Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби боюнча маалымат берилди

0
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби боюнча маалымат берилди

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 8-январына карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди. Расмий маалыматка караганда, “Чалдыбар-автожол" (Кыргызстан) - "Сыпатай Баатыр-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштеп жатат:

Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыгып кете алышат;

Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына "Чалдыбар-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чектөөсүз кире алышат.

Ал эми "Ак-Жол-автожол" (Кыргызстан) - "Кордай-автожол" (Казакстан) бекети аркылуу Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Жол-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот. Бул өткөрүү жайынан жарандар жөө гана өтө алышат.

"Ак-Тилек-автожол" (Кыргызстан) - "Карасу-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандыгы бар оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Казакстандын аймагына "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу чыга алышат;

Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын айдоочулары Кыргызстанга "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

Талас облусундагы "Чоң-Капка автожол" (Кыргызстан) - "Айша-Биби-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен:

Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;

Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана мамлекеттик чек арадан штаттык режимде өткөрүлөт;

Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кире алышат;

Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары "Чоң-Капка автожол" өткөрүү жайы аркылуу кете алышат.

2022-жылдын 8-январга карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстан аймагы аркылуу башка мамлекеттерге транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды. Учурда чек арада жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны жок.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го






"Динамо" догнало "Краснодар" и "Зенит" в РПЛ

Мэр Москвы поздравил жителей столицы с Пасхой

В Москве обнаружили 82 артефакта XVI–XIX веков

Липовое свидание. Глухого парня избили за тягу к малолеткам