Түркияда кыргызстандык кыздын шектүү өлүмү иликтенет
26-декабрда Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Р.К.нын өлүмү боюнча Анталия шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаганын кабарлады. Бул тууралуу жергиликтүү "Демирөрен" кабар агенттиги жана башка кабар агенттиктери маалымат таратты. Анда Анталия шаарынын Муратпаша районунун тургуну, түрк жараны Е.О. полицияга чалып, чогуу жашап жүргөн сүйлөшкөн кызы кыргызстандык Р.К.нын эртең менен каза болуп калганын кабарлаган. Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери кыргызстандык кыздын каза болгонун айтышкан. Читать дальше...