Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Шарабидин Капаров продажу земельных участков за взятки поставил на поток

Шарабидин Капаров продажу земельных участков за взятки поставил на поток

КР Президенти, КР ЖК төрагасы Т.Т. Мамытовго                                                                     

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ

Урматтуу Талант Турдумаматович!

1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров мурдагы айыл өкмөт башчысы Жумабаева жана Казаковдун кол тамгасын жасалмалап, айыл өкмөттүн жасалма моорун басып, жооптуу катчына жасалма токтом туура деп кол тамгасын койдуртуп, моор басып, Ш. Капаров “Кадастр” кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп жасалма токтомдор негизинде Кызыл китептер даярдап айыл аймактагы мурда жана жаңы берилген жерлерден жер тилкелерди 20 миң доллардан чекесинен сатып жатат. Ш.Капаров өзүнүн ордуна орун басарына кол тамгасын койдуртуп, жер ажыраткан (саткан). Ш.Капаровдун мыйзамсыз аракеттерин натыйжасында, жасалма токтомдор жана өзүнүн ордуна орун басарлары кол койгон жер ажыратуу жөнүндөгү жүздөгөн токтомдору, Кызыл Китептери, курулушка уруксат берген документтери, муниципалдык менчикти жеке менчикке өткөрүү жөнүндөгү буйруктары жана башка маанилуу документтери мыйзамсыз жана алар мыйзам чегинде жокко чыгарылып, Ш.Капаров мамлекетке келтирген өзгөчө ири өлчөмдөгү зыянды ордун толтурушу керек. Бирок, Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов мурдагы айыл өкмөт Жумабаева, Казаковдун кол тамгасын жасалмалаган ал жасалма жана мыйзамсыз токтомдорду жана Ш.Капаровдун ордуна орун басарларына кол тамгасын койдуртуп, жер ажыраткан (саткан) токтомдору жокко чыгаруу боюнча Сунуш, сотко доо арыз бербей, мыйзамды одоно бузуп жатат.

2. Ишкаван айылында жайгашкан Реми ресторанынын алдында Союз убагынан бери Ишкаван айылына өтүүчү жалпы пайдалануудагы жол болгон. Бирок, Ш.Капаров чоң парага ал жолду жеке менчикке сатып, азыркы күндө ал жол Реми рестораны ээси тарабынан мыйзамсыз тосулуп, айыл эли жолсуз калган. КР Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери-жол жеке менчикке берилбейт. Бирок, пара берсе Капаров, , ОшГипрозем, Кадастр, райАрхитектура генланды, документтерди бурмалап, жалпы пайдалануудагы жолду сатып жиберишет, Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов жолду мамлекетке кайтаруу боюнча Сотко доо арыз менен кайрылбай, тескерисинче колдоп, Соттор болсо мыйзамсыз жерди мыйзамдаштырып берет. Андан сырткары, Кара-Суу рай.Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек жолду ачуу боюнча мыйзамдуу чаралар коргон эмес, өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарган жок.

3. Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов, Ш.Капаров жана анын уулу Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек шалаакылыгы, функционалдык милдеттерин так аткарбай жатканы натыйжасында Махамадисман Сидиков Шамшат көчөсүнүн №53 жолун мыйзамсыз жаап койгон. Ошол эле учурда, Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекциясы тарабынан 2.09.2019 ж. №0038226 акты, №0021699 эскертме жазылган. М.Сидиковго чара корууну талап кылган кошунасын айыл өкмөт юристи Б.Сайдалиев: “Соттон арызды кайтарып ал, өзүнө жаман болот”-деп коркутуп жатат. М.Айтикулов, Ш.Капаров Мамэкотехинспекция башкы адиси уулу Ш.Шарабидин уулу менен алдын ала сүйлөшүп, М.Сидиковго чара корушбой, жалпы пайдалануудагы жерди-жолду мамлекетке кайтарбай, мыйзамды одоно бузуп жатышат. М.Айтикуловдун, Ш.Капаровдун жана Ш.Шарабидин уулунун кылмыштуу аракеттеринде Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген шалаакылык, кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу КР КЖК 331-бер. 1 бөл. менен кылмыш белгиси бар.

4. Ш.Капаров ОшГипрозем, Мамкаттоо, райархитектура кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп Сураташ айылынын Генпланын жасалмалап, Сураташ айылында социалдык объект мектепке деп ажыраткан жер тилкеден бир катар - ондогон жер тилкелер ажыратып 10 миң доллардан чеккесинен саткан. КР Президентинин 16.02.1995 ж. №37 Жарлыгы менен социалдык объекттердин жерлери жеке менчикке берилбейт.

5. Ш.Капаров ОшГипрозем кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, Сураташ айылынын генпланын жасалмалап, КР Жер Кодексинин 78 беренесин одоно бузуп, Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин - жолдорун мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберген. Ш.Капаров кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетуу максатында Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов менен алдын ала сүйлөшүп Сураташ айылынын жасалма Генпланын мыйзамдуу деп табууга жетишкен.

 Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 06.06.2007 ж. № 269 жасалма токтому менен Хасилжанов Тахирге Сураташ участкасынан уй-жай куруу учун 0,06 га жер тилкеси ажыратылып берилген. Бирок айыл өкмөтүнүн 06.06.2007 ж. № 269 токтому жасалма, себеби ал архивде жок, Хасилжанов Тахир ким өзү белгисиз, ишенимдуу өкүлү Ш.Капаровдун кошелёгу Халматов Абдумутал болсо Кыргызстанда бир нече жылдар жок, себеби жер сатып, көп адамдан карызы бар экен.

Ушул жасалма токтомдун негизинде Кара-Суу райондук Мамкаттоо башкармалыгы тарабынан 03.08.2015 жылы бирдиктуу мамлекеттик реестринде № 29371 катталып, Мамлекеттик акт берилген. Бир күн өтүп 04.08.2015 жылы Хасилжанов Тахирдин ишенимдуу өкүлү Халматов Абдумутал сатуу жана сатып алуу келишими менен Турдиахунова Очилдихонга сатат.

Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сураташ участкасынын №923 контурунда жайгашкан калктуу конуштарын жерлери болуп эсептелет. 2018 жылга чейин ал жерде 5 көчөнү - кварталды бириктирген чоң жол болгон. Бирок, азыркы күндө ал жолду Турдиахунов Абдугани мыйзамсыз тосуп алган. КР Жер Кодексинин 78 беренесине ылайык Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жеке менчикке берилбейт. Бирок, пара берсе Ш.Капаров, ОшГипрозем, Кадастр генланды жасалмалап жер ажыратып беришет, Кара-Суу районунун прокурору М.Айтикулов жолду мамлекетке кайтаруу боюнча Сотко доо арыз менен кайрылбай, тескерисинче колдоп, Соттор болсо мыйзамсыз жерди мыйзамдаштырып берген.

Ал жерде жер тилкелер 30-35 миң доллар болгондуктан, Ш.Капаров Сураташ участкасынын Генпланын 2015-2017 жылдары жасалмалаган. Себеби, Ш.Капаров Сураташ айылында социалдык объект-мектепке ажыратылган жерден бир катар жер тилкелер мыйзамсыз берген. Ошондой эле, архитектура жана шаар курулуш жоболоруна ылайык көчөлөрдү генпланын даярдап жаткан мезгилде көчөлөрдү бириктирген жолдор ар 150-200 метрге коюулушу каралган. Ошондой эле, КР Президентинин 16.02.1995 ж. №37 Жарлыгы негизинде социалдык объект жерин жеке менчикке ажыратып берүү мүмкүн эмес. Бирок, прокурор М.Айтикулов корутундусун чыгарган мезгилде ал мыйзамдуу негиздерди жана жоболорду мыйзамсыз четке кагып, жер мыйзамдарын одоно бузган. Себеби, Сураташ участкасында жер тилкелер кымбат 30-35 миң доллар. Мыйзамдар, шаар куруу жоболору эмес, материалдык кызыкчылыктар роль ойногон. Ошондой эле, Кара-Суу рай.Мамэкотехинспекция башкы адиси Шарабидин уулу Шадыбек жолду ачуу боюнча мыйзамдуу чаралар коргон жок, өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарган эмес. Андан сырткары, Сураташ айылынын ошол жердеги 2016 жылга чейин берилген чектеш бардык жер тилкелердин Кызыл китептеринде жана АПЗларында жол так чиймеленип турат. Ошол жердеги жер тилкелердин бардыгынын аянтты 600 кв.метр, туурасы 20 метр, узундугу 30 метр. Ш.Капаров тарабынан мыйзамсыз жасалма токтом негизинде жеке менчикке берилген жер тилке болсо туурасы 14 метр. Туурасы башка жер тилкелерге дал келбей жатат. Генплан боюнча жолдордун туурасы 14 метр каралган, демек ал жол. Бирок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып  Айтикулов Капаров менен алдын ала сүйлөшүп, ал мыйзамдуу негиздерге таянбай, тескерисинче Капаров жасалмалаган Генпланга таянып, мыйзамсыз корутунду чыгарып, жалпы пайдалануудагы жер - жол коррупциялык жолдор менен мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кетишине шарт түзгөн.

Жергиликтүү эл нааразы болгондо Ш.Капаров Сураташ айылынын тургуну Халматов Рузибай атынан Ош райондор аралык Сотуна доо арыз менен кайрылат. Бирок, Соттон утулуу максатында соттук отурумдарга Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров өзүнүн өкүлүн атайын жөнөткөн эмес. Ошондой эле, Халматов Рузибай, ошол жерди мыйзамсыз саткан Халматов Абдумуталдын жакын тууганы болот. Бул жерде Ш.Капаров атайын кызыкчылыктардын кагылышуусу менен доо арызды жер ээси - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан эмес, ал жолго тиешеси жок жана укугу, мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган эмес (ненадлежащий истец) Халматов Рузибайды мыйзамсыз катыштырат. Ошондой эле, соттук отурумда прокуратура өкүлү Э.Асанкулов М.Айтикуловдун мыйзамсыз корутундусуна таянып, доо арызды колдобойт. Натыйжада Ош райондор аралык сотунун судьясы З.О.Абдыкадырова тарабынан жасалма генплан негизинде 25.09.2020 ж. мыйзамсыз токтому менен Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жолу жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кетет.

Жер ээси - Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү доо арыз менен кайрылбайт, кайрылса дагы арызды кайтарып алат, же болбосо атайын утулат. Себеби Ш.Капаров алган параларды кайтарышы керек. Ошондой коррупциялык схемалар менен Ш.Капаров аймактын көптөгөн жерлерин атайын уттуруп, Соттун мыйзамсыз токтомдору менен мыйзамдаштырып, параны “адалташтырган” болот.   

7. Бирок, Ш.Капаров пара албаган жерлери болсо, прокурор М.Айтикулов менен алдын ала сүйлөшүп, социалдык аз камсыз болгон үй-булоолорго ажыратылган бюджет акчаларын мыйзамсыз болуштуруп атайын жалданма адамдарды жалдап, ошол жерлерге арыздарга кол тамгасын койдуруп, прокурор М.Айтикулов болсо ал адамдарды Сотко берип, материалдык жана моралдык чыгымдар кылууга, нервдерин жана убакытын текке кетирүүгө мажбурлайт. Ошол эле учурда М.Айтикулов Ш.Капаров мыйзамсыз сатып жиберген көптөгөн жер тилкелерди мамлекетке кайтаруу боюнча Сотко доо арыз менен кайрылбайт. Суроо туулат М.Айтикулов мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүнбү же Ш.Капаровдун мыйзамсыз байышы жана коррупциялык схемаларын онүгүүшү  үчүн мамлекеттен айлык алып жатабы?.. Мыйзамсыз аракеттерди көргөн карапайым эл Ш.Капаровго пара берүүгө мажбур болуп жатат. 

8. Коррупционер Ш.Капаров убагында турак үй курууга жер тилке ажыратуу, социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ажыратылган жардам акчаларын, сатылган жана ижараге берилген муниципалдык менчиктер жана башка маалыматтар мамлекеттик сыр сыяктуу элге берилбейт. Ш.Капаров тарабынан жер тилкелер мыйзамсыз ажыратылып жатат деп укканыбызда 06.10.2020 ж. айыл өкмөттүн токтомдорду каттоо журналын бир бети менен таанышып, Ш.Капаров кезектуулук тартибин сактабай, коомдук талкуулар өткөрбөй, кошелёктору аркылуу Кызыл-Байрак айылынан жер тилкесин сатып жибергени анык болот. Себеби, биз жер тилке ажыратылган жарандардын тизмесин  Ш.Капаровдон алып берүүнү сураганыбызда, Ш.Капаров мамлекеттик жана укук коргоо органдарына 2019 жылдан баштап азыркы күнгө чейин жер ажыратып берүү жөнүндө токтомдор чыккан эмес, себеби жер тилкелер калган эмес деп жазуу турундо жооп берген. Бирок, Ш.Капаров жер тилке ажыратып берүү жөнүндө токтомдор чыгарып жер тилкелерди жең ичинен сатып жатканы жана мыйзамсыз баюу максатында мамлекеттик жана укук коргоо органдарына, жарандарга жалган маалыматтарды бергени маалым болгон. Бирок, укук коргоо органдары жалган маалымат берген Ш.Капаровду ушул күнгө чейин кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес.

9. Коррупционер Ш.Капаров жалган маалыматтарды мамлекеттик органдарга жана жарандарга бергени жана жарандардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтар таанышып чыгуу жөнүндөгү конституциялык укугун одоно бузуу максатында Ош облпрокуратураге жана УКМК арыз менен кайрылган. Ал арызда “юрист” деген диплому бар Ш.Капаров Токторалиева жана Мирзакаримова 06.10.2020 ж. айыл өкмөттүн токтомдорду каттоо журналын бир бети менен таанышып чыккан деп бизге чара корууну суранган. Бирок, КР Конституциясынын 33 беренеси жана “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде биз ал маалыматтар менен танышууга конституциялык укугубуз бар. Конституцияны билбеген “юрист” Капаров кандай кылып диплом алган, ал юрфакда окуганбы, ал группада окуган студенттерди, мугалимдерди айтып бере алабы? Аларчы Капаров деген юристти билет бекен? Билсе, эмнеге билими тайкы Капаровго диплом беришет? Капаров окуганбы, же акчасы окуганбы? Андан сырткары, облпрокуратура жана УКМК Капаровдун арызы боюнча “юрист” Капаровго жарандардын конституциялык укугун чектегени жана маалыматтарды бербегени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуусун талап кылабыз.

10. Ш.Капаровдун Кара-Суу райондук укук коргоо органдарындагы “адвокаттарынын” коррупционерлер анабашчысы Ш.Капаровго чара көрбөгөндүгүнө байланыштуу КР Өкмөтү тарабынан 71 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүүлдү (трансформация) болду деп Ш.Капаровдун кошелёктору жер сатып жатышат.

КР Конституциясынын 33 беренеси жана “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”гу КР мыйзамынын талаптарын негизинде Сизден төмөнкү маалыматтарды жазуу турундо берүүнуздү жана жогоркулардын негизинде Сизден Республикалык ведомстволор аралык комиссия тузуп, тийиштуу органдарга тапшырма берүүнузду суранабыз:

1) 71 гектар же 85 гектар жер калктуу конуштардын категориясына өткөрүү (трансформация) жөнүндө КР Өкмөтү тарабынан чечим кабыл алынганы жөнүндө толук маалымат берүүнүздү.

2) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүно караштуу айылдарынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн 2012-2020 жылдары аралыгында берилген жер тилкелерин алган жарандардын тизмесин, токтомдордун көчүрмөсүн жана ошол жерлерге жасалган Кызыл китептер, АПЗ жөнүндөгү маалыматтарды Кара-Суу райондук Кадастр жана райондук архитектура тарабынан алып берүүнүздү суранабыз

3) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан жеке менчик турак-жай куруу үчүн 2019-2020 жылдары аралыгында берилген жер тилкелерин алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.

4) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык менчикти ижарага жана жеке менчикке берилген имарат, жер тилкелерди жана башка муниципалдык мүлктү 2019-2020 жылдары алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.

5) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджет эсебинен 2019-2020 жылдары социалдык жардам алган жарандардын тизмесин алып берүүнүздү.

6) Республикалык ведомстволор аралык комиссия тузуп, биз 2017 жылдан жазган бардык арыздарыбызды биздин катышуубуз менен текшерууну. 2017 жылдан жазылган бардык арыздарыбыз негизинде кылмыш иштерин ачып кайра каралсын. Прокуратура соттордун мыйзамсыз токтомдоруна протест жазып жеке менчикке өтүп кеткен жерлерди кайтарсын.

Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева, Г.М. Мирзакаримова, 14 декабрь 2020 жыл

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу Ш.Капаров жана анын балдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Ключевая ставка останется высокой, но может начать снижаться до 6-7% к 2027 году

Снег повалил допетровскую иву в «Аптекарском огороде» в Москве

Салют в честь Дня Победы в Петербурге. Видео

Жители Воскресенска отпраздновали День Победы в усадьбе Кривякино