Сапар Исаковдун соту 11-августка которулду
Бишкек шаардык сотунда музей жана ипподром иши боюнча бүгүнкүгө, 6-августка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты келбей калганы себеп болду. Адвокат Бакытбек Автандил уулу «Азаттыкка» билдиргендей, ал сотко ден соолугуна байланыштуу бара албай калды. Кийинки сот отуруму 11-августка белгиленди. Коронавирус эпидемиясына байланыштуу сот отуруму аралыктан өткөрүлүп жатат. Исаков Чүйдүн Петровка айылындагы колонияда кармалууда. Аны менен видеобайланыш түзүлдү. Читать дальше...