"Сыпатай баатыр" чек ара бекетинде казак жарандарын Кыргызстанга өткөрбөй жатышат
7-январь түнкү саат 10дон баштап кыргыз-казак чек арасындагы "Сыпатай баатыр" бекетинде казак жарандарын Кыргызстанга өткөрбөй жатышат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, буга чейин аталган бекетте эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес.
"Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандыктар "Казакстанга кайта кире аламбы?"деп сураганда, "кире албайсың" деген жооп болду. Айгүл деген Алматынын тургуну Түркияда операция жасатып келаткан кызын тосуп алуу үчүн Бишкектеги "Манас" аэропортуна баруусу керек экенин айтты. Аны да өткөрбөй коюшту. Шухрат деген казакстандык жаран Бишкекте иштейт экен. Аны да өткөрүшкөн жок",-деди "Азаттыктын" кабарчысы.
Бул маселенин чоо-жайын билүү үчүн журналисттер Улуттук коопсуздук кызматына кайрылганда, эч кандай жооп болгон эмес.
"Азаттыктын" Актөбө облусундагы кабарчысы Жанагүл Жүрсүн билдиргендей, Орусиянын Оренбург калаасы менен чек арасындагы "Жайсаң" бекети менен Орск калаасы менен чектешкен "Алимбет" бекети күчөтүлгөн тартипке өткөн. Чек ара кызматкерлери турат жана казак жарандары Орусия тарапка тоскоолдуксуз өтүүдө.