Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын байге алды
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда алтын байге алды. Ал 68 килограммга чейинки салмакта финалда чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңди. Мээрим Жуманазарова бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Ал алгач беларус Анна Садчанканы 4:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда украиналык Алина Бережна Стадник-Махиняны (6:6) уткан. Бул күнү дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмакта коло байге алды. Читать дальше...