Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Президент Жапаров православдарды майрамы менен куттуктады

0
Президент Жапаров православдарды майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосу президенттин сайтында жарыяланды.

Анда Жапаров бул майрам православдардын ыйык майрамдарынын бири экени, боорукердик, жаркын ойлорду, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана коомчулуктагы сый урматты чакырарын белгилеген.

Бүгүн, 7-январда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт. Бул күнгө байланыштуу Бишкек жана Кыргызстан орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епискобу Даниил куттуктоо видеосун жарыялады.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, католиктер Юлиан календары менен 25-декабрда өткөрүшөт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет. Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт. (TSh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






В Богородском появится торговый центр по городской ...

В новостройках Щелкова проверили работоспособность систем пожарной безопасности

На ВДНХ стартует предпраздничная программа мероприятий

"Беречь Россию и служить народу": Владимир Путин вступил в должность президента РФ