Москвада оппозициячыл активист Соболь тергөө абагынан чыкты
Оппозиционер Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы фонддун юристи Любовь Соболь жекшембинин (27-декабрдын) кечинде Москвада тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Соболь “Дождь” телеканалына өзү билдирди. Активист жума күнү 48 саатка камалган. Андан мурун активистти Тергөө комитетине алып келишкен. Ага "менчик турак жайдын кол тийбестигин бузган" деген негизде айып тагылган. Кандайдыр бир баш коргоо чарасы каралган-каралбаганы азырынча белгисиз. Соболдун сөзүнө караганда, иште «дал келбеген жагдайлар көп». Читать дальше...