Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 04.12.2020

«Кытайда "Манас" менен комузду угуп чоңойгом»

Azattyk.org 

Кытайлык кыргыз Гүлмира Макелек кызы Муса Баетовдун «Сагынам», Апаз Жайнаковдун «Кыргыз жери», Нурак Абдракмановдун «Сага» аттуу обондорун ырдап жүрөт. Ал өзү ыр жаратып, ага обон да жазат. Анын обондору эл арасында ырдала баштады.

Айсулуу Тыныбекова United World Wrestling виртуалдык турниринде жеңди

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу, күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен Күрөш Дүйнөсү уюмунун (UWW) виртуалдык турниринде жеңди. UWW Instagram баракчасында кыз-келиндер күрөшүнүн атактуу өкүлдөрүнүн мыктыларын тандаган онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-декабрда чыгарылды.   Виртуалдык турнирдин ар багытында сегизден катышуучу болду. Аларга 292 896 адам добуш берди. Финалда Айсулуу Тыныбекова индиялык белгилүү спортчу, 2016-жылкы олимпиаданын катышуучусу Винеш Пхогат менен бет келди. Читать дальше...

Диний чөйрөнүн талаштуу дымагы

Azattyk.org 

Муфтийдин орун басары Кадыр Маликов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акин Токталиев баш болгон дин өкүлдөрү өлкөдөгү саясий абалды, конституциялык реформаны жана президенттик шайлоону талкуулаган аудио соцтармактарда кеп болууда.  Кадыр Маликов, Шайлообек Үркүнбаев, Бактияржан Шарапов, Акин Токталиев, Дүйшөн Абдылдаев, Руслан Бекназаров, Умар Кулов аттуу кишилердин баарлашуусунан деп аталган 10 мүнөттүк аудиотасма 2-декабрда Интернетте пайда болду.   Чуу жараткан аудионун... Читать дальше...

Министр Фальков: Орусияга четтен 100 миңдей студент келе албай жатат

Azattyk.org 

Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков ушул тушта чет өлкөлүк 100 миңге жакын студент келе албай жатканын билдирди. Ал бул маселени орус жогорку окуу жайларына четтен келип окугандар маселеси боюнча жолугушууда айтты. «Чет өлкөлүк студенттерди окутуу - эң орчундуу маселелердин бири. Анткени Орусиянын жогорку окуу жайларында башка жактан келген 300 миңдей улан-кыз билим алат жана алардын үчтөн бири ар кандай себептерден улам Орусия Федерациясына келе албай жатат», - деди министр. Читать дальше...

Тихановская: Беларусту башкарууга даярмын

Azattyk.org 

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден америкалыктардан 100 күн беткап кийүүнү өтүндү. Молдовада шайланган президент Майя Сандунун өлкөнүн чалгын кызматына көзөмөл кылуу укугунан ажыратылышы нааразылык жаратууда. Беларус оппозициясынын лидери өткөөл мезгилде өлкөнү башкарууга даяр экенин жарыялады.

Сандунун укугун чектеген чечим элди кыжырлантты

Azattyk.org 

Молдованын президенти коопсуздук органына көзөмөл кылган укугунан ажыратылды. Парламенттин соңку чечими Молдованын Европага жакындашын колдогон Майя Сандуга бут тосуу катары бааланууда.

ИИМ: Кыргызстан кара куурайга көзөмөлдү азайтууга каршы

Azattyk.org 

Кыргызстан кара куурай жана кара куурайдын чыйыры өзгөчө кооптуу баңги заттардын тизмесинен чыгарылышына каршы. Бул тууралуу 4-декабрда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баңгизаттар боюнча комиссиясынын 2-декабрдагы чечимине каршы добуш берген 25 өлкөнүн бири. Мындай чечимин ИИМ Кыргызстандын аймагында кара куурай 10 миң гектардан ашуун жерде өсөрү жана ага каршы чараларды жумшартуу өлкөдөгү наркологиялык... Читать дальше...

«Адилет» клиникасы: Конституциянын талкууга коюлган долбоору чийки

Azattyk.org 

Кыргызстандагы «Адилет» укуктук клиникасы коомдук талкууга коюлган «Конституция жөнүндө» мыйзам долбооруна карата талдоосун жарыялады. 4-декабрда таратылган маалыматта талдоонун жыйынтыгында «Адилет» укуктук клиникасы бул мыйзам долбоору чийки жана кайра иштеп чыгууга муктаж деген чечимге келгени айтылат. Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук талкууга коюлган долбоорго биринчи жолу терең жана системалуу талдоо жүргүзүлгөн. Уюм адам укуктарынын эл аралык стандарттары, Кыргызстан... Читать дальше...



Ашхабадда айдооочулук күбөлүк үчүн аялдардан документ алына баштады

Azattyk.org 

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында Жол көзөмөл кызматы 1-декабрдан тартып айдоочулук күбөлүккө кыз-келиндерден документтерди кабыл ала баштады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы  аялдар баш-аягы 13 документ тапшырышы керек экенин жазды. Бирок бийлик бул боюнча расмий маалымат тарата элек. Кабарчылар ырастагандай, документтер Ашхабаддын №11 кичирайонунда гана кабыл алынып жатат жана бул жараян 12-декабрга чейин эле созулат. Ошондой эле документ тапшыргандардын баары эле айдоочулук күбөлүк аларына кепилдик жок. Читать дальше...

«Кыйноого каршы коалиция»: Май айындагы мунапыс өз максатына жеткен жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын «Кыйноого каршы коалиция» уюму быйыл май айында жарыяланган мунапыс өз максатына жеткен жок деп эсептейт. 4-декабрда уюмдун расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мунапыс тууралуу мыйзам долбоору жазылып жатканда 3 миңден ашуун киши жөнүндө айтылган, бирок иш жүзүндө 959 адам мунапыс алды.   959 адамдын арасынан эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан 65 киши бошотулду, качып, бирок кийин өз эрки менен жазасын өтөп жаткан жерге 13 киши кайтып барды, 881 адамдын эркинен... Читать дальше...

Финпол: Ошто мамлекетке 73 миллион сом зыян келтирген факт аныкталды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Ош шаарында мамлекеттик бюджеттен 73 миллион сомду өзүнө чегерип алган деп шек саналган кызматкерлердин үстүнөн тергөө уланып жатканын билдирди. Мекеменин 4-декабрдагы маалыматына караганда, Кең-Сай конушун электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча курулуш ишин жүргүзүүдө 10 миллион сомдук трансформаторлордун баасы 82 миллион сом деп көрсөтүлгөн. Буга чейин Финполиция ушул эле Кең-Сай конушунда жол курууда 13... Читать дальше...

Тихановская өткөөл мезгилде өлкөнү башкарууга даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 3-декабрда буга байланыштуу атайын видео кайрылуу таратты. Анда нааразылык акцияларынан кийин эртеби-кечпи диалог башталарын, мамлекеттик системанын кишилери кепке келеринен күмөн санабай турганын айтты. Ошондой эле өлкөнү башкарып калса, адистерди чогултуп, таза шайлоо өткөрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Читать дальше...

Классиканы кларнетте ойногон Улан

Azattyk.org 

Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда Эдилбек уулу Уландын кларнет аспабындагы концертти өттү. Концертте Иоганн Манндын с- моль кларнет үчүн үч бөлүк, Дебюссинин кларнет үчүн рапсодия, Иоганнес Брамстын 1-сонатасы, К.Молдобасановдун кларнет үчүн романсы ойнолду. Концертмейстер Н. Сагынбаева болду.

Молдова парламенти орус тилинин макамын мыйзамдаштырып жатат

Azattyk.org 

Молдовада парламент бейшембиде өлкө аймагында орус тилине «улут аралык баарлашуу тили» деген расмий макам берген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Эгер бул мыйзам толук кабыл алынса мамлекеттик кызматкерлер жарандарга орус тилинде да маалымат берүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле дары-дармектер үчүн орусча кошумча нускамалар чыгарылат. Мындан сырткары орус телеканалдарын Молдовада көрсөтүүгө уруксат берген демилге да парламентте биринчи окууда колдоо тапты. Молдаванын бийлиги 2018-жылы... Читать дальше...

Муфтият айдоочулар арасында «Адам жаны - аманат» иш-чарасын өткөрүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жол кырсыктарын азайтуу максатында айдоочулар арасында «Адам жаны - аманат» аттуу апталык түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүп жатат. Бул тууралуу 4-декабрда «Азаттыкка» муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, муфтий Максатбек Токтомушевдин 25-ноябрдагы буйругунун негизинде жер-жерлердеги дин кызматкерлери айдоочулар, такси кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.  «Жолдо жүрүү эрежеси, адам өмүрүнүн баалуулугу шариятта кандай жазылган? Читать дальше...

COVID-19: Түркмөнстанда катуу ооруган дарыгерлер көбөйдү

Azattyk.org 

«Азаттыктын» түркмөн кызматы ишенимдүү булактарына таянып бир катар аймактарда оор абалда бейтапканаларга жатып калган дарыгерлер көбөйгөнүн жазды. Марый велайетинде илдетке кабылгандар көбөйгөндүктөн экинчи оорукана карантинге жабылды. Түркмөнабаддагы көп тармактуу бейтапканадагы бери дегенде 15 кызматкер өпкөсү сезгенип ооруп калды. Бул жагдайдан улам өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен кандайдыр бир комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Түркмөнстанда өпкөсү сезгенип ооругандар жана бул... Читать дальше...

Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев сотко жеткирилген жок

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси жана анын президенттик аппаратынын башчысы болгон Фарид Ниязов менен мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаевдин камактагы мөөнөтүн узартуу маселесин кароону 5-декабрга калтырды. Бул тууралуу шектүү тараптын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, соттун жылышына жараянга Ниязов менен Сагымбаев жеткирилбегени себеп болду. Жактоочу тарап аларга коюлган айып негизсиз экенин, экөө тең мушташты уюштурбаганын, тополоңго катышпаганын айтып жатат. Читать дальше...

Активист Ормуков соттун депутат Текебаевдин мандаты боюнча чечимине каршы арызданды

Azattyk.org 

Жарандык активист Темирлан Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандаттан ажыратуу тууралуу сот чечимине каршы арызданып, кийинки инстанцияга кайрылды. Анын арызы каттоого алынганын 4-декабрда «Азаттыкка» Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. 4-декабрда Ормуков «АКИpress» агенттигинде басма сөз жыйынын өткөрдү. Агенттик жазгандай, ал Текебаевдин мандаты апрель-май айларына чейин алынбай жүрө бериши мүмкүн экенин, административдик сот ишти «туура эмес караганын» билдирди... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


АКШ Ирактагы элчилигиндеги кызматкерлерди азайтып жатат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Ирактын баш калаасы Багдаддагы элчилигинин айрым кызматкерлерин чыгарып кетүүдө. Медиа каражаттарында жарыяланган мындай маалыматты АКШнын элчиси Мэтью Туллер 3-декабрда ырастап, кызматкерлердин саны убактылуу гана азайтылып жатканын айтты. Мындай чечим АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу өкүм сүрүп жаткан учурда кабыл алынды. Иракта Иранга жан тарткан куралдуу кошуундар бар. Иракта АКШнын эң ири элчилиги жайгашкан. Ал жакта жүздөгөн дипломаттар иштейт. Азырынча алардын канчасы артка чакырылып жатканы так белгисиз. Читать дальше...

Конституциялык кеңешме: Аткаруу бийлиги үчүн толук жоопкерчиликти президент алат деген пункт киргизилүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда Конституциялык кеңешме аткаруу бийлигинин бардык бутактары үчүн жоопкерчиликти президентке жүктөөнү сунуш кылууда. Бул тууралуу Баш мыйзамдын коомдук талкууга коюлган долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин мүчөсү Болот Токтобаев 4-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди: «Логика боюнча президенттик башкаруу формасы болуп жаткандан кийин президент аткаруу бийлигин башкарат деген нерсе бар. Аткаруу бийлигине министрлер, өкмөттөн тышкары жергиликтүү органдар жана башка бийлик органдары кирет. Читать дальше...

Орусияда сегиз кызматташын аткан жоокер анын себебин айтты

Azattyk.org 

Орусиянын Забайкалье крайындагы аскер бөлүктө өзүнүн сегиз кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов бул кылмышка эмнеге барганы боюнча түшүндүрмө берди. Ал соңку сот жараянында адвокатынын суроолоруна жооп берип жатып, кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай коюшканын айтты. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирди. Жоокер эгер аны бир канча күн уктатпай коюп кыйнашпаганда «мындай кадамга бармак эмесмин» деп айтты. Читать дальше...

Жо Байден америкалыктарды 100 күн бою беткап тагынууга чакырат

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Жо Байден 15-январда ант берип кызматка расмий киришкенден кийин америкалыктарды 100 күн бою беткап тагынууга чакырарын билдирди. Ал бейшембиде CNN телеканалындагы маегинде беткап тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу чаралар натыйжалуу экенин эскертти. «Болгону 100 эле күн жана бул түбөлүккө созулбайт.  Эгер биз муну ишке ашыра алсак ооруну азайта алабыз. Эгер биз беткап тагынууну эмдөө менен айкалыштыра алсак, анда статистиканы да болушунча азайтыбыз», - деди Байден. Читать дальше...

Куру убада - көйгөйдү чечүү жолуна жатпайт

Azattyk.org 

Ала-Тоодогу аткаминерлер курулай тил эмизбестен, дүйнөнүн заманбап саамалыктарын да үйрөнүүсү жана колдонуусу кажет. Кыргызстандын кыйла мүмкүнчүлүктөрү куру убадага бастырылып калууда. Шайлообек Дүйшеевдин кезектеги блогу.

Таласта күн-түн «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат

Azattyk.org 

Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексинде бүгүн, 4-декабрда бир сутка бою «Манас» айтуу иш-чарасы өтүп жатат. Аны уюштурган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, иш-чара бүгүнкү «Манас күнүнө» арналат жана ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш жана белгилүү манасчылар катышууда. 5-декабрда саат 11:00 жыйынтыктала турган иш-чараны «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз эфирде көрсөтүп жатат. Министрлик бул майрамдык акцияны өткөрүүгө республикалык бюджеттен акча каражаты сарпталбай турганын... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде






Блогер Асхаб Тамаев попал в ДТП в Москве

Эксперты назвали самые красивые места для путешествий по РФ для любителей цветов

Михаил Кокляев провёл разминку для гостей выставки «Россия»

"Наступление сетей": томский эксперт о трендах общепита