Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Казакстандын ИИМи кармалгандар арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирди

0
Казакстандын ИИМи кармалгандар арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирди

Казакстандын ички иштер министрлиги полиция органдарына 4266 адам алынып келингенин, кармалгандар арасында башка өлкөнүн жарандары бар экенин маалымдады.

“Алматы облусунун бир айылынан 100дөн ашуун киши колго түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кошуна өлкөнүн жарандары кармалды”, - деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес.

Мындан сырткары ИИМ Алматынын Калкаман кичи районундагы автоунаа оңдоочу жайлардын биринен ок-дарылар жана уурдалган буюмдар (велосипед, телевизор, мобилдик телефондор), Жамбыл облусундагы калктуу конуштардын биринен жашырылган курал-жарак табылганын кабарлады.

7-январдагы кайрылуусунда президент Касым-Жомарт Токаев “Алматыга 20 миң согушкер” кол салганын билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдаган. Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" айтты.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атады.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери барды.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

ATP представила новые правила парного тенниса






Россияне рассказали о своем отношении к профсоюзам на работе

Коллекционер из Германии обнаружил в куске янтаря из Мьянмы осу возрастом 100 млн лет

Тюкавин назвал гол в ворота «Сочи» одним из лучших в карьере

Лавров: исход выборов в США не повлияет на их желание нанести поражение России