Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Таласта COVID-19ду аныктоочу лаборатория ачылды

0
Таласта COVID-19ду аныктоочу лаборатория ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында COVID-19ду аныктоочу вирусологиялык лабораториянын ачылышына катышты.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта заманбап ПЧР-лаборатория алдыңкы жабдуулар менен камсыздалып, суткасына 800гө чейин анализди талдап чыгууга даяр экени айтылат.

Талас шаарынын тургундары жана лабораториянын кызматкерлери вирусологиялык лаборатория ишке берилгенден кийин COVID-19 инфекциясын аныктоо оңой болорун билдиришти. Буга чейин анализдер Бишкекке жөнөтүлүп турган. Жакын арада лабораториянын профили башка бир катар лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кеңейтилери белгиленди.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан билдиришкендей, соңку бир күн ичинде (22-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 791 адамдан жаңы аныкталды. Вакцина албаган үч бейтап каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (488 адам).

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада коронавирустун "омикрон" штаммы катталганын, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек "кызыл зонага" кирген. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






Германия отправила военных в Литву

Театры Приангарья подготовили ко Дню Победы онлайн-трансляциии

Мария Багреева: 3 тысячи ИТ-ипотек выдали в I квартале 2024 года в столице

Нурмагомедов нанесет первый удар по мячу в матче махачкалинского «Динамо»