Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 04.01.2022

Полиция "Азаттыктын" Алматы бюросунун жетекчиси Касым Аманжолду кармап, кайра бошотту

Azattyk.org 

"Азаттыктын" Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол бошотулду. Ал 4-январда Алматыдагы "Жетису" базарынын маңдайындагы нааразылык акциясын тартып жүргөндө кармалган.  Журналисттик күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабастан, полиция кызматкерлери анын камерасын тартып алып, автоунаасына салып кетишкени кабарланган. Эки сааттай убакыттан кийин Аманжолдон кечирим сурап, бошотушкан.   Журналист өзү жеткирилген Алматынын Медеу райондук полиция башкармалыгында  "Жаңы-Өзөндөгү  элдин талабын колдоп... Читать дальше...

Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды

Azattyk.org 

Франциянын Марсел шаарындагы инфекциялык оорулар борборунун окумуштуулары коронавирустун жаңы штаммын тапканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Ал канчалык жугуштуу жана кооптуу экени азырынча белгисиз. Жаңы вариант Камерундан келген кишиден табылган. Баштапкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, анда 46 мутация аныкталган. Францияда инфекция жугузуп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 200 миңден ашууда. Бул өлкөдө вирустун "омикрон" түрү үстөмдүк кылууда. Бийлик жаңы чараларды көрүп, парламент кино... Читать дальше...

Бишкек: Парламенттик кайра шайлоого мурдагы эки депутат да катышканы жатат

Azattyk.org 

Бишкектин парламенттик шайлоо кайра өткөрүлө турган эки округунда талапкерлигин өз алдынча коёрун расмий билдиргендер 14 адамга жеткенин бүгүн, 4-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Биринчи Май округунда Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков жана Элвира Сурабалдиева депутаттыкка аттанарын билдиришти. Ал эми Свердлов округунда Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков... Читать дальше...

АКШ Конгрессинде коронавируска чалдыккандар көбөйдү

Azattyk.org 

Жабык турган мектептер, рейске чыкпай калган саякат кемелери,  улам-улам жылдырылган авиа каттамдар. Жылдын алгачкы жумасы коронавирустун жайылышынан улам ушундай чектөөлөр менен башталды.  АКШ Конгрессинде депутаттардын, кызматкерлердин 13% COVID-19 аныкталганы кабарланды. Ал эми Францияда коронавирустун жаңы штаммы табылды. Канаданын эң көп калктуу Онтарио провинциясынын премьери Даг Форд инфекциялангандар рекорддук көрсөткүчкө жеткенин айтып, мектептер жабылып, кайрадан онлайн окутууга өтөөрүн 3-январда билдирди. Читать дальше...

Канада соту Иранда кыйраган учакта каза болгондордун куну боюнча өкүм чыгарды

Azattyk.org 

Канаданын соту эки жыл мурда Иранда атып түшүрүлгөн “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясынын учагында каза болгон алты адамдын жакындарына 84 миллион доллар компенсация төлөтүү тууралуу чечим чыгарды. “Боинг” учагы 2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге учуп чыккандан көп өтпөй кыйрап түшкөн. Бортто Украинанын, Канаданын, Британиянын, Ооганстандын жана Ирандын жарандары болгон. Жалпы 176 адам каза болгон, алардын 130у Канаданын жарандары. Соттун 3-январда жарыяланган чечиминде аты... Читать дальше...

Беш держава өзөктүк согушка каршы билдирүү таратышты

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү – АКШ, Кытай, Орусия, Франция жана Британия өзөктүк согуштун алдын алуу жана жарыша куралданууга жол бербөө жөнүндө биргелешкен билдирүү менен чыгышты. Анын тексти өлкө бийликтеринин негизги сайттарында жарыяланды. Билдирүү Украинанын тегерегинде кырдаал курчуган учурда таратылып жатат. Батыш мамлекеттери Орусия бул өлкөгө кеңири масштабдуу чабуул жасоого даярданып жатат деп эсептейт. Москва аны төгүнгө чыгарат, ошол эле убакта чыңалуунун... Читать дальше...

Системанын өгөйлөнгөн баласы

Azattyk.org 

Тарыхый улуу инсандын өмүрүн сарптаган эмгеги, бу жарыкчылыктагы жашоо-турмушу, пенделик сапаттары аны билгендердин эсинде унутулбай кала берет. Тургунбек Суванбердиевди эскерген замандаштары анын кеңпейилдигин, башкаларга жардам берсем деген өзгөчө бир касиетин, анан да ар заманда бийик баага татычу тапшырылган ишти так аткарган чынчылдыгын, жубардай тазалыгын белгилешет. Совет тарыхынын кысталыш кыйын чагында саясий ишке аралашып, эмгекчилдиги, аракетчилдиги, анан да жаңы заманга берилгендиги аркылуу жооптуу кызмат тепкичине көтөрүлгөн. Читать дальше...

"Асман" шаарчасын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп Тимур Файзиев дайындалды

Azattyk.org 

Ишкер Тимур Файзиев Ысык-Көл облусундагы “Асман  экологиялык таза шаарчасын” куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 4-январда “Азаттык” радиосуна президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди. “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү катары таанылган Тимур Файзиев дирекцияга жетекчи болгонун 3-январда "Инстаграмдагы" баракчасы аркылуу жарыялаган. "Асманды" куруу боюнча... Читать дальше...



Жаңы-Өзөндөгү нааразылык: саясий талаптар жаңырууда

Azattyk.org 

Казакстандын Мангыстау облусундагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларында демонстранттар түнү дагы аянттан тараган жок. Актауда митингчилер чатырларды жана боз үй тигип, аянтта жүздөгөн адамдар жүрдү. Акцияга коңшулаш облустардын, анын ичинде Актөбө, Орал, Чымкент шаарларынын тургундары да келгени кабарланды. Жергиликтүү активисттердин айтымында, Жаңы-Өзөн шаарында шейшемби күнү эртең менен аянтка эки миңдей демонстрант чогулду. Митингчилер суюлтулган газдын баасын литрин 50 теңгеге чейин арзандатуу... Читать дальше...

Италияда украин режиссёру Орусиянын өтүнүчү менен кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын экстрадициялоо суроо-талабы менен Италияда Украинанын Одесса опера жана балет театрынын башкы режиссёру Евгений Лавренчук камакка алынды. Бул тууралуу ТСН жана "Громадське" телеканалдары Украинанын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Олег Николенкого таянуу менен кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Лавренчук узаган жылдын 17-декабрында кармалган. Италия соту аны экстрадициялоо жөнүндө орусиялык өтүнүч каралып бүткөнгө чейин камакка алган. Украинанын Неополдогу Башкы консулдугу... Читать дальше...

Түркияда азык-түлүктөр кескин кымбаттады

Azattyk.org 

Түркияда инфляциянын деңгээли дээрлик 20 жылдан берки эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн Статистика институтунун 3-январдагы маалыматына ылайык, декабрда эл керектөөчү товарлардын баалары андан мурунку жыл менен салыштырганда 36,1% өстү.  Талдоочулар бул көрсөткүч 27% болот деп күтүшкөн. Мындай жогорку инфляцияга 2002-жылдын сентябрында, президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы бийликке келерине эки ай калганда туш болгон. Эрдоган жана консервативдүү АК партиясы 2001-жылкы финансылык кризистен кийин Түркияда өнүгүү болуп, ийгиликке жетишкен. Читать дальше...

"Каракол" паркы: Коттеж шаарча курууга уруксат жок

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү “Каракол” тоо-лыжа базасында шаарча курууга уруксат берилген эмес, ал жерде бир да карагай кыйылган жок. Бул тууралуу 4-январда “Азаттык” радиосуна “Каракол” жаратылыш паркынын директору Туратбек Муратбек уулу билдирди. Анын айтымында, лыжа базасын иштеткен компания жерди парктан ижара алган, ал эми коттеж шаарчасын курарын жарнама кылгандар ошол компания менен макулдашканы белгилүү болду: “Жеке башка бирөөлөр лыжа базасынан жерди пайдалануу укугун алышыптыр коттеж салалы деп. Курулушка эч кандай уруксат жок. Читать дальше...

Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккан активисттер 15 күнгө камалды

Azattyk.org 

Алматыда бир нече активист “тынч жыйындарды өткөрүүнүн тартибин бузган” деген айып менен 15 суткага камакка алынды. 3-январда активист Сүйүндүк Алдабергенов “Азаттыкка”  акын жана диссидент Арон Атабектин кыркылыгына чогулуп, кафеден чыккан учурда 20дай адамды атайын күчтөр кармап кеткени кабарлаган эле.  Каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын камактагы активисти Айгерим Тлеужан, Муратбек Есенгазы менен Калас Нурпейисов 15 суткага камакка алынган. Нурпеисовго карата чыккан сот өкүмүндө “уруксат берилбеген акцияга” катышканы белгиленип... Читать дальше...

Түркмөн чек арачылары талиб жоочулары менен кагылышты

Azattyk.org 

Ооганстан менен Түркмөнстандын чек арасында “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары менен түркмөн чек арачылары атышып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Жауздан ооган провинциясындагы 3-январдагы кагылышуунун башка жагдайлары тууралуу маалыматтар кенен жарыяланган жок. Провинция полициясынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Хелал Балхи Hasht-e Subh ооган сайтына маалымдагандай, түркмөн чек арачылары үч күн мурда жергиликтүү жайкын тургунду атып салышкан. Алардын огунан дагы үч киши жаракат алган. Читать дальше...

ИИМ экстремизмге каршы мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды. Негиздеме катында министр Улан Ниязбеков документ экстремизмге каршы аракеттерди жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн даярдалганын билдирген. Ал экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирди. Мыйзам долбоорунун негизги максаты ... Читать дальше...

5-январдын аба ырайы

Azattyk.org 

5-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 1…6; Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7... Читать дальше...

Чек ара: кайрадан тикеленген Көк-Терек

Azattyk.org 

Баткендин Көк-Терек айылы бир жыл ичинде күлгө айланып, кайра түптөлдү. Тажикстан менен чектешкен айылда куралдуу жаңжалда бир да имарат соо калган эмес. Чек ара чырынан толугу менен жабыркаган айылдын азыркы турмушу кандай?

Милиция "Араванда мал уурдаган өзбек жараны сабалды" деген видео боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Ош облустук милициясы интернетте “Төө-Моюнда Өзбекстанга мал уурдап саткан адам кармалып, өз алдынча сот уюштурулду” деп тарап жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен кармалган өзбек жараны азыр кыргыз тарапта камакта отурат, ага соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милициянын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 4-январда “Азаттыкка” билдиргендей, Араван райондук ички иштер башкармалыгында өзбек жаранына карата “мамлекеттик чек арадан... Читать дальше...

Ирандык генералдын өлүмү: аймакта чыңалуу курчуду

Azattyk.org 

3-январда Багдаддын четиндеги аэропортто жайгашкан америкалык аскердик жайга жакындап бараткан эки дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу коалициядагы булактар АFP маалымат агенттигине билдиришти. Ирандык таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун эки жылдыгын утурлай аймакта чыңалуу күчөдү. Маалыматка караганда, АКШ баштаган коалиция “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөш үчүн пайдаланган комплексти көздөй учуп келаткан дрондор ракетага каршы система тарабынан атып түшүрүлдү. Читать дальше...

Новости России
Москва

К.ВАЛИЕВА, 23 КИТАЙЦА, WADA помогают раскрыть сеть секретных преступных отделов. Дело Скрипалей можно дополнить с пользой.


Бишкек: Көчө тазалоого жумушчуларды азыраак тартуу тапшырмасы берилди

Azattyk.org 

Бишкекте дем алыш күндөрү борбордук көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды болушунча азыраак чыгарып, атайын техниканы көбүрөөк тартуу тапшырмасы берилгенин бүгүн, 4-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мэр Айбек Жунушалиев “Тазалык” ишканасынын жумушчусу каза болгон жерге барып, тийиштүү кызматтарга ушундай убактылуу чектөө тапшырмасын берди жана көчө тазалоо учурунда жолдорго атайын белгилерди коюп иштөө керектигин эскертти. Чоң көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды азыраак тартып... Читать дальше...

Статком: Кыргызстандын калкы былтыр дээрлик жүз миң адамга көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда калктын саны былтыркы жылдын он айында 1,5% көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, январь-октябрь айларында элдин саны 98 миң адамга көбөйүп, жалпы 6 миллион 735 миңге жетти. Калк эң көп отурукташкан аймактар – Ош, Жалал-Абал, Чүй облустары жана Бишкек шаары. Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде эмгек миграциясында экени бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда. (RK)

Бир айда “Тазалыктын” үчүнчү жумушчусу иш учурунда мерт болду

Azattyk.org 

Бишкекте жол кырсыгынан “Тазалык” ишканасынын дагы бир жумушчусу мерт болду. Окуя бүгүн 4-январда эртең менен Шабдан баатыр көчөсүндө, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) жанында болгонун “Азаттык” радиосуна Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди: “Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, айдоочу Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына жеткирилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат”. Милициянын маалыматына караганда... Читать дальше...

Москвадагы мушташ: кыргыз жарандары кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарындагы жапырт мушташка байланыштуу Кыргызстандын 15 жараны кармалды. Жаңы жылдын алгачкы күнү болгон окуяда алар Өзбекстандын жарандары менен чырдашканы маалымдалууда. Укук коргоочулар бул чырда улуттар аралык боёк жоктугун билдирди. Былтыр жайда орус баш калаасында кыргызстандыктар менен тажикстандыктар чырдашкан эле. Ошондон кийин Москвада мигранттарды текшерүү күчөп, бир топ киши депортация болгон. Калайман мушташ 1-январдын кечинде катталган окуя тууралуу алгач 2-январда орусиялык басылмалар жазып чыкты. Читать дальше...

COVID-19: Дагы эки адам каза болду, 52 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 4-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2807 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 52 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (34 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 879 адамга жетти. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза... Читать дальше...

"Центерра” Кумтөрдөн чыгып кетүү шарттарын жарыялады

Azattyk.org 

Канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc.) компаниясы Кумтөр кенин Кыргызстанга биротоло өткөрүп берүү шарттарын атады. Анын ичинде Бишкек өз акцияларынан, экологиялык доолорунан жана башка нерселеринен баш тартуусу керектиги айтылды. Кыргыз бийлиги мунун алдында "Центерра” менен болгон келишимди талкуулап бүткөнү калганын маалымдаган. Кеп болуп жаткан шарттар коомчулукта түрдүүчө талданууда. "Центерра Голд" койгон шарттар "Центерра Голд" 3-январда өз сайтына жарыялаган расмий билдирүүсүндө... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свентек выиграла титул WTA в Мадриде






Пассажиры одного из задержанных в Хургаде рейсов вернулись в Москву

Собянин: внимание Путина к Москве дорогого стоит

«Метриум»: Заповедные земли

Снегопад из Москвы надвигается на Владимирскую область