Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Эрдоганга акаарат келтирген журналист камалды

0
Эрдоганга акаарат келтирген журналист камалды

Түркиядагы оппозициячыл журналист Седеф Кабаш президент Режеп Тайып Эрдоганга "акаарат келтирди" деген жүйө менен камакка алынды. Ал арада исламчыл активисттер поп-жанрындагы белгилүү ырчы Сезен Аксуга беш жыл мурда жазган ыры үчүн кысым көрсөтүп жатат. Эки белгилүү айымдын айланасындагы кызуу талкууну “бийликтин элди алаксытуу үчүн ойлоп тапкан саясаты” дегендер да бар.

15-январда Түркиянын Тele 1 каналынын эфиринде журналист жана медиа эксперт Седеф Кабаш президент Эрдогандын жүргүзүп жаткан саясатына макал менен баа берген.

"Таажы кийген башка акыл кирет" деген макал бар. Анткен менен көрүп жатабыз, бул чындык эмес экен. Ушунун эле тетири маанисинде дагы бир сөз бар: “Мал хансарайга кирсе, падыша боло албас, бирок хансарайды мал сарайга айлантат”. Тактап айтканда, тескери маанисин түшүндүрөт".

Журналисттин бул сөзүнөн кийин, 21-январда Түркиянын радио жана телеберүү кеңешинин төрагасы Эбубекир Шахин Кабашка карата териштирүү башталганын "Твиттерге" жазды.

 

22-январдын түнүндө түрк полициясы журналистти үйүнөн кармап кеткени белгилүү болду. Жекшембиде Стамбулдун Башкы прокуратурасы Седеф Кабашка кылмыш иши козголгонун билдирди.

Журналист соттун чечими менен тергөө абагына которулганын Кабаштын жактоочусу Угур Пойраз маалымдады.

Бул окуядан соң Түркиядагы оппозициячыл партиянын жетекчилери жана жарандык активисттер журналистти колдоп, кайрылууларын чыгара башташты. Ал эми бийликти жактаган топ Кабаштын жогорудагы сөзү журналистиканын этикасына такыр туура келбей турганын жана президентке акаарат келтиргенин айтып, сынга алышты.

Өткөн дүйшөмбүдө өлкөнүн Радио жана телеберүү кеңешинин чукул жыйынында Седеф Кабаш иштеген Тele 1 телеканалына чоң суммадагы айыппул салынганы, ал тургай аны жабуу тууралуу сөз болгону да кабарланды.

Президент Режеп Тайып Эрдоган мындан беш ай мурун өлкөдөгү сот реформасы тууралуу айтып жатып: "Жаңы жободо түн бир оокумда жөн гана көрсөтмө алуу үчүн үйүнөн, мейманканадан же аэропорттон кармап кетүү сыяктуу жараяндарды токтоттук",-деп жар салган.

Мамлекет башчынын бул сөзү оппозициячыл журналисттин түн ичинде үйүнөн колуна кишен салынып кармалышынан кийин кызуу талкууга алынып жатат. 

Түркиянын Юстиция министрлигинин 2020-жылдагы статистикасына ылайык, Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылы президенттик кызматка шайлангандан бери "президентке акаарат келтирүү" беренеси менен ачылган кылмыш иштердин саны 160 миңден ашкан. Ушул берене менен 3 625 жаран абакка кесилген. Түркиянын Жазык кодексинин 299-беренесине ылайык, президентке акаарат келтирген адам бир жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал арада Түркиянын таанымал ырчысы Сезен Аксу бийликчил активисттердин чабуулуна дуушар болууда. Беш жыл мурун жазган "Жашоо керемет" аттуу ырындагы "Миниптирбиз бир алааматка, баратабыз кыяматка, салам айткыла, айтылуу түркөй Обо эне менен Адам атага" деген саптарынан улам сындын бутасында калды.

Бул ыр тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган да пикирин билдирип, ырчыны айыптаган активисттердин аракетин кубаттады.

"Миң мазактоо бир тыйынга тете. Бирок мунун баарына каршы чыга турган силерсиңер. Адам атабызга эч ким акаарат келтире албайт. Керек болсо, ошол сайраган тилди жулуп алуу – биздин милдетибиз. Эч кимдин тили Обо энебизге жете албайт. Аларга чек коюу – биздин милдетибиз".

Сезен Аксу президенттин сөзүнө "Фейсбук" баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

"Белгилүү болгондой, башкы тема мен эмес, өлкө. Мага акыл киргенден бери адамдардын абалын байкап, аларды ыр менен айтып келем. Мен 47 жылдан бери ыр жазам, мындан ары да жаза берем".

Ал эми айрым бийликчил басылмалардын журналисттери жана активисттер дүйшөмбүдө "поп жылдыздын ыр саптары динге акаарат келтирип жатат" деген жүйө менен Стамбулдагы башкы прокуратурага арыз жазышканы маалым болду.

"Биз бүгүн "токтоткула" деп айтуу үчүн бул жерге чогулуп турабыз. Бир тарапта террорчулар, башка жакта ыйманыбызга сөз менен кол салууга аракет кылгандар бар. Акыры чыдагыс абалга кептелдик. Биз бул тенденцияны токтотуу үчүн келдик, алар эски адаттарынан баш тартышсын. Элибиз ойгонду, бизди кайра тизелете алышпайт. Сезан Аксу деген айымга каршы арыз жаздык", – деди “15-июль шейиттери жана ардагерлери” платформасынын төрагасы Эрол Булут.

Социалдык медиада Сезен Аксуну колдогон белгилүү инсандар да болду. Адабият боюнча Нобел сыйлыгын түрк дүйнөсүндөгү жазуучулардан биринчи болуп алган калемгер Орхан Памук ырчыны колдоп чыкты.

Ал жергиликтүү медиага берген маегинде: "Биз өнөр адамдарын эзген мамлекет же улут болбойбуз. Сезен Аксу – баарыбыздын сыймыгыбыз",- деди.

67 жаштагы Сезен Аксу түркиялыктардын сүймөнчүлүгүнө ээ эң белгилүү аткаруучу, акын жана обончу. Ал буга чейин 22 альбомун чыгарган.

Жергиликтүү серепчилер Түркияда чоң резонанс жараткан бул эки белгилүү аялдын тегерегиндеги окуялар элдин көңүлүн өлкөдөгү экономикалык жана саясий таңкыстыктан алаксытуунун бир амалы экенин, бийлик соңку жылдары сөз эркиндигин саясий курал катары колдонуп жатканын айтышат.

Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун былтыркы баяндамасында Түркиянын сөз эркиндиги боюнча рейтинги төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 153-орунду ээлеген. Дүйнөдөгү мыйзам үстөмдүгүнүн индексинде Түркия 139 өлкөнүн ичинде 117-орунда турат. Ал эми Freedom House уюмунун акыркы жылдагы “Интернет эркиндиги” баяндамасында Түркия “эркин эмес өлкөлөрдүн” катарына кирген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Межрегиональная ярмарка открылась в Лосиноостровском районе Москвы

Звезда «Приключений Буратино» призналась, какие проблемы ей принесла роль Алисы

Названы участки дорог с затрудненным движением в Москве 8 мая

США начали в Европе учения с участием пятью тысячами военных