Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Кыргыз тарап Көчө-Бою жана Дахма аймактарында кагылышуу уланып жатканын маалымдады

0
Кыргыз тарап Көчө-Бою жана Дахма аймактарында кагылышуу уланып жатканын маалымдады

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдиргендей,  2022-жылдын 27-январында саат 23:50дө Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлеринин ортосунда ок атышуу 10 мүнөткө токтогон.

Ок атышпоо маалында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алимбаевдин Тажикстандын Согд облусунун губернатору, ошондой эле тараптардын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

"Бирок, тажик тарап ок атышпоо боюнча эки тараптуу келишимдерди кайрадан бузуп, кыргыз тараптын позицияларын аткылоону улантты.

2022-жылдын 28-январы, саат 00:20га карата, Көчө-Бою жана Дахма аймактарында эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин куралдуу жаңжалда Кыргызстандын төрт аскер жарадар болгонун кабарлады.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арадагы атышуудан тажик тараптан бир жайкын тургун каза болгонун жазды. Маалыматты Чорку  жамаатынын башчысы да ырастап, 36 жаштагы Обиджон Туйчиев мүрт кеткенин билдирди.

Куралдуу кагылышуу үчүн тараптар бири-бирин айыптап жатышат. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Паула Бадос и Стефанос Циципас расстались | Виды спорта






Стилисты раскритиковали наряды присутствующих на инаугурации президента РФ

Концерт для ветеранов к 9 Мая прошел в театре «Наш Дом» в Химках

Великобритания выслала российского военного атташе. В российском МИД обещают дать «адекватный ответ»

В Тамбовской и Липецкой областях ввели режим ЧС в сельском хозяйстве