Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

0
Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелүүдө.

Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.

"Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыкынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган",- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Алматыда нааразылык жүрүштөрү курчуп кеткен учурда Масимов кызматынан алынган эле. Ушул маалда Алматыда "антитеррордук операция" башталганы кабарланган. Масимовдун ордуна Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Эрмек Сагимбаев дайындалганы белгилүү болду.

Масимов өлкөнун туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. 56 жаштагы Карим Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген. (AbA)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






Кечинов: «Пари НН» повезло, «Спартак» полностью владел инициативой»

Астрономы сообщили о лучшей ночи с 5 на 6 мая для наблюдения звездопада

6 мая: какой сегодня праздник, что было в этот день

Спасение спасающих: почему в Пермском крае массово увольняются сотрудники МЧС