Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Томас-Гринфилд: Орусия Беларустагы аскерлерин көбөйтүүнү көздөп жатат

0
Томас-Гринфилд: Орусия Беларустагы аскерлерин көбөйтүүнү көздөп жатат

АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Орусия Беларустагы аскерлеринин санын февралдын ортосуна чейин 30 миңге чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 31-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

Томас-Гринфилд Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын өнөктөштөрү тез жооп кайтарарын эскертти.

Ошондой эле кеңешти бир гана Орусиянын билдирүүлөрүнө эмес, анын иш-аракеттерине да баа берүүгө чакырды.

«Биз талкуулап жатканда Орусия аларга көбүрөөк күч жана курал-жабдык жөнөтүп жатат»,-деди ал.

Буга чейин Орусия Украинанын тегерегиндеги кризисти талкулоо маселелесине тоскоолдук жаратууга аракет кылып келди. Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя Коопсуздук кеңешинде талкуу өткөрүү менен «ызы-чууну күчөткүсү келет» деп АКШны айыптады. Ага карабай кеңештин 15 мүчөсүнүн ону маселени талкуулоого макул болду.

Кытай орус аскерлеринин топтолушунан кооптуу эч нерсе көрбөгөнүн айтып, «кандуу согуш түшүнүгүнөн» оолак болууга чакырды.

Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча 1-февралда АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөшөрү маалым болду.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремль андай ниети жок экенин айтууда. Аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






На мотоциклы из кортежа президента открыт предзаказ — старт продаж в 2025 году

Сочи и Краснодар вошли в пятерку самых популярных направлений России для поездки на День Победы

Проверки домов на безопасность прошли в районе Якиманка

Съезды на Южном участке ЗСД в Петербурге перекроют на две ночи