Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Казакстандын ИИМи: 26 “куралдуу адам” өлтүрүлдү, 3 миң адам кармалды

0
Казакстандын ИИМи: 26 “куралдуу адам” өлтүрүлдү, 3 миң адам кармалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдады. Бул тууралуу 7-январда “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Кабарларга караганда, күч түзүмдөрү жалпы үч миңдей адамды кармады.

ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон.

Бийлик “бузуку топтор”, “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонгону менен алар тууралуу кеңири маалымат айта элек.

“Хабар 24” телеканалы ИИМге таянуу менен күч түзүмдөрү Алматы акимиатын, президенттик резиденцияны жана “Республика” аянтын көзөмөлгө алганын кабарлады. Ал эми “Азаттыктын” кабарчыларынын айтымында, Алматы шаардык акимиатынын имаратында өрттү өчүрүп жаткан адам байкалбайт.

7-январда эртең менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрүп, "өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилгенин" маалымдаган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. Митингчилер өздөрүн "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, социалдык начар абалга жана кымбатчылыкка нааразылык иретинде акцияга чыгышканын айтышты. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






В Люберцах временно изменят схемы движения автобусных маршрутов на 9 Мая

Генсек ООН направит Владимиру Путину письмо в связи с инаугурацией

Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики

Призовете духов смерти, уже веет могильником: никогда не храните эти красивые вещи в своем доме