Коронавируска байланыштуу коопсуздук чараларынын шартында Чыгыш өлкөлөрү жаңы жыл тилкесине кирди
Евразиянын чыгышында, Австралияда бир катар элдер коронавируска байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн кырдаалда 2021-жылды тосуп алышты. COVID-19 илдетинин алааматы Жаңы жыл майрамын адамзат буга чейин эч көрбөгөндөй карантин шарттарында тосууга мажбурлады. Кыргызстан калкы да коронавируска карата санааркоо жана президенттик шайлоого кызуу даярдык кырдаалында Жаңы жыл майрамын тосту. Чыгыш элдеринин, анын ичинде кыргыздардын 12 жаныбардын атына негизделген мүчөл жыл санагына ылайык, 2021-жыл - Уй жылы болот. Читать дальше...