Пакистанда терроризмди каржылаган деген эки киши кесилди
Пакистандын соту тыюу салынган уюмга мүчө болгон деп шек саналган эки кишини терроризмди каржылаган деген айып менен узак мөөнөттөргө түрмөгө кести. Карачидеги сот эки башка иштин өкүмүн 29-декабрда жарыялады. «Jamaat-ud Dawa» уюмуна мүчө болгону айтылган Гулям Расул Раббани 25 жылга эркинен ажыратылып, 13 700 доллар айыпка жыгылды. Карачидеги мечитке жана медресеге ээлик кылган Раббани 15-ноябрда кармалган. Прокуратура ал уюм үчүн чогулткан акча терроризмди каржылоого жумшалган деп эсептейт. Раббани өзүнө коюлган айыпты четке кагууда. Читать дальше...