Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 10.01.2022

ЖККУ: Жапаров Казакстанда кармалган кыргыз жарандары тууралуу сөз кылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-январда президент Садыр Жапаровдун ордуна Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезексиз онлайн сессиясына катышты. Анда сөз сүйлөп, Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү. "Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Читать дальше...

Аба ырайы: Айрым райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына караганда, 11-январда түнкүсүн  өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн.  Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6; Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6; Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2... Читать дальше...

Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды

Azattyk.org 

10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар боюнча эки тараптуу тиешелүү иштер аткарылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган. Жарандарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө. Элчилик Нур-Султан, Актөбө, Актау, Кустанай, Көкчетау... Читать дальше...

Казакбаев: Ар бир жараныбыздын укугу корголот

Azattyk.org 

Казакстанда кармалган жарандар боюнча аталган өлкөнүн тиешелүү органдары менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын"Азаттыкка" тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кабарлады. "Бизге кайрылган жарандар боюнча иштер жүрүүдө. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана өкмөтүнүн ар түрдүү деңгээлиндеги органдары менен аракеттер жүрүп жатат. Рузахунов боюнча биздин консулдуктун кызматкерлери иш алып барууда. Мындай кризистик учурда эл аралык укуктун алкагында жана эки тараптуу келишимдердин алкагында бардык аракеттер көрүлөт. Читать дальше...

Алматы: кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшөкеев "Азаттыкка" билдиргендей, учурда Рузахунов Бишкекке келе жатат. Мунун алдында Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөткөн. Анда пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп, күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги жазылган. Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги музыканттын... Читать дальше...

Нью-Йорктогу өрттөн 19 киши көз жумду

Azattyk.org 

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районундагы көп кабаттуу турак жайда чыккан өрттөн 19 адам көз жумду, алардын тогузу жаш балдар. 9-январдагы өрт шаар тарыхындагы акыркы он жылдагы курмандыгы эң көп окуя катары катталды. Нью-Йорк калаа башчысы Эрик Адамстын баш кеңешчиси Стефан Рингел курмандыктар тууралуу маалыматты тастыктады. Өрт чыккан үйдө 50дөн ашык тургун жаракат алып, дагы 13 киши оор абалда. Алардын көпчүлүгүнүн дем алуу органдары жабыркаган. Тилсиз жоонун алдын алууга шаардын 200дөй өрт өчүргүчү тартылып... Читать дальше...

Дүйшекеев: Казакстанда кармалган кыргыз жарандарынын саны такталууда

Azattyk.org 

Казакстандагы соңку окуядан улам жардамга муктаж кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, учурда Казакстанда канча кыргыз жараны кармалганы расмий түрдө тактала элек. - Дастан мырза, Казакстандагы соңку кырдаал кандай болууда? Бул өлкөдөгү көптөгөн кыргызстандыктар кармалганы боюнча маалыматтар келип жатат. Элчилик эмне иштерди аткарууда? - Казакстандагы соңку окуялар башталгандан тарта эле элчилик кырдаалга тыкыр көз салып... Читать дальше...

ТИМ: Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат берише элек

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанда башаламандык маалында Кыргызстандын канча жараны кармалганы тууралуу маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирди. "Ал жакта антитеррордук операциянын алкагында миңдеген адамдар кармалып, иликтөөлөр жүрүп жатканы айтылды. Кармалгандар арасында кыргызстандыктардын бар экени тууралуу расмий маалымат ала элекпиз. Элчилик, консулдукта каттоодо турган жарандарыбыз бар, алардын санын тактап жатабыз. Андан сырткары Нур-Султанда, Бишкекте, Алматыда ыкчам жардам берүүчү топтор иштеп жатат. Читать дальше...



Бир жумада 12 миңден ашуун жолдо жүрүү эрежеси бузулду

Azattyk.org 

Акыркы бир жуманын ичинде (3-10-январь) жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 12 340 учур катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 149 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар эки миңге чукулдаган. 511 автоунаа айып короого токтотулган. Кыргызстанда 2021-жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталып, 2020-жылга карата 22% көбөйгөн. 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Кыргызстандагы... Читать дальше...

Кыргызстан Казакстанды Рузахуновдун кыйноого кабылганын иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Юстиция министрилиги Казакстандын Башкы прокуратурасына кыргыз жараны Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүнүч жөнөттү. Анда Алматыда кармалган кыргызстандык пианист кыйноого кабылган фактыдан улам кылмыш иши козголуп,  күч кызматкерлеринин аракети 2002-жылдагы Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык тергелиши керектиги керектиги жазылган. Министрлик тараткан маалыматта "мындай кайрылууга Рузахунов сабалганы так көрсөтүлгөн видео негиз болгону" айтылат.  Ошондой эле казак күч түзүмдөрү... Читать дальше...

COVID-19 бир суткада дагы 198 кишиге жугуп, бир адам каза болду

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 10-январга карата коронавирус өлкөдө 198 кишиге жукту, бир адам каза болду. Вирустан жалпысынан 2 819 киши көз жумду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. Бир күндө оорудан 66 адам айыкты. Азыркы тапта ооруканада 459 адам жатат, үйүнөн 952 киши дарыланууда. Акыркы айларда каза болгондордун дээрлик бардыгы вируска каршы эмделбегендер экени аныкталууда. Вакцина алгандар өлкө боюнча 2 млн. 274 миң кишиден ашты, алардын 1 млн. Читать дальше...

Сердюков: ЖККУнун аскерлери Казакстанда кырдаал толук жөнгө салынганча болот

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун (ЖККУ) Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлеринин командири Андрей Сердюков 9-январда брифингде билдирди. Ал аталган уюмдун аскерлери Алматы менен  анын жака-белиндеги стратегиялык объектилерди "көзөмөлдөп" жатканын кабарлады. Ушул тушта Казакстанда ЖККУнун канча жоокери бар экени беймаалым, айрым бир булактарга караганда алардын саны миңден ашат жана басымдуу бөлүгү Орусиядан жөнөтүлгөн. Уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын... Читать дальше...

ТИМ: Казакстандан 14 кыргыз жараны алып келинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда Алматы шаарындагы Башкы консулдук 14 кыргыз жаранын мекенине алып келгенин билдирди. Алардын ичинде аялдар жана балдар бар. Министрлик мындан тышкары Нур-Султан шаары менен авиа каттам токтоп тургандыктан 15 кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады. 6-январда ТИМ жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген. Алардын арасында аялдар, балдар бар. Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус... Читать дальше...

Казакстан улуттук аза күтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган. 9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн Телеграм каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну "техникалык" ката деген негизде четке какты. Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн... Читать дальше...

5-6-январда Алматыда эмне болгон?

Azattyk.org 

5-январда түштөн кийин Алматыда тополоң башталып, белгисиз адамдардын тобу мэриянын имаратына жана аба майданга кирип барды. Шаарда ондогон соода түйүндөрү, дүкөндөр, банктар тонолду. 6-январда казак президенти Токаев Алматыдагы чабуул үчүн “террордук топторду” айыптады. 6-январдын кечинде коңшу өлкөгө орус аскерлери кирди. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчылары 5-6-январда калаанын борборунан тарткан видео.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде






МакSим — о Трусовой: какой характер у этой девочки!

Москвич-именинник проткнул себе зад шампурами

Яна Добровольская раскрыла тайны своего успеха на конкурсе «Мисс Россия»

Курс евро в ходе торгов превысил 100 рублей впервые с 19 апреля