Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Алматыда дайынсыз болуп жаткан дагы бир кыргызстандык табылды

0
Алматыда дайынсыз болуп жаткан дагы бир кыргызстандык табылды

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктан кийин дайыны чыкпай жаткан дагы бир кыргызстандык, Алтынбек Сүйүнбек уулу 21-январда табылды. Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов ырастады. Анын айтымында, дайыны жаңы чыккан кыргызстандык жаран Алматыда сабалып Кыргызстанга алып келинген Чолпонбек Сыдыков менен чогуу бир таксиде болгон.

"Таксиде эки адам болгон. Муну 10дорунда бошотуп жиберишкен экен, ошондон кийин чакырган (Казакстанга - ред.) адамдардын үйүндө жатыптыр. Кечээ таптык, аны менен сүйлөштүк. Балдар барып кабар алып, апасы менен байланыштырдык. Абалы жакшы, бул жакта эле калып ишин улантмай болду. Ал Бишкектен 3-январда учуп келген. Досторунукунда туруп, 8инде кетем дегенде Сыдыков менен бирге болгон экен. Бүгүнкү маалымат боюнча дайынсыз болуп жаткан Кыргызстандын жарандары жок. Кыргызстандыктар митингге, талап-тоноолорго катышкан эмес", - деди Арипов.

Арипов буга чейин Алтынбек Сүйүнбек уулунун дайыны чыкпай жатканын айтып анын жакындары кайрылышканын кошумчалады.

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен жеткирилип, 4-ооруканага жаткырылды. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов 11 күндөн кийин дайыны чыккан Сыдыков 8-январда Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген. Ал катуу токмоктолуп, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон.

Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары чыкты. Каза болгондор экөө.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






В Москве задержали двух мужчин, которые подрались и устроили стрельбу у кафе

Сергунина рассказала о программе в честь Дня Победы на фестивале «Московская весна»

Еще 2 новых рентгеноаппарата заработали в Шаховской и округе Пушкинский

В Подмосковье отремонтировано 222 фасада МКД с начала 2024 г