Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 21.12.2020

“Ну, погоди!” мультфильминин жаратуучуларынын бири Курляндский каза болду

Azattyk.org 

Балдар арасында таанымал “Сениби, шашпа!” (“Ну, погоди!”) мультфильминин жаратуучуларынын бири, сценарист Александр Курляндский (1938—2020)  21-декабрда 82 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Курляндский балдар жана чоңдор үчүн юмордук жана сатиралык аңгемелердин автору катары да белгилүү болчу. Ал жараткан “Сениби, шашпа!” , Азамат, Гоша” ("Великолепный Гоша") аттуу мульфильмдер Советтер Биримдигинде өзгөчө атакка жеткен. Маркум Курляндский, ошондой эле... Читать дальше...

Навальный өзүн ууландырды делген ФСБнын кызматкери менен сүйлөшкөнүн жарыялады

Azattyk.org 

Орусиянын оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өзүн ууландырган делген Коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялады. Бул тууралуу саясатчы өзү айтып чыкты. Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан Федералдык Коопсуздук кызматынын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен чалып чыккан. Алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен "Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы катары өзүн тааныштырып" сүйлөшкөн. Читать дальше...

ТИМ: Түркия саламаттык сактоо тармагындагы долбоорду ишке ашырууга даяр

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 21-декабрда Түркиянын Кыргызстандагы эчиси Женгиз Фыратты кабыл алды. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, тараптар  Казакбаевдин быйыл 9-11-ноябрда Түркияга болгон  иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты. Министр сапар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын  артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгиледи. Элчи Фырат саясий, соода-экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө жигердүү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүү керектигин билдирди. Читать дальше...

Артем Новиков Ысык-Көл облусуна иш-сапар менен барат

Azattyk.org 

Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш-сапар менен 22-декабрда барат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Новиков аймактагы  инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейин Ош, Баткен жана Нарын облустарын кыдырып келген. Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык... Читать дальше...

Ысык-Көлдө 16 жаштагы кызга нике кыйылганы тууралуу маалымат тарады

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 21-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга муфтият менен биргеликте жашы жете электерге нике кыюуга каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды. Өкмөттүн маалыматына караганда, буга  Ысык-Көл облусунда жашы 18ге толо элек кызга нике кыйылганы тууралуу маалымат себеп болду.  Сурабалдиева секелектин турмушка чыгышынын чоо-жайын териштирүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырды.  Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөнгөнү... Читать дальше...

БШК "Парламенттик башкаруу үчүн" үгүт тобун каттады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-декабрдагы жыйынында Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган топторду каттоо маселесин талкуулады.    Анда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев түзгөн "Парламенттик башкаруу үчүн" демилгелүү үгүт тобу катталды. Бекешев эми референдумду утурлай парламенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөй турганын, социалдык тармактар аркылуу парламентаризмдин артыкчылыктарын түшүндүрүп бергенге аракет көрөрүн билдирди.... Читать дальше...

Улуу Британия менен Евробиримдик сүйлөшүүлөрдө мунаса табыша элек

Azattyk.org 

Улуу Британия менен Европа Биримдигинин ортосундагы "Брекзиттен" соңку  соода алакаларынын шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок. Евробиримдиктин башкы чабарманы Мишель Барнье менен британ коллегасы Дэвид Фрост 20-декабрда Брюсселде жолугушту. Бирок негизги маселелер боюнча алар мунаса таба алышкан жок. Эки аптадан соң Улуу Британия Евробиримдиктен чыгуу жараянын аяктайт жана Биримдиктин соода эрежелерин аткаруу милдетинен кутулат. Бирок уюм менен расмий Лондондун ортосундагы бир нече... Читать дальше...

Ош шаарынын биринчи вице-мэрлигине мурунку салыкчы Жылдызбек Турганбаев дайындалды 

Azattyk.org 

21-декабрь күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп буга чейин салык кызматында иштеген Жылдызбек Турганбаев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын басма сөз катчы Азамат Абсаттаровдун айтуусунда, биринчи вице-мэр калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун буйругун менен дайындалып, мэриянын жамаатына тааныштырылды. Жылдызбек Турганбаев 2019-жылдын июль айынан бери Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеп турган, ага чейин түштүк аймагы боюнча, Ош шаары... Читать дальше...



УКМК санаторийди басып алууга Ташиевдин тиешеси жок экенин билдирди

Azattyk.org 

18-19-декабрда Жалал-Абад шаарынын курортунда жайгашкан санаторийди басып алуу аракетине бөгөт коюлганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы (УКМК) билдирди. Атайын кызматтын маалыматында "«Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу С.Күчүков жана ал санаторийдин директорунун милдетин аткаруучу кылып мыйзамсыз дайындаган Э.Айтиев жооп топ менен имараттын администрациясына күч менен кирип, жетекчинин иш бөлмөсүн ээлеп алууга аракеттенген. Читать дальше...

"Азаттык": Уурулар коркутуп, коомдон колдоо таптык

Azattyk.org 

Шайлоо менен коррупцияга каршы Октябрь көтөрүлүшү Жакында генерал Өмүрбек Суваналиев бизге берген маегинде: “Октябрда элдик толкундоо чыкпаганда, Кыргызстанда кылмыштуу топтор, мафия өзүн мыйзамдаштырып, бийликти колго алмак, ошого аз эле калган”, - деп эскертти. Чын эле парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы эл көчөгө агылып чыкпаганда, балким, ошондой болот беле, азыр деле андай кылмыштуу уюшмалардын катыгы берилип, тамыры үзүлдүбү - бир беткей айтуу кыйын, жаңы бийлик шайланып, мыйзамдашкандан кийинки алгачкы кадамдары көргөзөт ко. Читать дальше...

Европа Биримдигинде коронавируска каршы эмдөө 27-декабрда башталат

Azattyk.org 

Европадагы дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги Европа Биримдигинин аймагында "Pfizer" жана "BioNTech" компаниялары чыгарган вакцинаны колдонууга уруксат берди. Жакын арада бул чечимди Европа комиссиясы расмий түрдө бекитиши керек. Евробиримдиктин жетекчилиги мындай чечим менен шаркетке мүчө өлкөлөрдө жаңы жылга чейин эмдөөнү баштаса болорун билдирди. Германиянын, Франциянын, Австриянын жана Италиянын бийлиги 27-декабрда эмдөөнү баштай турганын кабарлаган. Германиянын саламаттык сактоо министри Йенс Шпандын айтымында... Читать дальше...

Жарыгы жок, көңүлү ток Кең-Суу

Azattyk.org 

Нарындын Жумгал районунун Кең-Суу айылында электр жарыгы, мектеп жана оорукана жок. Айылдык мугалим беш жылдан бери өзүнүн эки бөлмөлүү үйүн мектеп кылып жасап, башталгыч класстын балдарын окутат. Жолдун катаалдыгы жана шарттын жоктугуна карабай элетти сүйүп, каада-салттарды сактап келет.

Фемицид: Аялдардын өмүрү кантип кыйылат?

Azattyk.org 

Кыргызстандык журналисттер алгач ирет өлкөдөгү фемицидди иликтешти. Анын жүрүшүндө 54 миңден ашуун маалымат талданган. Киши колдуу болгон аялдардын көбүнө күйөөлөрү, өнөктөштөрү такай зордук-зомбулук көрсөтүп турганы аныкталды. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө фемицид тууралуу сөз болот.

Соода-өнөр жай палатасындагы талаш

Azattyk.org 

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына жетекчи болуп Марат Шаршекеевдин кайрадан шайланышына бир катар ишкерлер нааразы болуп жатышат. Алар шайлоо учурунда уюмдун уставында жазылган эрежелер сакталбаганын белгилешүүдө.

Ишкерлерге үмүт берген кышкы туризм

Azattyk.org 

19-декабрда Кыргызстанда кышкы туристтик мезгил расмий ачылды. Бул кышта Кыргызстанда кар ноябрда эле мол жааганына байланыштуу туристтик сезон эрте башталды. Адистер бул пандемиядан жабыркаган туризм тармагына чоң жардам болот деп үмүттөнүшүүдө.

Кыргызстан | Жаңылыктар (21.12.2020) "Бүгүн Азаттыкта"

Azattyk.org 

- Шайлоонун үгүт өнөктүгүнүн алгачкы үч күнүндө эле Садыр Жапаровдун штабы дээрлик 44 миллион сом сарптаган. Эң аз акча - 1 миллион сомдон ашыгыраак "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова коротту; - 13 жаштагы кызды зордуктагандарды актап жиберген сот Сабыр Сооданбековдун жоопкерчилигин кароо талабы уланууда. Бишкектин Эмен сейил багында активисттер «Таш жүрөккө каршы» деген акция өткөрүшту.

Президенттик шайлоо: 42 эл аралык байкоочу катталды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 21-декабрдагы жыйынында алдыдагы президенттик шайлоого карата 42 эл аралык байкоочуну каттады.  Буга чейин Боршайком  23 мамлекет жана 15 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 120 эл аралык байкоочуга аккредитация берген. Ага ылайык, президенттик шайлоодо Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн бир, Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) бир, Молдова БШКсынан эки, КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан 34, КМШ миссиясынан төрт, Азербайжандан бир... Читать дальше...

Новости России
Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Кочкор районунда төрт киши иске ууланып каза болду

Azattyk.org 

Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши каза болду. Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Жалпысынан беш киши ууланып, анын кесепетинен жаш келин үч кызы менен кошо көз жумган. Ал эми беш жаштагы бала ооруканага жаткырылган. Аман калган беш  жаштагы баланын абалы жакшы. Баштапкы маалыматтар боюнча алар көмүрдөн чыккан иске ууланышкан. Нарын облустук милициясы бул маалыматты ырастап, райондук бөлүмгө маркум келиндин агасы кайрылганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык... Читать дальше...

«Барометр» президенттик шайлоо, референдум боюнча сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады

Azattyk.org 

“Борборазиялык барометр” уюму Кыргызстанда 10-январда өтө турган президенттик шайлоо жана референдум боюнча эл арасында сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын 21-декабрда жарыялады. Жарыяланган маалыматка караганда сурамжылоого катышкандардын 58% быйыл 5-октябрдагы бийлик алмашууну толук колдой турганын, 73% келерки жылдын 10-январындагы шайлоого барарын билдиришкен. Сурамжылоого катышкандар, эгер, президенттик шайлоо бүгүн өтсө 64% Садыр Жапаровго, 3% Адахан Мадумаровго, 1% Бактыбек Калмаматовго добуш берерин билдирип... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Казакстандык режиссёрлор Кыргызстанга кире элек

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан кинофестивалга катышуу үчүн Кыргызстанга келе жаткан казак режиссёрлору Казакстандын чек арасынан өтө элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, казак жарандары Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз кире алышат. «Казакстандык жети кинорежиссёр Кыргызстандын чек арасында кармалып турушканы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Алар Казакстандын аймагында турушат. Кыргызстандын аймагына кире элек. Читать дальше...

Зеленский Крым маселеси боюнча АКШнын жаңы бийлигине үмүт артат

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин администрациясы Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууда активдүү роль ойноп, Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кайтарууга басымды күчөтөт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Зеленский "New York Times" гезитиндеги маегинде билдирди. Украин президенти өз өлкөсү эч качан Донбасска өзгөчө макам берүүгө макул болбостугун, жаңжалды тынч жол менен чечүү үчүн НАТОго мүчөлүккө кирүү ниетинен баш тартпастыгын билдирген. Ошондой эле... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

16-летняя Мирра Андреева победила чемпионку Уимблдона на турнире WTA в Мадриде






В Якутске обсудили вопросы диагностики и лечения гепатитов В, С и Д

Эстафета поколений и победителей. В Ульяновске отметили юбилейный праздник спорта

Школу в селе Александровский Завод в Забайкалье хотят сдать в конце 2024 года

Григорий Лепс решил ответить на нападки Артемия Троицкого