Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

"Болот-гейт": айыптоо жана каралоо, бийликке айтылган сын

0

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарап жатат. Ошол эле маалда "журналисттерге, бейөкмөт уюмдарга каршы митинг өткөрүү чакырыгы" ташталууда. Жарандык коомдун өкүлдөрү бул иштерди укук коргоо органдары уюштурган деп эсептешет. Алар бийликти "ыңгайсыз адамдар менен күрөшүүнүн эски ыкмасына түштү" деп сынга алууда.

24-январда иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун иши боюнча ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүү жасады. Анда укук коргоо органдары түшкөн арыздын негизинде иш алып барганы, таанымал жарандардын ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күтпөгөнү айтылган.

"Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдыңкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт".

23-январда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, журналист менен төкмө акын маңзат ишине байланыштуу кармалганын билдирген.

"Бир-эки адам Болот Темировдун кеңсесинен ар дайым баңгизат таратылып жатат деп арыз жазат. Болот Назаров кеңсесинен алып чыгат деп айтат. Арыз жазылгандан кийин Ички иштер министрлиги карабай койгонго укугу жок, алар караш керек".

Жарандык коомдун өкүлдөрү атайын кызматтын башчысы, ички иштер министри сот чечими чыга электе эле журналист менен төкмөнү айыптап, мыйзам бузуп жатканын айтууда.

Медиа эксперт Айбек Турдалиевдин пикиринде, бийликке ыңгайсыз адамдар менен күрөшүүнүн ыкмасы өзгөрбөй жатат.

“Президент Баш мыйзам боюнча жарандардын жеке жашоосуна кийлигишүүсүнө каршы туруп, укуктарын коргош керек. Атайын кызматтын башчысы, ички иштер министри анын орун басары баш болуп сот чечими жок эле күнөөлүү катары айтып жатат. Соттун чечими жок күнөөлүү деп айтканга болбойт деген көз караш сакталыш керек эле. Бирок, биз тергөө кайсы багытта баратканын көрүп жатабыз. Сот эч качан эркин болгон эмес. Ошондуктан бул иш кандай бүтөрүн деле айтып койсок болот. Бийликке ыңгайсыз адамдарды каралоо технологиясы эч өзгөргөн жок. Адамды аңдуу, тыңшоо ишин укук коргоо органдарынан башка эч ким деле кылбайт. Алар жасаган видеолорду фейк фабрикалар активдүү таратып жатканын көрүп жатабыз. Журналист менен төкмө акындын камалышын сындаган адамдардын постторунун астына фейк аккаунттардан терс комментарийлер жапырт түшүп жатат.

"Бул жолу өтө ашыкча кетишти"

Ал тапта социалдык тармакта журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров тууралуу аудио, видео тасмалар тарай баштады. Аты-жөнү шектүү аккаунттар аркылуу таратылып жаткан тасмалар жашыруун жаздырылганын байкоого болот.

Журналист Болот Темиров “Азаттыкка” берген маегинде мунун артында укук коргоо органдары турат деген шектенүүсүн билдирди.

“Тараган видеодо менин жеке телефон сүйлөшүүмдү тыңшаганын билүүгө болот. Андан тышкары жашаган батириме видеобайкоо койгонун айтпадым беле, ошонун үнүн колдонуп жатышат. Бизден алган компьютерден документтерди чыгарып жатышат. Мен ушундай болорун билгем. Бирок биздин бийлик моралдык жактан ушунчалык ылдый түшкөнү оюма келген эмес”.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова журналист менен акындан айланасындагы окуяга токтолуп, укук коргоо органдарынын жарандарды тыңшап, аңдуусу көндүм ишке айланганын, акыркы учурда аша чаап баратышканын белгиледи.

“УКМК, ИИМ жашыруун ыкмаларды колдонуп жүрүшөт. Бирок бул жолу өтө ашыкча кетишти. Болот Темиров тууралуу чыгарган видеосунда айтылгандарда эч кандай кылмыш жок. Анын компьютерлерин алып кетишип, ичиндеги материалдарды чыгарып жатышат. 500 доллар дегенди 5000 доллар деп бурмалап, элдин башын айлантып жатпайбы. Андан тышкары жарандын жеке жашоо укугун одоно бузушууда. Демек, үйдө жөн-жай жүрө албай калат экенбиз да”.

Ошол эле учурда бул видеолордун ичиндеги маалыматтарга ишенгендер да бар. Алардын бири - президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Бактыгүл Иманбек кызы. Ал журналист менен акындын кыймыл-аракетин сынга алды.

“Мен биринчи видео чыкканда ишенген эмесмин. Бирок экинчи видео чыкканда ал Болот Назаров экени көрүнүп турбайбы. Менден кетти деп эле кечирим сурап коюш керек эле да. Анын ордуна ар кайсы жакка барып маек берип жүрөт. Ал видео тасманы мен биринчи чыгарган жокмун. “Адамдар арасында” деген баракчадан чыккан. Байкасаңар, ошол баракчадан көп жаңы маалыматтар таратылып жатат”.

ИИМ тиешеси жоктугун айтат

Ал эми Ички иштер министрлиги социалдык тармакта тарап жаткан видео тасмаларга эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп, эгер ал боюнча арыз түшсө, текшерилерин жарыялады.

Социалдык тармакта соңку окуялардан кийин ар кандай видеолор менен катар эле журналисттер менен бейөкмөт уюмдарга карата дагы агрессиялык маанайдагы пикирлер таратыла баштады. Анда айрымдар сын-пикирлерин калтырса, башкалары аларды өлкөдөн кууп чыгуу керек деген мыйзамсыз чакырыктарды таштап жатышат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов мындай комментарийлерге көз салып жатканын, мыйзам бузган аракеттер аныкталса чаралар көрүлөрүн билдирди.

“Социалдык түйүндөрдө кээ бири колдоп жатат, кээ бири чыккынчы деп жатат. Биз карап жатабыз. Чектен чыга турган болсо тиешелүү чараларды көрөбүз. Акыркы учурда ар кандай сөздөр жазылууда. Сөз эркиндиги болот, бирок ар бир адам, журналист жазган сөзүн караш керек”.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду Ички иштер министрлиги 22-январда кармаган. ИИМдин маалыматында алар маңзат сактоо жана жайылтууга шектүү экени айтылат.

Коомчулуктун кескин нааразычылыгы жана Бишкекте өткөн митингден кийин Темиров менен Назаров эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей






«Пул Первого» показал фотографию беседы Путина и Лукашенко в Кремле

Отделение «Почты России» в поселке ВНИИССОК отремонтируют в июне

Соотечественники в Португалии провели акцию «Бессмертный полк»

Пилоты "России" провели "Бессмертный полк" во время тренировочного полёта