Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Акылбек Жапаров Жерүй кенине барды

0
Акылбек Жапаров Жерүй кенине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  жумушчу сапарынын алкагында Таластагы Жерүй кенине барды. Бул тууралуу 22-январда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Расмий маалыматка караганда, ушул эле күнү өкмөт башчы Талас районунун Кум-Арык айылындагы "Йогонесдорф" магистралдык каналындагы тазалоо жана оңдоо иштери менен таанышты. Жапаров жазгы талаа жумуштарына даярдыкты өз учурунда жүргүзүүнү тапшырды.

"Йогонесдорф" магистралдык каналындагы оңдоо иштери 2021-жылдын ноябрь айында башталган. Учурда каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 3,5 кубометрге жетти, бул мурунку өткөрүү жөндөмдүүлүгүнөн 1,5 эсеге көп (ремонтко чейин секундасына 2 кубометр болгон) болуп саналат.

Кыргызстанда көлөмү боюнча Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турган, мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин учурунда лицензиясы колдон-колго өтүп келген Жерүй кенин азыр орусиялык ишкерлерге таандык "Альянс-Алтын" компаниясы иштетүүдө. Бирок кенди ачууга жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясы өткөн. Алар Кыргызстан бул ишканада үлүшү жок калганын жана экологияга зыяны канчалык экени тууралуу так маалымат берилбей жатканын жүйө келтирүүдө.

Алтын иштетүүчү комбинат 2021-жылы 17-мартта президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин катышуусунда ачылган​. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии

В МИД России рекомендовали россиянам учитывать риски при поездках в Мексику

Воробьёв возложил цветы к Могиле Неизвестного Солдата в Москве

Александр Лукашенко рассказал коллегам по ЕАЭС о неудачах и задачах Союза