Түркия туристтерге акы төлөп вакцина сайдырууга уруксат берди
Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө туруктуу жашоого уруксаты жок же чет өлкөдөн турист катары келген жарандар германиялык Pfizer/BionTech же кытайлык Sinovac вакцинасы менен эмдөөдөн өтсө болорун билдирди.
Эки доза вакцинанын акысы 30 доллардын тегерегинде экени кабарланды. Ошондой эле эки доза вакцина алган жаранга эл аралык сертификат берилет.
Негизинен Түркияда туруктуу жашоого уруксат алган ар бир чет өлкөлүк жаран коронавируска каршы акысыз вакцина алса болот. Калкынын дээрлик 84% вакцинанын эки дозасын сайдырган.
Жаңы жылдан бери жергиликтүү Turkovac вакцинасы да колдонула баштады.
Түркияда соңку күндөрү коронавирустун "Омикрон" штаммы тез жайылып жатканы айтылууда. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 14-январда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 67 857 кишиге жетти. 167 бейтап вирустан көз жумду.
Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, Түркияда вирустан өлгөндөр 82 361 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар 9,5 миллионго чукулдады. (ElB)