Тыңчы катары соттолгон Уилан түрмөгө кетти
Орусияда тыңчы катары соттолгон америкалык жаран Пол Уилан Мордовиядагы түзөтүүчү колонияга которулду.
Орусияда тыңчы катары соттолгон америкалык жаран Пол Уилан Мордовиядагы түзөтүүчү колонияга которулду.
Кыргызстанда коронавирус боюнча абал жалпысынан дагы эле оор. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну келбейт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтты. Боронов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) усулу боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүш ыргагы Кыргызстанда 39,2% кемиди. Бирок оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турат. Читать дальше...
Кыргызстандын мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу 1-августта башталды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 5-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирге окутуунун форматы кадимкидейби же аралыктан болобу, талданып жатат. Ар бир аймакка мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен бирге жакыр үй-бүлөлөрдүн аз... Читать дальше...
Коронавирус инфекциясын жайылтпоо максатында беттештерге күйөрмандар киргизилбейт. Мелдеш "Кыргыз Спорт Тв" каналынан түз алып көрсөтүлөт.
6-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38; Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24... Читать дальше...
«Ак Шумкар» партиясы парламенттик шайлоо алдында «Жаңы дем» урааны менен түзүлгөн саясий альянстан чыгып жатат. Бул маалыматты 5-августта «Азаттык» радиосуна альянска жакын булактар тастыкташты. Партиянын лидери Темир Сариев азырынча комментарий бере элек. 5-июнда Кыргызстанда «Жаңы дем» деген ураан алдында жаңы саясий альянс түзүлгөнү «Ата Мекен» партиясынын кеңсесинде жарыяланган. Биригүү тууралуу меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев... Читать дальше...
Орусиянын Оренбург облусунда, орус-казак чек арасында топтолуп турган 2,5 миңдей кыргызстандык Казакстан аркылуу мекенине кайтып келатат. Бул тууралуу 5-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1101 адам отурган 20 автобус 4-августта жолго чыккан, ал эми 5-августта дагы 23 автобус менен 1356 кыргызстандык жолго чыкты. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу чек аралар жабылып, өлкөлөр ортосунда каттамдын бардык түрү токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн... Читать дальше...
Колумбиянын жогорку соту шейшембиде мурдагы президент Альваро Урибени кармап үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарды. Мурунку мамлекет башчы күбөлөрдү сатып алуу жана көз боёмочулук үчүн айыпталууда. Ушу тушта сенатор кызматын ээлеген саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып жатат. Азыркы президент Иван Дуке буга чейин бир нече жолу Урибеге эркиндикте калып, өзүн коргоо укугун бериш керек деп колдоп келген. Экс-президенттин камалышы - эски атаандашы, оппозициялык сенатор Иван Селеда менен тирешүүнүн натыйжасы. Читать дальше...
Орусияда тыңчылык үчүн 16 жылга соттолгон америкалык жаран Пол Уилан жазасын Мордовиядагы колонияда өтөйт. Шейшембиде адвокаты Ольга Карлова Уиландын агасы Дэвидден алынган маалыматка таянып, ал Мордовияга жөнөтүлгөнүн ТАСС агенттигине билдирди. Адвокат СИЗОнун жетечилиги маалыматка комментарий берүүдөн баш тартканын кошумчалады. Дэвид Уилан болсо өз кезегинде Британиянын элчилигинен алынган маалыматка шилтеме кылды. Пол Уилан АКШ менен катар Ирландиянын, Канаданын жана Британиянын да жараны. ... Читать дальше...
Кыргызстанда балага туулгандыгы тууралуу документ алуу шарттары кыйла жеңилдеди. Президент Сооронбай Жээнбеков жарандык абалдын актылары жөнүндөгү жаңы мыйзамдарга кол койгону 5-августта белгилүү болду. Ата-эненин убактысын жана акчасын үнөмдөөгө багытталган бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш быйыл 17-июнда кабыл алган. Эми Жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЖААК, орусчасы ЗАГС) бала төрөлгөнү тууралуу фактыны ата-энесинин документи жок болсо же өз убагында берилбесе өз алдынча каттай берет. Читать дальше...
Бейруттагы катуу жарылууга дээрлик үч тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталышы себеп болгон. Бул тууралуу 5-августта Ливандын премьер-министри Хасан Диаб «Твиттерге» жазды. Анын айтымында, селитра порттогу кампада алты жылдан бери турган. Соңку маалыматтарга караганда, 4-августтагы кырсыкта бери дегенде 100 киши өлдү, төрт миңге жакыны жабыркады. Жергиликтүү «LBC International» телеканалы жарылуу ширетүү иштери жүрүп жаткан учурда болгонун кабарлады. Кампанын кызматкерлери чакан тешиктерди бүтөмөк болуп... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавирус пандемиясына каршы күрөш үчүн республикалык бюджеттен эки миллиард 569 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу 5-августтагы брифингде финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин билдирди. Анын маалыматына караганда, акчанын 488,2 миллион сому Саламаттык сактоо министрлигине, 600,9 миллион сому Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 566 миллион сому укук оргоо органдарына, 208,9 миллион сому Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, 470 миллион сому Мамлекеттик резервдер фондуна... Читать дальше...
Беларус бийлиги 4-августта президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоо алдындагы иш-чарасын кайрадан үзгүлтүккө учуратты. Бул ирет себеп катары Слуцк шаарындагы жолугушуу өтчү жерде «шашылыш» оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрү айтылды. «Вясна» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, саясий иш-чарага жүздөгөн киши чогулуп, алардын арасынан 17 кишини полиция кармап кетти. Тихановскаянын ошол эле күнү Солигорск шаарында өтчү митинги да болбой калды. Ал калаанын бийлиги шайлоочулар менен... Читать дальше...
Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандар 700 миң кишиге жетти. Маалыматтарга караганда 15 секунда сайын бирден бейтап кайтыш болуп жатат. 206 миңден көп кишинин өлүмү катталган Латын Америкасы өлүм-житим жагынан Европадан ашып өттү. Өткөн жумада аймакта инфекциялангандар беш миллиондон ашкан. Көз жумгандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда келаткан Бразилияда коронавирустан 96 миңдей киши өлгөнү расмий бышыкталды. Мексика 49 миңдей кишисин жоготту. Буга карабай Латын Америкасындагы бир нече... Читать дальше...
Бишкек шаарында коронавирус пандемиясынан 14 педагог кайтыш болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева 5-августта «Sputnik Кыргызстан» агенттигиндеги онлайн-брифингде билдирди. Анын айтымында, вирустан каза болгон педагогдордун сегизи мугалимдер, экөө мектеп директору, калганы бала бакчаларда иштеген кызматкерлер. Иманалиева каза болгон педагогдордун жакындарына кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатканын маалымдады. Расмий маалымат боюнча... Читать дальше...
Кыргыз тарыхчысы, жазуучу Арслан Капай уулунун "Мисмилдирик" (“Беделдеги каргыш”) романынын түрк тилине котормосу өзүнчө китеп болуп басылып чыкты. Чыгарманы түркиялык окумуштуу жана котормочу Огуз Алпарслан Чатал "Bedel Geçidindeki Lanet" деген аталыш менен которуп чыкканы быйыл январь айында маалымдалган. Чыгарманын автору, журналист жана публицист Арслан Капай уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, китеп Евразия жазуучулар бирлигинин "Бенгү" басмаканасында басылып чыкты: “Китепти алгандар... Читать дальше...
Пакистан жаңы саясий картасына Кашмир чөлкөмүнүн Индиянын карамагындагы бөлүгүн киргизди. Туура бир жыл мурун Дели мусулмандар басымдуулук кылган аймакты жарым-жартылай автономиясынан ажыраткан. Премьер-министр Имран Хан шейшембиде элге кайрылып, жаңы картаны министрлер кабинети жактырганын жана ал Пакистандын расмий картасы болорун билдирди. Гималайдагы аймак «Индия мыйзамсыз басып алган» Жамму-Кашмир деп, талаштуу жердин макамын чечиш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы күтүлүп жатканы белгиленген. Читать дальше...
АКШ Ливияда зомбулук күчөп жатканына терең кабатырлыгын билдирди жана башка державаларды ал жактагы прокси согушту токтотууга чакырды. «Бардык тараптардын аскердик менчик компанияларды жана жалданма жоокерлерди пайдаланып Ливиянын иштерине кийлигишүүсүнө каршыбыз», - деди Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О`Брайан 4-августтагы билдирүүсүндө. Пентагон Москваны Түндүк Африкага «Вагнер» менчик компаниясынын жалданма аскерлерин жөнөтүп жаткандыгы үчүн айыптап жүрөт. Орусия өзүн... Читать дальше...
Бишкек шаарындагы №1 клиникалык оорукананын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев иштен алынганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, №1 оорукана боюнча дооматты Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия териштирип, ушундай чечим чыкты. Июль айында пандемия күчөп турган маалда №1 оорукананын дарыгери Дөөлөт Ибраимов «Фейсбуктагы» баракчасына чөнтөк телефонго тартылган видео кайрылуусун жарыялап, бул мекемеде жеке коргонуу каражаттары жетишпей... Читать дальше...
Кыргызстанда бир сутка ичинде 569 кишиден лабораториялык жол менен коронавирус аныкталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын 5-августтагы брифингде билдиргенине караганда, вирус жугузуп алгандардын саны боюнча Бишкек шаары дале биринчи орунда. Бир күн ичинде илдет табылган 569 кишинин 190у Бишкекте аныкталды. Ал эми Ош шаарында– 84, Чүйдө – 45, Ош облусунда – 64, Таласта – 43, Нарында – 13, Ысык-Көлдө– 41, Жалал-Абад облусунда – 47, Баткен аймагында - 42 адамдан COVID-19 табылды. Читать дальше...
Нарын облустук соту аялын сабап өлтүрдү деп соттолгон адамдын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул иш облустук сотто 4-августта каралды. Быйыл 12-майда Кочкор райондук сотунун өкүмү менен жергиликтүү тургун Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун («Ээнбаштык максатында ден соолукка оор зыян келтирүү») негизинде күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган жана ага 110 миң сом айып салынган. Жабыркаган тарап сот ага жеңил жаза берип койгонун айтып облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Читать дальше...
Ош шаарынын 24 жаштагы тургуну Алия Рысбекова жасалма интеллектти изилдеген "DeepMind" компаниясына ишке өттү.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучулары химия сабагы боюнча ICHO (International Chemistry Olympiad 2020) эл аралык онлайн олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Камил Мамбетов коло, Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев атындагы лицейдин окуучулары Камил Кубанычбек күмүш жана Нурсултан Соодонбеков коло медалга татышты. Караколдогу лицейдин окуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Чортеков 5-августта «Азаттыкка» билдиргендей,... Читать дальше...
Пандемия башталгандан бери мекенине кайтып келген 30 миңдей кыргызстандык мигранттын басымдуу бөлүгү ишсиз калды.
Кыргызстанда акыркы бир сутка аралыгында коронавирустан 11 бейтап каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдиргендей, вирустан кайтыш болгондордун бешөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, бирөө Ош шаарында, бирөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көлдө, дагы бири Жалал-Абад облусунда катталды. Ушуну менен Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1438 кишиге жетти.