Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 05.08.2020

Кыргыз чек арачылары түрмөдөн качкан эки өзбек жаранын кармоого жардам беришти

Azattyk.org 

Кыргызстандык чек арачылар түрмөдөн качып, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракет кылган эки өзбекстандыкты колго түшүрүүгө жардам беришти. Бул тууралуу 5-августта Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлап, аларды өзбек полициясына өткөрүп беришкенин билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Бел-Сөгөт жергесинде болду. Кыргызстандык чек арачылардын жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында... Читать дальше...

Орусия-Беларус: митингге чыккандардын тилектештиги

Azattyk.org 

Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы демонстранттар менен Беларустагы демонстранттар бири-биринин ортосундагы жакындыкты туюп турушат. Бул эки нааразылык акциясы бири-биринен 9000 чакырымдай алыстыкта өтүп жатат. Бири Орусияда, ал эми экинчиси Беларуста өтүүдө. Бирок бул эки акцияны жөнөкөй демократиялык баалуулуктарды сактап калуу аракети бириктирип турат.

Кыргызстандын карызы көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик карызы беш миллиард долларга жакындап калды. Жыл башында карыз 4,5 миллиард доллардын тегерегинде болчу.

Москва Беларуска байкоочу жибербейт

Azattyk.org 

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Беларустун Боршайкомунан президенттик шайлоого көз салууга расмий чакырылган эмес. Комиссиянын төрайымы Элла Памфилованын ТАССка билдиргени боюнча, быйыл салттуу расмий чакыруу болгон жок. Памфилова мунун бир себебин коронавирус пандемиясына байланыштырды. Беларустун президентин шайлоо 4-августта мөөнөтүнөн эрте добуш берүү менен башталды. Бул күнү президент Александр Лукашенко элге жана Улуттук жыйындын депутаттарына кайрылды. Беларуста бул жолу президенттик шайлоо мурдагылардан айырмаланып... Читать дальше...

Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты жанданат

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат. Бул тууралуу Кыргыз премьер-лигасынын басма сөз катчысы Нурсултан Нурболот уулу «Азаттыкка» билдирди:  «4-августа, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган болуп Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди. Кыргыз футболдук бирикмесинин чечимине ылайык мелдеш эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтөт». Читать дальше...

Июлда Орусиядан 7986 адам Кыргызстанга кайтып келди

Azattyk.org 

Быйыл 1-июлдан 31-июлга чейинки аралыкта Орусиядан 35 чартердик каттамдагы учак жана 32 автобус менен дээрлик сегиз миң кыргызстандык мекенине кайтып келди. Жалпысынан пандемия башталгандан берки убакта 20-марттан тартып 3-августка чейин Орусиядан 22,5 миңдей кыргызстандык кайтты. Аларды алып келиш үчүн жалпысынан 93 чартердик авиакаттамдар жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.  Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал... Читать дальше...

Түркмөнстанда антисептик абадан чачылууда

Azattyk.org 

Өлкөнүн батышындагы аймак – Балкан вилаятындагы Түркмөнбашы шаарына учактан антисептик чачылууда. «Азаттыктын» түркмөн кызматы муну өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштырды. Кабарчынын маалыматы боюнча, антисептик жарандар Курман айтты майрамдап жаткан учурда себилди. Жарандарга үч күн бою үйдөн чыкпоо зарыл экендиги эскертилди. Маалыматтарга караганда дезинфекциялоочу заттар үчүн акчаны мамлекеттик кызматкерлер, бюджеттик мекемелерде иштегендер жана аскер кызматкерлери чогулткан. Түркмөнбашы шаарында 70 миңден ашуун эл жашайт. Читать дальше...

Бейруттагы жарылууда кеминде 78 адам набыт болду

Azattyk.org 

Ливандын борбор калаасы Бейруттун порт аймагындагы жарылуудан кеминде 78 адам набыт болду. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги өлкө бийлигине таянып маалымдады. Ливандагы Кызыл чырым коому миңдеген киши жабыркаганын билдирди. Урандыларды тазалоо, куткаруу-издөө иштери уланып жаткандыктан курмандыктардын жана жарадарлардын саны көбөйүшү ыктымал деген божомол бар. Күбөлөрдүн айтымында, аябай катуу жарылуунун эпкини жер титирөө сыяктуу чоң радиустагы аймакка ири зыян келтирди. Жабыркагандардын арасында... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде






Пассажира рейса «Сургут-Москва», который пришлось экстренно посадить в Перми оштрафовали

Более 300 многодетных семей Сергиева Посада получили электронное удостоверение

В Королеве стартовал сезон фонтанов

Команда «Подмосковье» выиграла автогонку «Золото Кагана»