Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин инфратүзүмүн жакшыртуу быйыл жазда башталат

0

Кыргызстан өз каражатына "Камбар-Ата 1" ГЭСинин инфратүзүмүн оңдоону быйыл жазында баштоону пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 1860 МВт. Техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) иштелип чыккан. ТЭО боюнча бул долбоор 2 млрд. 800 млн. долларга бааланган. Кошуна өлкөлөрдүн энергетиктери менен чогуу салабыз деген ниетибиз бар. Өлкө жетекчилери жолугушууда андай ниеттерин, ага даяр экенин айтышкан. Бирок донорлорго, кошону өлкөлөргө көрсөткөндө аны эсептөө боюнча суроолор жаралган. Ошондуктан быйыл өзүбүз инфротүзүмүн баштай берели деп жатабыз. Ал жакка жөө дагы бара албайсың, кайык менен гана барууга болот. Ошондуктан эң биринчи жол, көпүрө салыш керек", - деди министр.

Бекмурзаевдин белгилешинче, бул иштерге 18 млн. 900 миң доллар сарпталары эсептелген.

Жогорку Кеңеш борбор азиялык энергетикалык шакекчеде болгон авариянын себептери, кесепети жана алдын алуу иштерин талкуулап жатат.

25-январдагы кырсыкта Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында, Казакстанда жана Өзбекстанда жарык өчкөн. Үч өлкө тең Энергошакекчеден чыгып, электр энергиясын өз алдынча калыбына келтирүү аракеттерин көрүштү.

"Камбар-Ата 1" ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана "Камбар-Ата 1" боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.

Адистер "Камбар-Ата 1" курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу – 1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрө алат.

Буга чейин министр Доскул Бекмурзаев Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин ички ресурстардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын билдирген. Ал аталган ГЭСтин алгачкы агрегатын үч жыл аралыгында ишке киргизүүгө болорун айткан. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Путин встретился с Мирзиёевым в Москве

Несколько автомобилей столкнулись в Можайском районе

Гуцул и Шор возложили цветы к Могиле Неизвестного солдата в Москве

Победительницу "Диктанта Победы" из Томской области наградили в Москве