Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспортоого убактылуу тыюу салынды

0
Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспортоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер кабинети дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу, алты айга тыюу салды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде кабыл алынды. Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы керек.

Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тиешелүү комитетине кабарлоо милдети жүктөлдү.

Экспортко тыюу салуу жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары-дармек ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Дарыканалардын саны 3200дөн көп. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






«Никому не позволим угрожать нам» — Путин выступил на Красной площади

Большой Веретенник

День Победы в Чебоксарах: какие бесплатные мероприятия пройдут в городе

Открытки военного времени. «…Ты знай, что я твой, что я жив и здоров»