Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

0
ЖККУнун баш катчысы Кыргызстан менен Тажикстанды ок атышууну токтотууга чакырды

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтерин чек арадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү ЖККУ расмий сайтына жарыяланды. 

Анда айтылгандай, Зась Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен телефондон сүйлөшкөн. 

“Чек арадан кайрадан кагылышуу башталганы, ушуга чейин жаракат алгандар бар экени олуттуу кабатырлануу жаратат. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу тиреш дароо токтотулушу керек. Келишпестиктерди үстөлгө олтуруп, тынчтык сүйлөшүүлөр арылуу чечүү зарыл. ЖККУ чатакты чечүү үчүн Кыргызстанга жана Тажикстанга зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр. ЖККУнун мүчөлөрү – эки мамлекеттин жетекчилиги тең чек арадагы оор маселени жөнгө салуу үчүн орток пикир табат деп ишенем”,-деп билдирди ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась.

ЖККУга Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

27-январдын кечинде кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы анда "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" маалымдаган.

Кагылыш Баткендеги Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу менен Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Кыргыз тарап жолду тажик тараптын чек ара кызматкерлери тосуп баштаган деп айыптаса, Тажикстандын бийлиги кыргыз тараптан чагым болду деп жатат. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Видели смерть, но не разучились смеяться. Советские режиссеры-фронтовики

А броня, как у вертолета: какие автомобили предпочитает Владимир Путин

Лукашенко: Минск не будет рисовать никаких линий, мгновенно ответит на агрессию

С начала весны УК Подмосковья очистили от мусора около 200 подъездных козырьков