Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 09.01.2022

Алай районунда жер силкинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-январга караган түнү саат 01:56да Тажикстандын аймагында жет титирөө катталды. Анын күчү очогунда 6 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркештам, Нура, Сары-Таш жана Бор-Дөбө айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп... Читать дальше...

Тюменде тогуз киши жасалма аракка ууланып каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Тюмен облусунда тогуз киши курамында уулуу метил заты бар жасалма аракка ууланып каза болду. Кылмыш иши козголгонун ишемби күнү облустук тергөө башкармалыгы кабарлады. “Интерфакс” агенттиги бөтөлкөгө “Родники Сибири” деген кагаз чапталган жасалма арак 3-январдан тартып сатыла баштаганын жазды. Тогуз кишинин өлүмүнө алып келген окуяга шектелип 30 жаштан 50 жашка чейинки төрт киши кармалды. Тергөө жүрүп жатат. 2021-жылдын октябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында жана Оренбург облусунда сапатсыз алкоголдон 53 киши көз жумган.

Аба ырайы: Ысык-Көл облусунда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 10-январга карата Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3; Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3; Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Казакстанда кармалган кыргызстандык белгилүү музыкант экени аныкталды

Azattyk.org 

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан. Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан. Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров "Азаттыкка" муну ырастап, казак полициясынын ал жумушсуз деген маалыматын четке какты. Читать дальше...

Алматынын коменданты элди укук коргоо органдарына баш ийүүгө чакырды

Azattyk.org 

Алматы шаарынын коменданты Серик Кудебаев “абал көзөмөлгө алынды” деп билдирип, калаа тургундарын токтоолукка чакырды. Эгер тартип сакчыларына баш ийбеген учурлар болсо, кескин чара көрүлүп, курал колдонуларын эскертти. “Азыркы тапта бардыгы көзөмөлдө. Жашоо-турмушка керектүү жайлар иштеп жатат. Тургундарды болуп жаткан окуяларды түшүнүү менен кабылдап, сабырдуу болуп, үйдөн чыкпоого чакырабыз. Дагы бир ирет эскертем, облус аймагында “террордук коопсуздуктун жеткен чеги болгон кызыл деңгээл” өкүм сүрүүдө”, - деди Кудебаев. Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 9-январына карата кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин “Азаттыкка” билдирди.   Казакстандын айрым маалымат каражаттары 9-январга караган түнү Алматы-Бишкек жолунун боюнда салгылашуу жүрүп жатканын жазышкан. Райымбек айылынын тургундары Sputnik Казакстан агенттигине салгылашуу бир нече саат болгонун айтышкан. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган жок. Кыргыз тарап салгылашуу тууралуу маалымат берген жок... Читать дальше...

ИИМ "куралчан 300дөй киши Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган" деген маалымат таратты

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын 9-январда кабарлады. “Куралчандар машине жана жөө жалаңдап качып бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын курал-жарактары, уурдап бараткан баалуу буюмдары, чөнтөк телефондору, чоң суммадагы акчалары жана каражаттары болгон”, - деп кабарлады казакИчки иштер министрлиги. Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 2-январда башталган митинг жана андан кийинки башаламандыктардан полиция менен күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза таап... Читать дальше...

COVID-19 жуктургандар 300 миллиондон ашты

Azattyk.org 

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, 7-январга карата коронавирус жуктургандардын саны дүйнөдө 300 миллиондон ашты. Вирустун омикрон штаммы ооруга чалдыккандардын, андан каза болгондордун санын арбытууда. 2020-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму март айында коронавирусту пандемия катары атагандан бери бул оорудан 5,5 миллион адам көз жумду. Бирок, аталган уюм курмандыктардын саны эки же үч эсеге көп болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Европа чөлкөмүндө адам өлүмү боюнча алдыңкы сапка Британия чыкты. Читать дальше...



Казакстан: жарандар менен балдардын өлүмү тууралуу маалыматтар чыгууда

Azattyk.org 

8-январда Израилде чыккан Jerusalem Post гезити өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка таянып, Алматыдагы тополоң учурунда 22 жаштагы Ирзаилдин жараны Леван Когиашвили окко учканын жазды. Израил бийлиги азыркы тапта маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүүнү уюштурууда. Orda.kz сайты Телеграм каналына Алматы шаарындагы өлүкканада журналисттер чогулткан фактылар жарыяланды. Анда  шаар тургундары моргдо жакындарын издеп кезекте турушканын, каза болгондор арасында төрт жаштагы кыз бар экени айтылууда. Читать дальше...

Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздү

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, министр Азамат Жаманкулов жыйында өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди. Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жарлыгы менен туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн... Читать дальше...

COVID-19: Дагы эки бейтап каза болду, вирус жугузгандар көбөйө баштады

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2818 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 190 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (121 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 867  адамга жетти. Вакцина алгандар өлкө боюнча 2 млн. 274 миң кишиден ашты, алардын 1 млн. 242 миңдейи вакцинанын биринчи дозасын алган. Читать дальше...

Bellingcat Казакстандагы аба каттамдарды көзөмөлдөөчү маалымат  топтомун чыгарды

Azattyk.org 

Ачык далилдерди текшерип, иликтөө жасаган Bellingcat интернет сайты Казакстандан учуп, ага кирип жаткан, Бишкектин айланасындагы аба каттамдарды иликтеген маалыматтык топтом чыгарууда. Аны иштеп чыккандар дүйнөлүк FlightRadar24 порталындагы маалыматтарга таянып, 3-январдан бери Казакстанга байланыштуу бизнес учактардын, жарандык каттамдар менен жүк ташыган рейстердин жадыбалын  чыгарганын жарыялашты. “Жогорку кызматтагы адамдар, жүк каттамдары, ал тургай кагылышуу болуп жаткан аймакка кирген... Читать дальше...

Казакстанда кармалгандардын саны 5 миңден ашты

Azattyk.org 

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандардын саны 5135 адамдан ашты. Бул Ички иштер министрлигинин 9-январга карата берген маалыматы. Киши өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук, талап-тоноо, бейбаштык жана уурулук фактылары боюнча 125 сотко чейинки иликтөө-тергөө иштери башталды. Алматы облусунда атайын операция дале уланып жатат. Облустун коменданты Серик Кудебаев жашоочуларды тынчтыкты сактоого чакырып, мыйзам талаптарына баш ийбеген учурда тартип коргоо органдары курал колдонгонго... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде






Участок, соединяющий Южную рокаду и МСД, готов практически на 70%

Депутаты и ветераны написали «Диктант Победы» в Домодедове

На Московском и Ладожском железнодорожных вокзалах открылись пункты для туристов

В Ингушетии задержали членов ОПГ по делу о хищении свыше 1 млрд рублей