Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Алматынын мэри Сагинтаев кетип, ордуна Досаев келди

0
Алматынын мэри Сагинтаев кетип, ордуна Досаев келди

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев «башка ишке өткөнүнө» байланыштуу кызматтан бошотулду.  Анын ордуна буга чейин Улуттук банкты жетектеп келген Ерболат Досаев дайындалды.

Алматынын тургундары кол топтоп Сагинтаевдин иштен кетишин талап кылышкан. Ага 26,5 миң адам кол койгон.

«Сагинтаев жашоосундагы эң башкы сыноодон өтпөй калды. Ал оор күндөрдө шаардыктарды моралдык жактан да, физикалык жактан да колдогон жок. Ал жада калса алматылыктарга кайрылуу да жасаган жок»,- деп жазылган нааразы тараптын кайрылуусунда.

Сагинтаев Алматынын мэри болуп 2019-жылы дайындалган. Буга чейин ал президенттин администрациясын жетектеп келген жана Казакстандын премьер-министри да болгон.

Бакытжан Сагинтаев өкмөт башчы болуп турганда Казакстан Кыргызстан аркылуу аткезчиликтен зыян тартканын билдирип,  ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков менен айтыша кеткен менен белгилүү.  2016-жылы Казакстан сугат сууну Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алууну көздөп жатканы тууралуу билдирүүсү элдин сынына калган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Симоньян назвала людей в погонах элитой, достойной высокой оплаты

Теория заговора о спецслужбах США оказалась правдой

Aurus Merlon назвали в честь зубца Кремлевской стены. 11 мотоциклов уже передали в Гараж особого назначения

Озвучен перечень самых продаваемых кроссоверов и внедорожников по результатам марта