Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 02.12.2020

Сурабалдиева жайында бейтаптарга күмөндүү дарылар таратылганын айтты

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында быйыл жай мезгилиндеги пандемия күч алган учурда айрым бейтапканалар алдын ала текшерилбеген дарыларды вируска каршы таратышканын билдирди: "Бишкек шаарындагы бейтапканалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дары-дармектер медициналык мекемелерге берилген? Алардын курамын... Читать дальше...

Крым татар активистин 19 жылга кесүү сунушталды

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын прокуратурасы крым татарларынын ATR телеканалынын кожоюну жана жарым аралдын мурдагы вице-премьери Ленур Ислямовду 19 жылга кесүүнү суранды. Ага мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн, экстремизмге чакырык жасаган, Украинанын түштүгүндөгү электр линиясын бузууну уюштурган деген айып тагылган. Ленур Ислямов өзүнө тагылган айыптарды саясий негизде экенин, Крымдын аннексияланышын тааныбаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. Анын адвокаттары телеканалдын кожоюнуна... Читать дальше...

Конституциялык палата парламентке жан тартты

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы парламент депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп тапты. Мындай чечим Конституциялык палатанын 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Бул иш боюнча арыз берген доогерлер муну "саясий чечим" деп атап, бийлик судьяларга басым кылганын айтып жатышат. Алар Конституциялык палата Кыргызстан мыйзамдуу жолго түшүү үчүн тарыхый чечим кабыл алууну колдон чыгарды деп эсептешет. Конституциялык палатанын... Читать дальше...

Конституциялык палата өз чечимине түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

“Реформа” саясий партиясынын жана юристтердин арызына карата “Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт” деп чыгарган чечимине Жогорку соттун Конституциялык палатасы түшүндүрмө берди. Анда: “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык, чукул кырдаал учурунда буга мыйзам жол берет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып, чукул кырдаал киргизилген. 5-6-октябрдагы башаламандыктар өлкөдө социалдык туруксуздукка алып келди. Читать дальше...

Жээнбеков ачкан паркка байланыштуу иш козголду

Azattyk.org 

Бишкектин «Ынтымак» паркын куруудагы мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу кылмыш иши козголду. Сейил бак шаардын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун тушунда салынып, тасмасын экс-президент Сооронбай Жээнбеков кескен. Ушундан улам сотко чейинки өндүрүштүн ачылышын саясий өңүт менен байланыштыргандар чыкты. Муну катардагы чарбалык иш дегендер да бар. Парктан чыккан иш Борбор калаанын Айтматов проспектиси менен Масалиев-Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ынтымак» паркына байланыштуу алешемдиктерди Башкы прокуратура аныктады. Читать дальше...

Майя Санду Днестр боюндагы чатактын күч менен чечилишине каршы

Azattyk.org 

Молдованын шайланган президенти Майя Санду Днестр боюндагы чатактын күч менен чечилишине каршы. Бул тууралуу ал «Азаттык» менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, абалды жөнгө салыш үчүн Братислава протоколунун алкагында иш жүрүп, саясий диалог болушу керек. Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Днестр бою 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өз эгемендигин жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү деп эсептейт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Читать дальше...

Кытайдын космос зонду Айда топурак үлгүсүн чогулта баштады

Azattyk.org 

Кытайдын «Чанъэ-5» зонду шейшембиде Айга конуп, жандоочунун кыртышын бургулап топурактын үлгүсүн чогулта баштады. Жабдык мурда эч ким барып көрө элек лава өрөөнүнө конду. Зонд эки килограмм материал чогултууга аракеттенип, ал илимпоздорго Айдын пайда болушу жөнүндө көбүрөк маалымат алууга жардам бермекчи. Эми зонд бир нече иш аткарат. Анын ичинде бурголоо жана геологиялык үлгү чогултуу менен алектенет. Кытайдын мамлекеттик желегин орнотот жана учууга даярданат. Пландалган убакытта артка жол тартат. Читать дальше...



Путин армян премьер-министрин колдоого чакырды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн башчыларын Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды колдоого чакырды. Бул тууралуу орус президенти аталган уюмдун 2-декабрдагы онлайн жыйынында билдирди. Ал Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышууну токтотуу боюнча Азербайжан, Армения жана Орусия кол койгон үч тараптуу келишимге комментарий берип жатып, армян премьери мындай жүрөк ооруткан, бирок зарыл болгон кадамга барууга мажбур болгонун айтты. «Жыйынга катышып жаткан ар бир... Читать дальше...

Референдум демилгеси: коомдогу кош пикир

Azattyk.org 

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү сунушталган. Бирок азыр алды менен башкаруу системасын аныктап алуу сунуштары түшүп жатат. Бир катар коомдук ишмерлер жана юристтер тобу Конституцияга байланышкан демилгелердин баары легитимсиз экенин билдирүүдө. Студиянын коноктору Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев, укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, коомдук ишмер Исхак Масалиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Камалган Дыйканбаев, үндөбөгөн «Биримдик»

Azattyk.org 

Курманбек Дыйканбаев шек саналган иш боюнча массалык маалымат каражаттарында жазылган кабарларга «Биримдик» партиясынын негизги талапкерлеринин бири, депутат Төрөбай Зулпукаров жооп берди.

Талант Мамытов Москвага барат

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага расмий иш сапар менен барат. Сапар парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 6-декабрдан 8-декабрга чейин болот. Бул маалыматты президенттик аппараттан да ырасташты. Парламенттин басма сөз кызматы төраганын расмий сапары тууралуу кеңири маалымат 3-декабрда берилерин маалымдады. Талант Мамытовдун Орусияга сапары тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык... Читать дальше...

Британия вакцинаны эмки жумада колдоно баштайт

Azattyk.org 

Британия 2-декабрда алгачкылардан болуп "BioNTech" менен "Pfizer" компанияларынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берди. 1-декабрда Казакстанда туңгуч президенттин күнү белгиленди.Кытай кемеси Айдан кыртыштын үлгүсүн алып келет.

Эт кымбаттаса эл, мал арзандаса фермер нааразы

Azattyk.org 

Өкмөттүн малды сыртка сатууга тыюу салган чечими фермерлер тарабынан сынга алынып, алар чек аранын ачылышын талап кылып жатат. Анткени бодо мал 7-8 миң сомго чейин арзандап кеткени айтылууда. Аткаруу бийлигинин мындай кадамына эттин кымбаттап кетиши себеп болгон. Бир ай мурун 490 сомго сатылып жаткан уйдун сулп эти, азыр 450 сомго чейин түштү.

Путин: Кыргызстанда кырдаал турукташканы кубандырат

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирди. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, «өлкөнүн туруктуулугу үчүн биргелешкен интеграциялык уюмдардагы позициясы маанилүү» деп белгиледи: «Биз Кыргызстандын ички саясий турмушуна тынчсыздануу менен көз салып турдук десем жалпылап айткан болом. Өлкөдө кырдаал турукташып жатканы канааттандырат. Читать дальше...

Конституциялык палата: Парламенттик шайлоону убактылуу токтоткон мыйзам Конституцияга каршы келбейт

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт. Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду: «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» конституциялык мыйзам Конституциянын 2... Читать дальше...

АКШнын башкы прокурору шайлоодо бурмалоо болбогонун билдирди

Azattyk.org 

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр Юстиция министрлиги президенттик добуш берүүнүн жыйынтыгын масштабдуу бурмалоонун далилдерин таппаганын билдирди. Президент Дональд Трамп фальсификацияларга жол берилип, анын жеңишин уурдап алышканын айтып келатат. «Associated Press» агенттигине интервью берип жатып Барр Башкы прокуратура жана Федералдык иликтөө бюросу доо арыздарды, анын ичинде Трамптын «электрондук машинелер шайлоочулардын эркин бурмалаган» деген арызын текшерип жатышканын айтты. Президенттин... Читать дальше...

Конституциялык палата: парламенттик шайлоону токтотуу Баш мыйзамга каршы келбейт

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо белгисиз мөөнөткө токтотулганы жөнүндөгү мыйзам Конституцияга каршы келбейт деп эсептейт. Мындай чечим Конституциялык палатанын бүгүнкү, 2-декабрдагы отурумунда кабыл алынды. Чечимди палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев угузду. Жогорку соттун Конституциялык палатасында бүгүн, 2-декабрда шайлоолор тууралуу мыйзамдын айрым нормаларын токтоткон мыйзам боюнча арыз каралды.   Конституциялык палатага арыз менен «Реформа»... Читать дальше...

Назарбаев өз «майрамында» сынга кабылды

Azattyk.org 

Алматы шаарынын Нурсултан Назарбаев проспектисинде #qazaqkoktemi и #cancelelbasy деген хэштег менен «Бир ысымга 47 миллиард теңге» деген жазуусу бар он метрлик жазуу илинди. Алматы шаарындагы акциянын уюштуруучулары ким экени белгисиз. Бирок оппозициялык «Rukh2k19» тобу «Инстаграмдагы» баракчасына казак бийлиги коомчулук менен эсептешпей туруп, өлкөнүн баш калаасынын атын өзгөрткөнүн, негизги көчөлөргө да туңгуч президенттин ысымы коюлганын айыптаган билдирүү жазды. «2019-жылдын 23-мартында Казакстандын өкмөтү элдин пикирин эске албай... Читать дальше...

Новости России
Москва

Российские ученые первыми создали средство, способное вылечить болезнь Бехтерева


COVID-19: Сурабалдиева саламаттык сактоо министрлиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикаоык штабдын кезектеги жыйынында гуманитардык жардам тууралуу отчет берүүгө байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Сурабалдиева мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчет берүү тапшырмасы берилгени менен ал аткарылбаганын айтып жетекчилерди сынга алган. Читать дальше...

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов ЖККУнун онлайн жыйынына катышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийлиги 10-январга белгиленген президенттик шайлоону таза жана атаандаштык негизде өткөрүү үчүн бардык аракетин жумшайт, себеби бул өнөктүк өлкөдөгү абалды мындан ары турукташтыруу үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов 2-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) видеоконференция форматында өткөн жыйынында билдирди. Мамытов азыр Кыргызстанда коомдук-саясий абал туруктуу экенин белгилеп, өлкө... Читать дальше...

Британия вируска каршы вакцинаны биринчи алат

Azattyk.org 

Лондон жапырт эмдөөнү келерки аптадан тартып баштаганы жатат. Британия коронвирустан көп жабыркаган мамлекеттердин бири. Британия германиялык «BioNTech» компаниясы америкалык өнөктөшү «Pfizer» менен чогуу жасаган вакцинаны колдонууга Европа Биримдиги менен АКШдан озунуп макул болду. «Pfizer» компаниясынын башкы директору Альберт Бурла мындай чечимди «тарыхый учур» катары сыпаттады. Ал тараткан билдирүүдө «Биз дүйнө жүзүнө жогорку сапаттагы вакцинаны чукул арада коопсуз камсыздоого умтулабыз», деп айтылат. Читать дальше...

Германия: Триер шаарындагы окуянын террорчулукка тиешеси жок

Azattyk.org 

Германиянын Триер шаарында төрт адамдын өмүрүн алган окуяда терроризмдин изи жок. Бул тууралуу Триер шаарынын прокурору Питер Фрицен билдирди. Анын айтымында, кылмыштын артында саясий же диний жүйө жок экени аныкталды. Германияда кеминде төрт кишинин өлүмүнө себепкер болгон айдоочу машинесин мас абалда айдап бараткан. Өлгөндөрдүн арасында тогуз айлык ымыркай да бар болчу. Дагы 15тей киши жабыркады. Полиция 51 жаштагы шектүү адам элди атайын тебелетип кеткенин маалымдаган. Ноябрдын башында Германиянын... Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте тойканалардын иши боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда

Azattyk.org 

Бишкекте кафе-ресторандардын ишине байланыштуу мурда киргизилген чектөөлөр алынып, тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Бул тууралуу 2-декабрда шаардык кеңештин сессиясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди: «Эки күн мурун кол койдум. Тойканалар боюнча жаңы алгоритм иштелип чыгууда. Ашканасы кандай болушу керек, тейлөөчү кызматкерлерге кандай талап коюлушу зарыл, ПЦР-анализ канча күндө бир алынып турушу керек деген нерселер тууралуу. Кафе-ресторандардан, супермаркеттерден... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?






Сублимированная клубника, микрозелень и кедровые орешки: стартапы от молодых предпринимателей Красноярского края

Мендес: «Нужно быть реалистами - РПЛ отдаляется от ЦСКА»

Мужчины начала в два раза чаще делать покупки на маркетплейсах

Певица Анастасия Стоцкая появилась на публике в откровенном наряде