Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Депутат Сулайманов УКМКны журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырды

0
Депутат Сулайманов УКМКны журналисттердин коопсуздугун коргоого чакырды

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Альянс" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов коррупция менен күрөшкө жалпы коомчулук, журналисттерди да  тартууну сунуштады. 

"Акыркы күндөрү өлкөдө болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү журналисттердин иликтөөлөрү аркылуу бети ачылып жатат. Кыргызстандагы эң чоң байлыктын бири - сөз эркиндиги. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналисттердин иликтөөлөрүнө тоскоол болбой, тескерисинче кызматташуусу зарыл. УКМК журналисттердин коопсуздугуна чоң кепилдик берип, аларды коргоп турушу керек. Журналисттерди куугунтуктоо менен коррупцияны жеңүүгө мүмкүн эмес", - деди Сулайманов.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүшкөн.

Журналисттер жана активисттер, акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын коюшкандан кийин Болот Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде, төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыккан.

Бул окуялардын алдында Темиров жана анын командасы жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын аты аталган иликтөө жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Иликтөөдө айтылгандарды "жалаа" деп атаган. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Двенадцать казахстанских теннисистов поднялись в рейтинге ATP






Пискарёв назвал страхом реакцию ЕС и США на инаугурацию Путина

Оркестр сыграет под окном. Как встретит День Победы ветеран Жорес Артёмов

Названа стоимость самой дорогой вторичной квартиры в России

«С девочкой спасенной на руках»: как был воздвигнут памятник в Трептов-парке