Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Орусия Сириядагы чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүүнү талап кылды

0
Орусия Сириядагы чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүүнү талап кылды

Расмий Москва Сириядагы чет элдик күчтөрдү тез арада чыгарып кетүүнү талап кылды. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Орусиянын бул уюмдагы атайын өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский билдирди.

“АКШ террорчулук менен чакан мааниде да, дүйнөлүк масштабда да күрөшө албай жатканы ачык-айкын болуп турат. “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынын Хасаке шаарындагы түрмөгө жасаган чабуулу буга далил”, - деп кошумчалады ал.

Полянский америкалык аскерлердин Сирияда жүрүшү тескерисинче, өлкөнүн түндүк-чыгышында чет элдик террорчуларды көбөйткөнүн белгилеп, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жардамы менен Сириянын аскерлери жоочуларды жок кылып жатканын айтты.

21-январдан бери “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган) террордук кыймылынын жоочулары Сириянын Хасака провинциясындагы түрмөгө чабуул жасап, ал жактагы шериктерин чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Бир аптага жакын кармашта 200дөй адам өлгөн.

АКШ баштаган 60тай өлкөнү бириктирген эл аралык коалициялык күчтөрдүн аскерлери “Ислам мамлекети” террордук тобун жок кылуу максатында 2014-жылдан тартып Сирияда согуштук аракеттерге катышып келет. 2015-жылдан тартып “Ислам мамлекети” менен күрөшүү үчүн бул өлкөнүн аймагына Орусиянын күчтөрү да барган. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






Задымление произошло в ТЦ «Южные ворота» на юге Москвы, людей эвакуируют

ЕС в июне хочет запретить реэкспорт российского СПГ через Европу в третьи страны

ГИБДД пришел в театр кукол «Ульгэр» - Россия, Бурятия, дети и культура:

Минобороны опубликовало видео Парада Победы в Москве глазами лётчиков ВКС