Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Ташиев өкмөт заманбап аскер техникаларды сатып аларын айтты

0
Ташиев өкмөт заманбап аскер техникаларды сатып аларын айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 29-январь күнү Тажикстандын расмий делегациясы менен жолугушуудан кийин Баткен районунун Ак-Татыр айылында жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Ал сөзүндө эки тараптуу жолугушуунун мазмуну тууралуу кабарлап, 27-январдагы чек ара жаңжалын иликтөөчү биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, чек арага эки тараптан тең чогулган аскерлер кайтарылганын айтты. Мындан тышкары Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жана чек ара кызматын бекемдөө максатында февраль айында дагы аскердик техникалар алынарын айтты:

"Бир жыличинде көп маселени чечип алдык. Азыркы маалда шүгүрбүз. Эл-журтту коргоп калууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет. Чек ара кызматын бекемдөө үчүн февралда дагы көптөгөн, силер өмүрү көрбөгөн аскер техникалары келет. Алардын баарын Баткенге беребиз. Мамлекет алардын баарын өз күчү менен, өз акчасына алып жатат".

УКМКнын төрагасына элден суроолор жаады. Апрелдеги жаңжалда үйү өрттөнгөндөргө кенемте жетишсиз берилгени, кыргыз-тажик чек арасы жабык экенине карабай, аткезчилик уланып жатканы тууралуу айтылды. Камчыбек Ташиев аткезчилик маселесине жергиликтүү эл да кошулуп калып атканын билдирди.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазган.(ZKo/HUz)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






За три месяца на Орловщине долги за ипотеку выросли на 28%

Путин назвал всех участников СВО героями России

На Красной площади заканчиваются последние приготовления к параду Победы

Компания из Гонконга подала иск о банкротстве "Москвича"