Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 23.12.2020

Орусиянын Мамдумасы “саясат менен алектенгендерди” чет өлкөлүк агент катары таанууга уруксат берди

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасы 23-декабрда үчүнчү окууда кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, эми кайсы бир жарандар же коомдук бирикмелер “чет өлкөлүк мамлекеттин кызыкчылыгында” же эл аралык уюмдардын кызыкчылыгында “саясий ишмердик менен” алектенчү болсо, Орусиянын аскердик ишмердиги жаатында маалымат жыйнаса, же чет өлкөдөн каржылык колдоо алчу болсо, анда алар “чет өлкөлүк агент” катары таанылууга тийиш. Шаршембиде (23-декабрда) кабыл алынган дагы бир мыйзамга ылайык, эгерде жекече тараптар агент... Читать дальше...

Салянованын сотунда иштин материалдары изилденүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо 23-декабрда уланды. Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдиргендей, сотто иштин материалдары изилденип жатат. Материалдар изилденип бүткөндөн кийин тараптардын жарыш сөзү башталат. Кийинки жараян 30-декабрга белгиленди. Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу... Читать дальше...

Ишкерлер президенттикке талапкерлер менен жолугушат

Azattyk.org 

Кыргызстандагы ири бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү бүгүн, 24-декабрда президенттикке талапкерлер менен жолугушат. "Orion" мейманканасындагы иш-чараны ишкерлер коомчулугу уюштурган. Алардын маалыматына караганда, жыйында өлкөдөгү ири 25 бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү президенттикке талапкерлер менен экономика жана ишкерликти өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоону көздөп жатышат. Ошондой эле жыйында талапкерлер менен өнүгүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлары күтүлүүдө. Иш-чарага канча талапкер барары азырынча белгисиз. Читать дальше...

Милиция Солтон-Сарыдагы алтын кенин белгисиз топ басып алганын ырастады

Azattyk.org 

Нарын облустук милициясы Эмгекчил айылында белгисиз топ Солтон-Сары алтын кенин басып алганын 23-декабрда "Азаттыкка" ырастады. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлеринен турган топ жөнөп кеткенин, толук маалымат 24-декабрда бериле турганын кабарлады. Алтын кенин белгисиз адамдар басып алганын активист, укук коргоочу Качкынбек Булатов 23-декабрда "Фейсбуктагы" баракчасында жарыялаган. Ал "кечки саат 16.00 чамасында Солтон-Сары жайлоосундагы алтындын запасы бар Көл-Төр жана Чолок-Төр тилкесин... Читать дальше...

Жаңы президентке үмүт жана талап

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда. Жаңы президенттин алдында кандай маселелер турат? Ал элдин ишенимин актоо үчүн кандай олуттуу кадамдарга барып, реформаларды жасашы керек? Өткөн президенттердин тагдырынан сабак алчу жагдайлар кайсылар?

Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш сотто каралат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл деген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.  Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдиргендей, жараян саат 14.00гө белгиленген. Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп,  10-декабрда биринчи отурум өткөн.    Кыргызстанда баңгизат сатуу... Читать дальше...



Балатылар жарышы: тумоо маалындагы чыгым

Azattyk.org 

Быйыл пандемияга карабастан чоң шаарларда балатылар орнотулду. Өлкө боюнча жаңы жылдык жасалганын өзүнө эле 1 миллион 700 миң сомдон ашуун каражат жумшалды.

«Менин сүйүктүү Якутиям». Ыраакы түндүктүн сыйкыры

Azattyk.org 

Якутиялык сүрөтчү Алексей Васильев “Менин ардактуу Якутиям” аттуу сүрөт долбоордун автору. Анын сүрөттөрүнөн ыраакы түндүктүн сыйкырдуу жашоосунун илеби уруп турат. "Мен 2012-2013-жылдары социалдык тармактар пайда болгон учурда сүрөт тарта баштагам. "Инстаграм" эмгектеримди жарыялаган биринчи чыгармачыл платформа болуп калды. Бекерчиликтен чарчаганда сүрөт тартчумун. Ал учурда гезитте иштеп жүргөм, жумушум мага ыракат тартуулачу эмес". "Сүрөт менен алектене баштаганда мыкты, кызыктуу текст жазуунун кажети жок экенин түшүндүм. Читать дальше...

Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши өзүнчө карала турган болду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-декабрда Кой-Таш окуясы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген  ишти кароону улантты.   Жараяндын жүрүшүндө сот прокуратуранын Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Соттун чечими менен Ибраимовдун иши өндүрүштөн өзүнчө бөлүндү.  Азыр Албек Ибраимовдун кайда экени белгисиз. Буга чейин анын жоктугуна байланыштуу сот отуруму бир нече ирет жылган. Читать дальше...

Издөөдө жүргөн экс-мэрдин иши өзүнчө каралат

Azattyk.org 

23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген соттук териштирүүнү карады.

Орусияда активист Юлия Галямина эки жылга шарттуу кесилди

Azattyk.org 

Москвада сот орусиялык оппозициячыл активист жана муниципалдык депутат Юлия Галяминаны эки жылга шарттуу кести. Буга чейин прокурор Галяминаны үч жылга кесүүнү сураган. Активистти коомдук иш-чараларды уюштурууда бир нече жолу эреже бузган деп айыпташкан. Жараян болуп жатканда Юлия Галяминанын ондогон тарапкери акция өткөрүштү. Галяминага карата кылмыш иши быйыл июль айында козголгон. Тергөө комитети активистке Интернетте Конституцияны өзгөртүүгө каршы мыйзамсыз акцияга катышууга чакырган деген айып таккан. Читать дальше...

Израилдин парламенти үчүнчү жолу тарап кетти

Azattyk.org 

Израилдин парламенти - Кнессет 23-декабрда мөөнөтүнөн мурда үчүнчү жолу тарап кетти. Эми өлкөдө эки жылда төртүнчү жолу парламенттик шайлоо өтүшү керек. Кийинки шайлоо 2021-жылдын 23-мартына белгиленди. Израилде 2019-жылдан бери парламентке оңчул жана солчул күчтөрдүн ортосундагы тирештен улам саясий кризис өкүм сүрүүдө. Бири-бирине атаандаш партиялар өкмөттү куроо маселесинде мунаса таппай келет. 2019-жылдын апрель жана сентябрь айларында өткөн шайлоодон соң парламент өкмөт курай алган эмес. Израилдин мыйзамы боюнча... Читать дальше...

Талапкерлердин талашка түшкөн аты

Azattyk.org 

Боршайком ээр-токумчан ат белекке алган талапкерлерлерге эскертүү берди. Ипотекалык насыя алган дарыгерлер жана мугалимдер өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгып, үстөктү төрт пайызга түшүрүүнү талап кылышты. Экс-президенттин дүйнөгө чачылган дүнүйөсү. Журналисттер казак президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын алты өлкөдөгү мүлкүн таап чыгышты.

АКШда коронавируска каршы эмдөө башталды

Azattyk.org 

Британияда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү чыкканына байланыштуу чек араларды жаап, авиакаттамдарды токтотуунун кажети жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо уюму билдирди.

Он бир талапкер жарандык коом менен "Укук жана эркиндик жөнүндө" келишимге кол койду

Azattyk.org 

Бишкекте 23-декабрда президенттик кызматка талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү "Укуктар жана эркиндиктер жөнүндөгү" келишимге кол коюшту. Медиа-сектор, жарандык коомдон турган коалиция менен келишимге кол коюу боюнча жыйынга алдыдагы президенттик шайлоодо ат салышып жаткан 14 талапкер жана алардын өкүлдөрү катышты. Алардын ичинен "он бир талапкер келишимге кол коюп, жарандардын эркиндиги менен укуктарын коргоо боюнча милдеттеме алды" деп айтылат коалиция тараткан маалыматта. Мындан... Читать дальше...

Орусия Колумбиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды

Azattyk.org 

Орус бийлиги Колумбиянын Москвадагы элчилигинин эки кызматкерин «нон грат персонасы» деп жарыялады. Мындай кадамга Кремль Колумбия бийлиги орусиялык эки дипломатын өлкөдөн чыгарган соң барды. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 23-декабрда Колумбиянын элчисин чакырып, өз чечимин жарыялады. Буга чейин расмий Богота орусиялык жарандар дипломатиялык алакалар боюнча Вена конвенциясын бузганы үчүн чыгарылганын түшүндүргөн.  Колумбиянын Миграция кызматынын башчысы Хуан Франсиско Эспиносанын маалыматы боюнча... Читать дальше...

Оор дарт менен алышкан Эсендин үмүтү

Azattyk.org 

23 жаштагы Эсен Максат уулу төрт жылдан бери залалдуу шишик оорусу менен күрөшүп келет. Пандемия күчөп, өлкө карантинге жабылган маалда дарылануусу үзгүлтүккө учурап, абалы оорлоп кеткен. Азыр ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эсендин оорусу сейрек жана оор болгондуктан, ооруну басаңдатуучу дарылар таасир этпей, эң күчтүү дары-дармек талап кылынууда.

Новости России
Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Өзбекстанда Ислам Каримовдун жакын жардамчысы камакка алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун жардамчысы камакка алынды. Улугбек Мирзамухамедовдун камакка алынганын Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү анонимдүү түрдө «Азаттыктын» өзбек кызматына кабарлаган. Ага карата кандай айып коюлганы белгисиз. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Мирзамухамедов ноябрь айында үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн соң камакка алынганын жазып чыгышкан. Анын кошуналары «Азаттыктын» кабарчыларына чынында тинтүү болгонун жана андан соң полиция алып кеткенин ырасташты. Читать дальше...

Абактан куткарган экономикалык мунапыс

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда чукул кабыл алды. Бул Кыргызстанда экономикалык кылмыш боюнча шек саналгандарга жеңилдик берген экинчи документ болуп калды. Парламент «Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 23-декабрда карап экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Анын авторлорунун түшүндүрмөсүнө ылайык, документ бюджетте каражат тартыш болуп турган учурда экономикалык жана салыктык... Читать дальше...

Москвада Навальныйдын командасынын эки мүчөсү жети суткага камалды

Azattyk.org 

Москвада соттун чечими менен Алексей Навальныйдын командасынын эки мүчөсү жети суткага камакка алынды. «Навальный LIVE» каналынын продюсери Ольга Ключникова жана каналдын оператору Аким Керимов Административдик кодекстин негизинде полиция кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна баш ийген эмес деп табылды. Буга чейин Ключникова жана Керимов 21-декабрда кечинде кармалган. Алар Навальныйдын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Любовь Соболь менен бирге канал үчүн түз эфир уюштуу максатында жүрүшкөн. Андан бир... Читать дальше...

Президенттикке талапкерлер «Укуктар жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол коюшту

Azattyk.org 

Бүгүн, 23-декабрда президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлер «Укуктар жана эркиндиктер жөнүндө» келишимге кол коюшту. Иш-чара Бишкектеги мейманканалардын биринин жыйындар залында өттү. Келишимдин долбоорун жарандык коомдун, медиа-сектордун, жергиликтүү жамааттар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү даярдашкан. Ал сөз эркиндигин, демократияны, адамдардын укук жана эркиндик үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган.  Иш-чарада талапкерлер Клара Сооронкулова, Каныбек Иманалиев, Элдар Абакиров, Абдил Сегизбаев... Читать дальше...

Трамп Конгресстин антикризистик планын сынга алды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус пандемиясынан улам 900 миллиард долларлык экономикалык жардам пакетин көрсөтүү боюнча Конгресстин чечимин сындады. 22-декабрда «Твиттерге» жарыяланган видеодо Трамп бул документке вето коёрун ачык айтпаса да, пакетте абдан көп жөнү жок чыгымдар камтылганын жана ал америкалыктарга түз жардам албай турганын билдирди. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы антикризистик чаралардын жаңы пакетин кабыл алган. Ага ылайык, мамлекеттен көпчүлүк америкалыктар бир жолу 600 доллардан жардам алат. Читать дальше...

Футболчу Месси бир клуб үчүн эң көп гол киргизип, рекорд койду

Azattyk.org 

«Барселона» футбол командасынын капитаны Лионел Месси бир клуб үчүн 644 гол киргизип, 46 жылдан бери сакталып келген рекордду жаңыртты. Буга чейин футбол тарыхында өз командасы үчүн эң көп голду бразилиялык атактуу футболчу Пеле киргизген эле. Шейшембиде өткөн «Барселона» менен «Вальядолид» командаларынын беттешинде Месси өз командасы үчүн 644-голун киргизди.  XX кылымдын атактуу футболчусу катары таанылган Пеле «Сантос» клубу үчүн 1956-1974-жылдар аралыгында 659 оюнда 643 топ киргизген. Месси... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?






Ольга Любимова прибыла с рабочим визитом в Королевство Таиланд

В московском парке нашли тело мужчины

Жители Подмосковья смогут зарегистрировать дачи в праздники

Понедельник начинается в субботу. Выпуск 2