Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Болот Темиров: маңзатка анализдерим таза чыкты

0

Иликтөөчү журналист Болот Темиров маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын билдирди. Ал бул тууралуу күч кызматкерлеринин коштоосунда Наркоборбордон чыгып баратып "Азаттыктын" журналистине айтты.

"Баары таза чыкты", - деди Темиров.

Ал ошондой эле мындан ары суракка алып барышы мүмкүн экенин, бирок кайсы жакка баратышканын билбей турганын маалымдады.

 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

22-январда күч органдары кармап кеткен иликтөөчү журналист Болот Темиров милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Анын алдында адвокат Нурбек Токтакунов Темировдун үстүнөн "кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү" деп түшүндүрүшкөнүн айткан. Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка кирип келип, ал жердегилердин баарын жерге жаткырып, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнөн "белгисиз зат алып чыгышкан".

Temirov LIVE командасынын мүчөсү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кыл темада журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере






Путин проводит переговоры с Пашиняном

Москвичи из-за дороговизны массово поехали по регионам лечить зубы: из Москвы начался стоматологический туризм

Количество звонков россиянам от мошенников за год увеличилось в 1,5 раза

Опубликовано меню неформального обеда лидеров стран ЕАЭС после саммита в Кремле