поселка Вербилки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Всегда на связи: проводная гарнитура Fstyler FH150U от A4Tech