Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 05.12.2020

АКШ элчиси Матраимовдорго байланыштуу иликтөөнү өткөн 18 айдын маанилүү окуясы деп атады

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу өткөн 18 айда Кыргызстанда болгон эң маанилүү окуя катары Матраимовдорго байланыштуу журналисттик иликтөөнү атады. Мындай пикирин 5-декабрда "Интерньюс" уюмунун журналисттерге "Умтулуу" сыйлыгын ыйгарган аземинде айтты.  "Өткөн сыйлык тапшыруу аземинен бери акыркы 18 айда кайсы окуя Кыргызстандагы жаңылыктардын эң маанилүүсү болду? Шайлоо? Коронавирус? Революция? Жок. Акыркы 18 айдагы эң маанилүү окуя – "Раим миллиондун" кылмыштуу империясы жөнүндө журналисттик иликтөө. Читать дальше...

Мыйзамды сактабаган өлкөнү залимдер тебелейт

Azattyk.org 

Мыйзамды бекем сактоо зарылчылыгын оболу жетекчилердин мыйзам алдындагы жоопкерчилиги менен байланыштыруу кажет. Эгерде төбөл өзү мыйзамды айланып өтсө, анда залимдик режим калыптанат. Ж.Турдубаевдин блогу.

Кыргызстанда пенсия жашына келгендер көбөйдү

Azattyk.org 

Буга чейин Кыргызстан демографиялык проблемага кабылган эмес. Чет жерге иш издеп кеткендер көбөйгөнү менен калктын саны көбөйүп, өмүр жашы узарып, өлүм-житим азайып келаткан. Ошентсе да жалпы дүйнөлүк карылык маселеси Кыргызстанды кыйгап өтпөгөнү байкалат.

Украинанын Жогорку Радасы Жогорку сот жокко чыгарган коррупцияга каршы мыйзамды калыбына келтирди

Azattyk.org 

4-декабрда Украина парламенти – Жогорку Рада – өз кирешеси тууралуу жалган маалымат берген төбөлдөрдү жазалоо тууралуу мурдагы жобону калыбына келтирүүнү колдоп добуш берди. Бул жобо октябрда Конституциялык сот тарабынан алынып ташталганда, өлкөдө жана тышкаркы чөйрөлөрдө кескин нааразылык билдирилген. Конституциялык соттун бул кадамынын айынан Батыштын Киевге каржылык көмөгү жана Евробиримдикке украин жарандарынын визасы жок каттоо мүмкүнчүлүгү коркунуч алдында калган. Украина көптөгөн жылдар бою жемкорлуктун азабын тартты... Читать дальше...

Канат Сагынбаев үй камагына чыгарылды, Фарид Ниязов абакта калды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаев үй камагына чыгарылды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-декабрда ушундай чечим кабыл алганын адвокат Замир Жоошев "Азаттык" радиосуна билдирди: "Прокурорлордун аны Убактылуу кармоочу жайда калтыруу өтүнүчү каралып, сот аны канааттандырган жок. Канат Сагынбаев үй камагына чыкты". Ал эми Фарид Ниязов камакта калды. Адвокат беш күн аралыгында шаардык сотко кайрыларын айтты. Читать дальше...

Германдык дипломат Хелга Шмид айым ЕККУнун жаңы башчысы болуп калды

Azattyk.org 

Германиялык дипломат Хелга Мария Шмид (Helga Maria Schmid ) айым Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу учурда ЕККУга төрагалык кылып жаткан Албаниянын тышкы иштер министрлиги 4-декабрда «Твиттер» аркылуу шардана кылды. ЕККУнун 57 тышкы иштер министринин добуш берүүсүнүн негизинде ушундай чечим кабыл алынган. 59 жаштагы Хелга Шмид ЕККУну жетектеген алгачкы аял болуп калды. Ал буга чейин Евробиримдиктин дипломатиялык кызматынын башкы катчысы болуп иштеп келген. Читать дальше...

Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден…

Azattyk.org 

Сиздер "Сүйүү өнөрүнөн" кабардарсыздарбы? Даңазалуу ойчул жана илимпоз Эрих Фромм 1956-жылы жазган ушундай аталыштагы китептин мазмунун блогчу Аким Кожоев өз дилинен өткөрүп чечмелейт.



Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөр жанданып жаткан чакта зомбулук аракеттери күчөгөнүнө Помпео тынчсызданды

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстандагы зомбулук аракеттердин деңгээли "кабыл алгыстай жогорку чекке" жеткенине тынчсыздануусун билдирди. 4-декабрда ал сүйлөшүүлөр жүргүзүп жаткан оогандык өкмөт өкүлдөрү менен талиптердин өкүлдөрүнө видео кайрылуусун жолдоду. Кайрылууда эки тарапты тең «чындап чегинүүгө» чакырды жана жалпы өлкө боюнча ок атышууларды токтотуу сыяктуу өтө орчун маселелер чечилет ко деген үмүтүн билдирди. Доха шаарында оогандык өкмөт өкүлдөрү менен талиптердин өкүлдөрү... Читать дальше...

Пашинян Тоолуу Карабакта «бардык туткундар бардык туткундарга» деген принцип менен алмашуу жүрөт деп айтты

Azattyk.org 

Азербайжандын жикчил Тоолуу Карабак аймагында жоолашкан тараптар тарабынан туткунга алынгандар «бардык туткундар бардык туткундарга» деген принцип менен алмашыла тургандыгы тууралуу макулдашууга жетишилгендигин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өзүнүн видео кайрылуусунда маалымдады. Жаатташкан тараптардын ар бири туткундар тууралуу тизмелерин Эл аралык Кызыл Чырым кайрымдуулук уюмуна тапшырган. Пашиняндын айтымында, мында соңку согушка чейинки туткундар тууралуу да маалымат камтылууга тийиш. Читать дальше...

Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды

Azattyk.org 

Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды. "Спутник V" препараты менен акысыз эмдөө күнүгө шаардык бейтапканаларда болот. "Азаттыктын" орус кызматы кабарлагандай, алгач эмдөөгө билим берүү, социалдык камсыздоо, саламаттык тармагынын 18ден 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, кош бойлуу эмес жана бала эмизбеген адистери жазылат. Москва мэриясы 5-декабрда кабарлагандай, алгачкы беш саатта эле эмдөөгө 5 миң адам жазылды. Орусиянын академик Николай Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана... Читать дальше...

Мигрант курьердин билим алуу кыялы орундалды

Azattyk.org 

“Азаттыктын” каарманы, Москвада курьер болуп иштеген Бекзатты ишкерлер Германияга окууга жибермей болду. Бир жыл мурун Орусияда жүргөн мигрант азыр немис тилин үйрөнүп жатат. 24 жаштагы Бекзат Жолдубай уулу былтыр орусиялык блогерлердин видеосунан кийин Интернетте белгилүү болгон.

Кыргызстан марихуанага байланыштуу БУУ комиссиясынын чечимине каршы добуш берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы БУУ комиссиясынын марихуананы дүйнөдөгү кооптуу маңзаттардын катарынан чыгаруу чечимине каршы добуш берди. ИИМ баңгизатка көзөмөлдү азайткан кандай гана чечим болбосун терс таасир көрсөтөрүн маалымдады. 2-декабрда БУУ комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Комиссияга 53 мамлекет катышып, АКШ жана... Читать дальше...

Сузакта Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги (УКМК) Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери паракорлук фактысы менен кармалганын кабарлады. Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси ыкчам-издөө ишинин алкагында 27-ноябрда УКМК кызматкерине 60 миң сом берип жатканда колго түшкөн. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал райондун аз камсыз болгон жашоочуларынын социалдык төлөмдөрүнө байланыштуу документтердеги мыйзам бузууларды оң жагына чечүү үчүн УКМК кызматкерине берген. Читать дальше...

Трамп Жоржия штатындагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз берди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Доналд Трамптын шайлоо өнөктүгүнүн тобу Жоржия штатындагы 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу 4-декабрда бул штатта арыз берди. Ал эми 5-декабрда Жоржия штатында тарапкерлери уюштурган жаткан нааразылык жыйынына президент Трамп өзү келип катышаары күтүлүүдө. Бул жыйынга республикачылардын бир даары келээрки айда өтө турган шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лёффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине колдоо көрсөтүү максатында да чыгышмакчы. Читать дальше...

"Бизге ВИЧ жуккан. Күрөштү улантабыз"

Azattyk.org 

Дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан ВИЧ илдетин жуктуруп алган Сырга менен Карачач сыр бөлүштү. ВИЧке чалдыккан өспүрүмдөрдүн тагдырына арналган "Сынбайм" аудиобаяндар сериясынын кезектеги эпизоду.

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

6-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңот, батыштан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3, Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5, Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15... Читать дальше...

Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек?

Azattyk.org 

3-декабрда Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун карады. "Азаттык" элге Кыргызстанга кандай башкаруу системасы керек жана президенттик шайлоо менен рефендумдун бир күндө өткөрүү туурабы деген суроону узатып көрдү.

Новости России
Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Зомбулукту Мыйзам менен жеңе аласыз

Azattyk.org 

"Айкын багыт" коомдук фонду зомбулукка кабылган кыз-келиндерге укуктук кеңеш берген сүрөт-баян даярдады. "Азаттык" радиосу аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы 16 күндүк акциянын алкагында аны окурмандарга сунуш кылат.

Сот эже-сиңди Хачатуряндардын атасына иш козгоого уруксат берди

Azattyk.org 

Москва соту тергөөчүлөрдүн эже-сиңди Хачатуряндардын атасы - Михаил Хачатурянга карата кыйноо жана сексуалдык мүнөздөгү иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуусун мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады. Эже-сиңдилердин адвокаты эгер иш козголсо, кыздар жабырлануучу катары катышарын билдирди. Буга чейин Тергөө комитети кыздардын атасы өлгөндүктөн, ага байланыштуу иш козгогон эмес. Орусиянын Башкы прокуратурасы атасын өлтүргөн деп шек саналып жаткан эже-сиңдилерден айыпты январда алып салган. Читать дальше...

Соңку бир суткада дагы 401 адамдан коронавирус аныкталып, беш киши өлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда 5-декабрга карата дагы 401 адамдан коронавирус илдети аныкталып, дагы беш киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 425 адам айыкты. Жаңы аныкталган учурлар: Чүй облусу – 133; Бишкек шаары - 99; Ысык-Көл облусу – 45; Жалал-Абад облусу – 39; Баткен облусу - 26; Ош облусу - 22; Ош шаары - 20;   Талас облусу - 15; Нарын облусу - 2. Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Читать дальше...

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду Айдан топурактын үлгүсүн алууга жетишти

Azattyk.org 

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду Айдан топурактын үлгүсүн алып, ачык космоско кайтты. Эми ал Жерге Айдын топурагы салынган капсуланы алып келчү кемеге кошулууга тийиш. Жабдык 1-декабрда мурда эч ким барып көрө элек лава өрөөнүнө конгон. Зонд эки килограмм материал чогултууга аракеттенген. Бул илимпоздорго Айдын пайда болушу жөнүндө көбүрөөк маалымат алууга жардам бермекчи. 24-ноябрда ааламга бет алган пилоттолбогон аппарат жылдын аягына чейин Жерге кайтып келмекчи. Миссия ийгиликтүү аяктаса, Кытай... Читать дальше...

"Реформа" партиясы парламенттик шайлоодогу 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда

Azattyk.org 

"Реформа" партиясы 4-октябрда өткөн, кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) төккөн 5 миллион сом күрөөнү кайтарып берүүнү талап кылууда. Партия муну добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганы, шайлоо жараяны аягына чыкпай калганы менен түшүндүрдү. "Реформачылар" ушул өтүнүч менен БШКга кайрылган. Боршайком 28-ноябрда аны аткаруудан расмий баш тарткан. Аталган партия шайлоодо ат салышуу үчүн 5 миллион сом күрөөнү краудфандинг жолу менен, тагыраагы колдоочуларынан топтогон. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






МинЖКХ Подмосковья подвело итоги работы за 2023 г и определило планы на 3 года

Жители Подмосковья смогут зарегистрировать дачи в праздники

Более 300 многодетных семей Сергиева Посада получили электронное удостоверение

Ольга Любимова прибыла с рабочим визитом в Королевство Таиланд