Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Алматыда тополоңдо сабалган Сыдыковго операция жасалат

0

Казакстандын Алматы шаарындагы башаламандыктарда кармалып, катуу сабалган кыргызстандык жаран Чолпонбек Сыдыковго 1-2 күн ичинде операция жасалат. Бул тууралуу анын дарыгери, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун бөлүм башчысы Убайдилла Насиров "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Сыдыковдун сынган буттарына Казакстанда гипс гана салынган:

"20-январь күнү Алматы шаарынан "Тез жардам" менен алып келинген Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор болчу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Ал жерде бир күн жаткан соң, палатага чыгардык. Азыр абалы туруктуу орто абалда. Эки буту тең балтыр сөөгүнөн ачык түрдө сынган. Азыркы учурда абалы туруктуу, пландуу түрдө эки күндөн кийин операция жасалат. Эки бутуна тең атайын пластина коюлат. Баш мээси чайкалган, азыр дарыланып жатат. Сол жагынан үч кабыргасы сынган, өпкөгө коркунучу жок. Каны азыраак, калыбына келери менен операция жасалат".

Сыдыков 20-январда Бишкекке "Тез жардам" кызматы менен жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов 11 күндөн кийин дайыны чыккан Сыдыков 8-январда Бишкекке келе жатканда Алматынын чыга беришинде кармалганын билдирген. Ал катуу токмоктолуп, эки буту, кабыргасы сынганы белгилүү болгон.

Сыдыковдун жакындары ал Алматыга барып-келип, эмерек орнотуучу болуп иштеп жүргөндө күч кызматкерлери кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кеткенин жазышкан.

Казакстандын Бишкектеги консулу Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу 21-январда Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нота тапшырылды. ТИМ тараткан маалыматта кыргыз тарап бул окуянын адилет иликтенип, тергелиши, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышы, Сыдыковго кенемте төлөнүшү керектигин билдиргени айтылган.

Казакстандагы соңку окуялардан улам жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары бошотулду, эки жаран каза болду.

Расмий маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн тарыхындагы эң ири нааразылык жана тополоңдо кеминде 227 киши мерт болду. Анын 19у күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү. Бийлик каза тапкандардын канчасы жайкын тургундар, канчасы “террорчу” деп сыпатталган адамдар экенин так айта элек.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноолор, тоз-тополоң менен коштолгон. (КЕ/ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






Путин поблагодарил Рахмона за соболезнования в связи с терактом в «Крокусе»

Парад в честь 79-й годовщины Победы в Великой Отечественной войне начался в Москве

Захарова: Запад хочет вымарать РФ из числа победителей во Второй мировой войне

Путин и президенты других стран возложили цветы у Могилы Неизвестного Солдата