Кытайда Жаз, Жаңы жыл майрамдарын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү жайлары маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди. 31-январь, 4-февраль, 7-февралда эки бекет тең иштейт. 29-30-январь, 1-3-февраль жана 5-6-февралда жабык болот. 7-февралдан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды өткөрө баштайт. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин мандатына байланышкан маселе чиеленешип баратат. Ысык-Көлдүн Каркыра жайлоосунан казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранынын иши сотко өттү. Москванын Украина "НАТОго кошулбасын" деген шартын Вашингтон четке какты.
Бишкектин кайра шайлоо өтө турган бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоо бүгүн, 27-январда кечки саат 18:00дө аяктады. Документтерди кабыл алууну “Жалпы иш” коомдук фонду көзөмөлдөп турду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Эки депутаттык мандат үчүн жалпы 72 адам талапкерлигин көрсөтүп, каттоодон өттү. Талапкерлер 30-январдын кечине чейин өздүк документтерин толук БШКга өткөргөндөн кийин гана шайлоого катышуу укугун алат. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди. Төлөнбаев "атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат" деген маалыматты айтуу менен чектелди. Баткендин Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да ок атуулар тууралуу кабарды ырастады. Тажикстандын бийлиги... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди. Төлөнбаев "атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат", - деген маалыматты айтуу менен чектелди. Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады. Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышты. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.... Читать дальше...
Казакстандын “Хабар” телеканалынын даректүү тасмасында кандуу январь окуяларына “Йакын Инкар” диний агымынын катышы бар экени белгиленди. Анда Алматыда жана Казакстандын башка аймактарында тынч митингдер кантип башаламандыктарга айланганы жана бул курч окуяларда “аракеттенген” күчтөрдүн бир командалык борбордон башкарылганы айтылды. Айрым эксперттер казак бийлиги толкундоолорду басуудагы репрессияларды актоо үчүн "тышкы душман" издөө далалаты катары карашууда. "Хабардагы" даректүү тасманын "баш... Читать дальше...
“Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Данияр Нарымбаев эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарымбаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова кабарлады. УКМКнын Кумтөр боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген. Читать дальше...
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай адамдардын катарын толуктайт. Алар Казакстанда жана чет өлкөлөрдө катталган ар кандай компанияларга ээ. "Азаттыктын" казак кызматы Элбашынын, анын кыздары Алия, Динара, Дарига Назарбаевалардын жана иниси Кайрат Сатыбалдынын Алматынын Бостандык районундагы хансарайларын таап чыкты.
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдоду. Анда соңку кезде юристтер коомчулугу укук коргоо органдарынын ишинин сапаты түшүп баратканы, кылмыш-сот өндүрүшүндө көрсөтүлгөн стандарттарды, принциптерди көзгө илбеген көрүнүштөр байкалып жатканы айтылат. Мындай көрүнүш карапайым жарандарга эле эмес, коомчулукка белгилүү болгон инсандардын резонанс жараткан иштеринде дагы байкалып жатканы белгиленген. Читать дальше...
Баяндамада Жусуп Абдрахмановдун 1928-жылы жарык көргөн кыргыз тилинде араб арибинде жазылган, өлкөнүн абалы жана келечеги жөнүндөгү ой чабыттарын чагылдырган “Кыргызстан” деген чакан эмгеги тууралуу сөз кылмакчыбыз. “Даңктуу тарыхтын күбөсү” Жусуп Абдрахмановдун бүгүнкү күндө эл ичинде белгилүү болуп калган, бир кезде пенде катары сүйүү сезимине кабылып, бир чети үй-бүлөсүн кыя албай, экинчи чети өзү белгилегендей “ыйык сезимин” кайда катарын билбей ички туюмун жазып, ошол эле учурда мамлекеттик жооптуу кызматты аркалап тургандыктан... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Токтогул райондук милициясы менен биргеликте Ош-Бишкек жолунда 2 килограмм 788 грамм баңгизат алып бараткан жаранды кармаганын билдирди. Маалыматта 25 жаштагы шектүү буга чейин каракчылык үчүн соттолгону айтылат. “Аны тинтүү учурунда ооган чарасына (баңгизат), кара куурайга окшош өзгөчө кескин жыты бар зат табылган. Баштыгынан “гашиш” жыттанган кочкул-жашыл түстөгү 30 таңгактагы зат табылды”-деп жазылган анда. Читать дальше...
26-январда Түндүк Корея деңизди көздөй дагы эки баллистикалык ракета атты. Бул Пхеньяндын жылдын башынан берки алтынчы жолку сыноосу болуп калды. Түштүк Кореянын аскер кызматтары кабарлашкандай, баллистикалык ракеталар 20 чакырымдай бийиктикке чыкты жана 190 чакырымдай аралыкты басып өттү. Соңунда Жапон деңизинде жарылган. Алгачкы сыноолордон кийин 12-январда АКШ Түндүк Кореяга бир тараптуу санкцияларды киргизген. Түндүк Кореянын алты атуулун, орусиялык жаранды жана фирманы кара тизмеге кошкон. Читать дальше...
Казакстандын мамлекеттик "Хабар" телеканалы январь окуялары боюнча көрсөткөн документалдык тасмасында бул тополоңго байланыштуу "кармалгандардын катарында "Йакын Инкар" радикал тобунун тарапташтары арбын" деп билдирди. "Таблиги жамаат" диний уюмунун бир канаты деп эсептелген "Йакын Инкар" Казакстанда тыюу салынган топтордун катарына кирет. Бул диний агымындагылар өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет. Январь окуялары маалында кеминде 227 адам өлгөнүн бийлик билдирген. Алардын тизмеси ушул күнгө чейин жарыялана элек. Читать дальше...
Кыргызстанда бир жылда 2000ге жакын ымыркай төрөлгөндөн кийин бир айга жетпей чарчап калат. Ал эми 1400дөн ашуун ымыркай өлүү төрөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылды. Ымыркайлардын өлүмүн азайтуу, алдын алуу жана аларга кам көрүүнүн сапатын жогорулатууга арналган талкууда, акыркы 15 жылда Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмү 40%, өлүү төрөлгөн учурлар 32,6% азайганы белгиленди. "Глобалдык, дүйнөлүк деңгээлден алганда жыл сайын 2,4 млн. неонаталдык өлүм катталат жана 2 млн. Читать дальше...
Ирандын полициясы коркунучтуу пранк (тамашага салуу) тартып, анын видеосун социалдык түйүндөрдө жайылтууга шектелген 17 адамды кармаганын билдирди. Бул тууралуу Тегерандын полициясынын башчысы Хуссейн Рахимиге таянуу менен мамлекеттик IRAN гезити жазды. Укук коргоо органы алар “коркунучтуу көркөм тасмалардагыдай ачык кадрлар менен Тегеранда видео тартып, калктын ичинде коркунуч жараткан” деп эсептейт. Соңку апталарда жарыяланган тамаша видеолордо жаштар метронун эскалаторунда бараткан кишилердин бетине торт менен урганы... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште элчилерди дайындоодогу парламенттин кадыр-баркы тууралуу талаш-талкуу жаралды. Мунун алдында парламенттин тармактык комитети Кыргызстандын Украинадагы элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин колдобой койгон. Бирок президент Садыр Жапаров аны өз жарлыгы менен дайындаган. Кыргызстанда былтыр Баш мыйзам өзгөрүп, өлкө президенттик башкаруу системасына кайткан жана ошондон бери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Элчи дайындоодогу соңку маселени Жогорку... Читать дальше...
Жерге-Талдын Сары-Кенже айылында атагы бүтүндөй Кара-Тегин өрөөнүнө тараган Алдакул чабандес жана анын досу раматылык Кутмидин жөнүндөгү бул баян окурманга жагат деп ойлойм. Ат жалында ажалдан да жалтанбайт Ал ашкере кайраты, чеберчилиги, өжөрлүгү, кара күчү менен көк бөрү болгондо эч кимди алдыга чыгарчу эмес. Азыркы футбол мыктылары Роналду, Месси ж.б.у.с. жаштардын кандай кумири болсо, бала кездеги биздин кумирибиз Алдакул ава эле. Мейли жөө улак тарталы (ушундайыбыз да бар болчу), мейли эшек же ат менен улак чабалы... Читать дальше...
Украинанын Днепр шаарындагы "Южмаш" машине куруу заводунда ок чыгаруудан беш киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги 27-январда кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кыска мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан Артемий Рябчук аттуу аскер өзүнүн тайпалаштарын АК-47 автоматы менен туш келди аткылап, окуя болгон жерден качып кеткен. Мекеме аскерди кармоо боюна атайын операция өткөрүп, шектүүнү колго түшүрдү. Жоокердин мындай кылмышка барган себеби азырынча белгисиз. Тергөө уланууда. Ок атуу учурунда беш киши мерт болуп... Читать дальше...
"Кадастр" мекемесинин маалыматы боюнча, 27-январга карата Бишкектеги жаңы конуштардагы 1100дөй турак жайга техникалык паспорт берилди. Жер Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан бери үч миңдей кайрылуу түшкөн. 11-январдан тарта Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, тургундар техпаспорт алуу үчүн 461 арыз берди. 17-январдан тарта Ак-Тилек, Ак-Босого конуштарында да иш башталып, 450дөн ашык арыз-даттануу кабыл алынган. Читать дальше...
“Кыргызгидромет” борбору билдиргендей, 28-январда түнкүсүн өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 6…11; Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6; Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22... Читать дальше...
Назарбаевдерге байланышкан алгачкы коррупциялык иш козголду. Экология жана геология министринин орун басары менен Алия Назарбаевага караштуу деген "Оператор РОП" компаниясынын жетекчиси кармалды. Ага чейин компаниянын аткаруучу директорунун сөөгү иш бөлмөсүнөн табылган. Казакстандан качууга камданган эки жетекчинин кармалышы Казакстандын Коррупцияга каршы агенттиги экология жана геология министринин орун басары Ахметжан Примкулов жана "Оператор РОП" компаниясынын башкаруучулар кеңешинин төрагасы Медет Кумаргалиев кармалганын бышыктады. Читать дальше...
Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси кармалганын Улуттук кооопсуздук комитети (УКМК) 27-январда билдирди. “Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери үчүнчү жактын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөнү тууралуу тастыктоочу документтери жок эле, “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын эсебине 20 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз которгону аныкталды”, - деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта. Тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусуна ылайык... Читать дальше...