Австралия вакцина албаганы үчүн серб теннисчисин өлкөдөн чыгарышы мүмкүн
Австралия дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапта турган сербиялык теннисчи Новак Жоковичти вакцина алуудан баш тартканы үчүн өлкөдөн чыгарышы мүмкүн. Ал шаршембиде Australian open турниринде өзүнүн чемпиондук титулун коргоо үчүн Австралиянын Мельбурн шаарына учуп келген. Чек ара кызматы аны COVID-19га каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп тапты. Полиция Жоковичти аэропортто үч саатча кармаган. Маалыматта анын визасындагы эмдөө жөнүндө маалыматы туура эмес толтурулганы айтылат. Читать дальше...