Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Ташиев: Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп

0
Ташиев: Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына «Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп» деп жазды.

Атайын кызматтын жетекчиси «өзү жана жакындары эч качан элдин акчасын уурдабаганын» белгилеп, Temirov LIVE каналында чыккан иликтөөдөгү Байгазы Матисаков тууралуу мындай деди:

«Ал эми КПКнын ("Кыргыз Петролеум Компани") 2021-жылдын башынан бери жетекчиcи болуп иштеп жаткан Байгазы Матисаков менин жээним болот. Атасы жаш кезинде көз жумган, өз күчү менен Орусиядан окуп келди жана бул жигиттин кандай адам экенин элдин баары жакшы билет»

 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Ал иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналисттер эл аралык OCCRP уюмунун жардамы менен "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди алышкан. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Кийин "Регион ойл" компаниясынын жетекчиси Назгүл Айдарова ишкананын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин четке каккан. 

22-январда иликтөөчү журналист Болот Темировду милиция кеңсесинен кармап кетти. Ал өзүнүн кармалышын дал ушул иликтөө байланыштырган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы ыкчам тергөө иштери жүрүп жатканын билдирип, журналисттин кармалышы тууралуу толук маалымат кийин берилерин кошумчалады.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






СМИ: Власти хотят уничтожить Эстонскую Православную церковь

Фашизм не пройдет!

Александр Лукашенко рассказал коллегам по ЕАЭС о неудачах и задачах Союза

Воробьёв возложил цветы к Могиле Неизвестного Солдата в Москве