Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Абактагы адам оозун төөнөгөнү тууралуу маалымат ырасталган жок

0
Абактагы адам оозун төөнөгөнү тууралуу маалымат ырасталган жок

Жаза аткаруу кызматы Бишкекте айыпталуучу адам сот залында зым менен оозун төөнөгөнү тууралуу маалыматты четке какты. 15-январда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, айыпталуучу Талгат Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылган, бирок күзөт кызматкерлери ага жол беришкен эмес:

“Оозун тикпептир. Ачкачылык да жарыялабаптыр, тамак ичип жатыптыр. Сот залынан судьяга нааразылык билдирем деп аракет кылган экен”.

2020-жылдын 28-мартында Нарында бычакталган Алмаз Сулаймановдун (кылмыш чөйрөсүндө Лимонти деген каймана аты бар) өлүмүнө шектүү катары кармалган 26 жаштагы Талгат Шамиевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 14-январдагы отурумда судья аны камактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке кагып, абактагы бөгөт чарасын дагы эки айга узартканы үчүн Шамиев оозун төөнөөгө аракет кылып жаткан видеосу интернетте тараган. Ал нааразылык иретинде акчачылык жарыялаганы да маалымдалган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Гитлер в начале войны собирался применить химическое оружие

Собянин: В Москве будет увеличен объем высокотехнологичной медицинской помощи

Проезд в электричках до Москвы снова подорожает

Глава коллегии ЕЭК Сагинтаев: новое заседание ЕАЭС пройдет в зимой в Петербурге